Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

КТРКнын макамы өзгөрөбү? (лонгрид)

КТРКнын макамы өзгөрөбү? (лонгрид)

КРдын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкөнүн башкы каналын коомдук макамынан ажыратууну демилгелеп, мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.

Мындай кадамдар сөз эркиндигине, демократиялык баалуулуктарга кандай таасир эте тургандыгына сарасеп салабыз.

Алгач Кыргызстандын негизги каналынын тарыхына, басып өткөн жолуна токтололу.

Өлкөнүн туңгуч телерадиоканалы

Кыргызстандын башкы телеканалы мындан 63 жыл мурун 1958-жылы Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин алдындагы Радио жана телеберүү боюнча мамлекеттик комитети болуп түзүлгөн. Ошондон тарта Фрунзе телестудиясы өз ишин баштап, элди маалымат менен камсыздап келген. Союз учурунда азыркы КТРКнын имараты, телестудиялар курулуп ишке берилген.

Убакыттын өтүшү менен эфирдик убактысын, көрсөтүүлөрүн көбөйтүп республиканын көпчүлүк бөлүгүндө жеткиликтүү болуп калган. Ал жылдары комитетти эң узак Асамбек Токомбаев 21 жыл жетектеген. Бул убакыт аралыгында телеканал толук маалыматтык телерадио комитетке айланган. Мекеме ал учурга мүнөздүү советтик саясатты, идеологияны жигердүү жүргүзгөн.

 

Мамлекеттик,

улуттук,

мамлекеттик…

 

 

 

Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин “мамлекеттик телерадио агенттиги”, кайра “мамлекеттик телерадио комитети”, “мамлекеттик телерадио корпорациясы”, “улуттук телерадио корпорациясы” болуп бир нече жолу өзгөртүлгөн

Көз карандысыздык жылдарында КТРКнын ичинде студия, бирикме, редакция, радиолор ачылган. 2000-жылдан кийин да КТРКнын макамы кайра-кайра өзгөртүлүп, 2010-жылы коомдук телеканал аталган.

Эл көксөгөн коомдук канал

КТРКны коомдук телеканал кылуу талаптары Аскар Акаевдин президенттиги учурунда эле коюла башталган. Эл бийликтегилердин эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген, калыс, так маалыматтар менен камсыз кылган телеканалды көксөп келген. Бирок Коомдук каналды түзүүнүн биринчи аракеттери элдин талабы боюнча 2005-жылдагы марттагы окуялардан кийин бийликке К.Бакиев келгенде башталды.

Журналист Бакыт Орунбеков КТРКнын алдындагы биринчи байкоочу кеңештин мүчөсү болгон. Бирок да ал байкоочу кеңеш түзүлгөндө эле бийликтин таасири боло баштаганын айтат. Себеби, өздөрүнө жаккан кишини байкоочу кеңештин төрагалыгына дайындоо аракети болгон.

Бакыт Орунбеков

b_orunbek

“Бизде төраганы шайлоо деген маселе чыкты. Байкоочу кеңештин 15 мүчөсү кайра байкоочу кеңештин төрагасын шайламакпыз. Ошол жерден эле оюндар башталып, шайлоо болоруна бир күн калганда мага байкоочу кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү келип жолугуп, “сени төрагалыкка көрсөтөлү, сен макул бол” деп мени көндүрүп кетишкен. Мен макул болгом, анан эртеси мени жана башка талапкерлерди да көрсөтүшкөн. Ошондо бийлик тараптан көрсөтүлгөн талапкер мага келип “сен бирөөлөр менен кеңештиңби, макулдаштыңбы?” деп сурады. Мен “макулдашкан жокмун” дедим. Добуш берүү болуп, эч кимибиз жетиштүү добуш ала албай калдык. Биринчи, экинчи орун алган экөөбүздү экинчи турга чыгарды. Кимге канча добуш берилери дайын болуп калгандан кийин бир-эки мүчө добуш берүүгө катышпай кетип калыптыр. Бийлик өзү көрсөткөн киши өтпөй калат деген коркунуч болуп, добуш берүүгө кийлигишкен”.

Ошентип байкоочу кеңештин мүчөлөрү жыйындарга катышпай, кворум жок болуп туруп алган. Жыйынтыгында ал курам тарап кеткен. Б.Орунбековдин пикиринде, бийликке жаңы келгендер КТРКны колдон чыгаргысы келген эмес.

Элдин коомдук телеканал тууралуу талабын аткарымыш болуп бийлик “Ош-3000” телекомпаниясынын негизинде “ЭлТР” телекомпаниясын түзүп, ага коомдук макамды берген. Бирок бул телекомпанияны накта коомдук деп атоого болбойт эле, анткени байкоочу кеңештин курамы толугу менен бийлик тараптан гана дайындалып, анын мүчөлөрү телекомпаниянын жетекчилигин өзү шайлап, өзү иштен алалган эмес.

Ыңкылаптан кийинки экинчи аракет

2010-жылдагы апрель окуяларынан соң убактылуу өкмөт 15 адамдан турган байкоочу кеңештин курамын өзүнүн декрети менен бекиткен. Кеңеш КТРКнын башчылыгына Кубат Оторбаевди шайлаган. 2011-жылы “Коомдук телерадиоберүү корпорациясы” жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Анда КТРК коомдук телерадиоберүү статусу бар мамлекеттик телерадиоберүү уюму жана анын курамына кирген уюмдар, ишканалар менен бөлүмдөрү менчиктештирүүгө жатпайт делет. Ошондой эле, ал телерадио продукцияларын эркин, көз карандысыз, чектөөлөрсүз чыгара алат деп көрсөтүлгөн.

Ошол эле маалда телеканалга маалыматтык коопсуздукту жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого көмөк көрсөткөн маалымат саясатын ишке ашыруу, мамлекеттик бийлик бутактарынын ишин бирдей деңгээлде чагылдыруу милдеги жүктөлгөн.

2010-жылдагы окуялардан кийин Убактылуу өкмөт КТКРны коомдук канал деп жарыялаган учурда Жыргалбек Касаболотов байкоочу кеңештин мүчөсү болгон.

Жыргалбек Касаболотов

j_kasabolot

“Ал кездеги байкоочу кеңеш бир топ иштерди жасады, ошол кездеги жобосун өткөрдү, биринчи директорду шайлады, КТРКга түшкөн арыздарды карап, ошолор боюнча чечим кабыл алып жатты. Менеджменттин бир топ маселелерин чечкенге аракет кылды, айтор, ошол убакта КТРКнын ишинде Байкоочу кеңештин иши бир топ экени кадимкидей эле көрүнүп калган. Мен жеке бир ишти айтып берейин. Мурунку инерция боюнча ошол кезде Камчыбек Ташиевге сын айтылып, ага сөз берилбей калган экен, ошол нерсени көтөрүп, Ташиевге дагы сөз берилиши керек деп айтып бердиргенбиз. Ушундай учурлар көп болгон. Кийин бара-бара КТРК кимдин колунда каражат болсо ошого көз каранды болуп көптөгөн маселелер чечилбей калды. Жобо менен эле байкоочу кеңеш шайланган, азыр мыйзам кабыл алынды мурунку курамдагы байкоочу кеңештин кереги жок деген негизде бизди таратышты. Андан соң бара-бара байкоочу кеңештин ролу, таасири алсырай берди”.

Баркы кеткен байкоочу кеңеш

Учурда коомдук телерадиоберүү корпорациясын байкоочу кеңеш менен башкы директор башкарат. Байкоочу кеңеш — бул коллегиялуу орган. Анын мүчөлөрү беш жылга Жогорку Кеңеш тарабынын шайланып, анын курамына 15 адам кирет. Бешөө президенттин, бешөө Жогорку Кеңештин, калганы жарандык коомдун өкүлдөрү. Алар жылына жок дегенде төрт жолу жыйын өткөрүп, ар жылдын 30-марттына чейин башкы директордун отчетун угат. Телеканалдын ишин, редакциялык саясатын, киреше-чыгашасын көзмөлдөп, зарыл болгон учурда башкы директорду кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуп, анын ордуна жаңы жетекчини конкурстук негизде шайлоого укуктуу.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү

2005-жылдагы элдик толкундоолордон кийин КТРКны коомдук кылуу жана байкоочу кеңешин шайлоо каралган.

Бирок түрдүү саясий оюндардан айынан ал аракеттер соңуна чыкпай, кеңештин мүчөлөру тарап кеткен.

2010-жылды апрелдеги окуялардан соң кайра байкоочу кеңешин шайлоо демилгеси колдоо тапкан.

Эльвира Сариева, төрайымы,

Болот Алимбаев,

Нурлан Асанбеков,

Жылдыз Бакашова,

Елена Воронина,

Жыргалбек Касаболотов,

Канат Керезбеков,

Шамарал Майчиев,

Кадыр Өмүркулов,

Жедигер Саалаев,

Данияр Садиев,

Нургүл Абдыкеримова,

Зауре Сыдыкова,

Бегаим Үсөнова,

Нургүл Шаршембиева

Фархад Бекманбетов, төрагасы,

Илим Карыпбеков,

Вячеслав Гончаров,

Мыктыбек Арстанбек,

Эрнест Абдыжапаров,

Тамара Жаманбаева,

Жылдыз Бакашова,

Сабырбек Мукамбетов,

Тынчтыкбек Чоротегин,

Анатай Өмүрканов,

Абды Сатаров,

Игорь Шестаков,

Жеңишгүл Өзүбекова,

Ирина Абдрахманова,

Калыйбек Асылбашов

Жылдыз Бакашова, төрайымы,

Вячеслав Гончаров,

Мыктыбек Арстанбек,

Бүбүкан Досалиева,

Тамара Жаманбаева,

Эрнест Абдыжапаров,

Сабырбек Мукамбетов,

Тынчтыкбек Чоротегин,

Анатай Өмүрканов,

Абды Сатаров,

Игорь Шестаков,

Жеңишгүл Өзүбекова,

Ирина Абдрахманова,

Абдыганы Халилов,

Тимур Алхожоев

Жыпар Жекшеев, төрагасы

Жылдыз Бакашова,

Анаш Кадырова,

Игорь Шестаков,

Азамат Болгонбаев,

Айбек Карымов,

Чолпон Турдалиева,

Айгүл Жунушалиева,

Сыягүл Караман,

Нурия Айдабасунова,

Кубат Болотканов,

Жылдызбек Керимбаев,

Тимур Алхожоев,

Жылдыз Ниязова,

Алтын Асанова

Азамат Болгонбаев, төрагасы

Жылдыз Бакашова,

Анаш Кадырова,

Игорь Шестаков,

Айбек Карымов,

Чолпон Турдалиева,

Сыягүл Караман,

Нурия Айдабасунова,

Кубат Болотканов,

Жылдызбек Керимбаев,

Атыркүл Сарыбаева,

Тимур Алхожоев,

Жылдыз Ниязова,

Алтын Асанова,

Шайырбек Абдрахман уулу

Кубат Болотканов, төрагасы,

Азамат Болгонбаев,

Анаш Кадырова,

Игорь Шестаков,

Айбек Карымов,

Чолпон Турдалиева,

Сыягүл Караман,

Нурия Айдабасунова,

Жылдызбек Керимбаев,

Атыркүл Сарыбаева,

Тимур Алхожоев,

Жылдыз Ниязова,

Алтын Асанова

Өлкөнүн башкы каналы иш жүзүндө өкмөттүн, түрдүү саясий күчтөрдүн куралына айланбай ак ниет редакциялык саясат жүргүзүп, обого чыккан уктуруу, көрсөтүүлөр телеканалдын көз карашын же пикирин билдирбеши керек.

Апрель окуяларынан кийин Коомдук телерадиоберүү корпорациясын төрт жылдай жетектеген Кубат Оторбаев ал башкы директор болуп иштеп турган жылдары кеңештин айрым мүчөлөрү ага басым кылганын жашырбайт.

Кубат Оторбаев

k_otorbaev

“Байкоочу кеңеш каналды башкарууну бир гана адамга бербей, жамааттык башкарууну камсыздашы керек. Бирок байкоочу кеңеш андай боло алган жок. Алардын бешөөнү парламент, бешөөнү жарандык коом, бешөөнү президент сунуштайт эле. Ошол бешөөнү президент сунуш кылсын дегенде эле бизде тетири жагына кетти. Мен иштеп жаткандагы Байкоочу кеңештин мага жардам берген учуру болду. Ошол эле кезде Ак үй түздөн түз басым кылгандан тышкары байкоочу кеңештин ролун толук түшүнбөгөн адамдар ал аркылуу мага басым жасап жатты. Кээде программалардын мазмунун караган көркөм кеңештин милдетин байкоочу кеңеш алып алчу. Ошого чейин кийлигишип кетчү”.

Журналист Бакыт Орунбеков дагы 2010-2013-жылдар аралыгында КТРК коомдук канал болгонго умтулган деген ойдо. Бирок бийликке келген президенттер бийлигин күчтөп алгандан кийин эски жолуна кайтканын сөз кылат.

Бакыт Орунбеков

b_orunbek

“2010-2013-жылдардын аралыгында коомдук телеканал болгонго умтулушту. Ал учурда Атамбаев бийликке келген, бирок бийлигин бекемдеп алгандан кийин эски жолоюна түштү. КТРКны коомдук телеканал кылуу идеясы, реформасы ишке ашкан жок. Бул реформа жылган жок, мыйзам иштей алган жок. Байкоочулар кеңешинин төрагасын шайлоо ак үйдүн катышуусу менен алар каалаган гана киши төрага болуп келе жатат. 15 мүчөнүн бешөөнү парламент, бешөөнү президент сунуштайт. 10 киши менен бийлик каалаган кишисин алып келип алууга толук мүмкүнүлүгү бар”.

Медиаэксперт Эльмира Токтогулованын пикиринде, КТРК элдин үмүтүн, өзүнүн вазийпасын аткара алган жок.

Эльмира Токтогулова

e_toktogulova

“Коомдук телерадиоберүүнүн негизги принциптеринин бири – элге кызмат көрсөтүү, бийликтен көз карандысыз редакциялык саясат жүргүзүү. Бирок бул талаптар сакталбай келет. Телеканал президенттин аппараты тарабынан басымда болуп, бийликтин оппоненттерин каралап, маалыматтык “киллер” кызматын аткарып келет. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай мекемелер коомдук телерадиоберүү делбейт”.

Жыргалбек Касаболотов дагы КТРК мамлекеттик кызыкчылыкты эмес, мамлекет башындагылардын кызыкчылыгын коргоп калгандыктан коомчулуктун сынына кабылды деген пикирде.

Жыргалбек Касаболотов

j_kasabolot

“КТРК чындыгында мамлекеттин кызыкчылыгын көп жылдар бою көздөгөн эмес. Себеби, мамлекеттин башындагы адамдардын кызыкчылыгы менен мамлекеттин кызыкчылыгы таптакыр эки башка нерсе. Эгерде мамлекеттин кызыкчылыгын, кеңири түшүнүгүндө, коргоп келген болсо, анда жакшы болмок. Негизи, мамлекет башындагылардын кызыкчылыгын коргогону үчүн коом тарабынан сынга кабылып келди”.

Бийликтин жаңы демилгеси

Учурдагы бийлик берген сунуштарга ылайык, КТРК кайрадан мамлекеттик болуп, байкоочу кеңеш жоюлат.

2021-жылы 23-октябрда өткөн маалымат жыйынында КР Президенти журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, телеканалдын Байкоочу кеңеши коюлган максат-милдеттерди аткара албай жатканын айткан.

“КТРКнын Байкоочу кеңеши деген 15 адамдан турган топтун кызыкчылыгына иштейт. Мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынбай эле ошол адамдардын кызыкчылыгын карап калган. КТРКнын башчысы болуш үчүн ошол сегизи менен сүйлөшөт. Жеке кызыкчылыктар үчүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттин идеологиясын көргөзүп, социалдык программаларды чыгарып турушу керек. Ошондуктан, реформа кылабыз деген планыбыз бар. Муну жашырбайбыз”, – деди КР Президенти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулунун айтымында, макамы өзгөрүлө турган телеканал негизинен мамлекеттик идеологияны жүргүзөт.

Чыңгыз Эсенгул уулу

ch_esengul_uulu

“Башында КТРК коомдук болсун десек, ал коомдук уюмдар, жарандар тарабынан каржыланышы керек болчу. Бирок, тилекке каршы, андай болгон жок. Ал республикалык бюджеттен жана жарнамадан түшкөн акча менен каржыланып жатат. Азыр телекомпания киреше таппай эле чыгашада. Буларды эске алып, анын макамын өзгөртүү, кайра уюштуруу демилгеси көтөрүлүп жатат. Өзгөртүүлөрдөн кийин башкы директорду президент дайындайт, байкоочу кеңеш жоюлат жана көз карандысыз редакциялык саясат жүргүзөлөт. КТРК мамлекеттик идеологияны алдыга жылдырат. Себеби мамлекеттик саясатты бирөө жүргүзүшү керек болуп жатат”.

Өнүккөн өлкөлөрдө негизинен коомдук каналдар түрдүү формада иштейт. Бири элден чогулган акча менен өз ишмердүүлүгүн жүргүзсө, дагы бири мамлекет тарабынан каржыланып, көз карандысыз редакциялык саясатка ээ. Ички, тышкы чарбалык, редакциялык иштерине коомдун өкүлдөрү баш-көз болот.

Тобокелчиликтер жана кесепеттер

К.Оторбаев КТРКны коомдук макамынан ажыратуу телеканалды чабал маалымат каражатына айландырат деген пикирде.

Кубат Оторбаев

k_otorbaev

“Коомдук телеканалдан айрылуу Кыргызстанда сөз эркиндигине түздөн-түз терс таасирин тийгизет. Коомдук телеканал демократиялык ачык, эркин коомдогу негизги сөз эркиндигин камсыздай турчу инструменттердин бири. КТРКны коомдук телеканал макамынан ажыратуу анын канатын кыркып, чабал маалымат каражатына айландырат. Ошондуктан бул терс жыйынтыктарга алып келет”.

Жарандык демилгелер” коомдук фондунун жетекчиси, эксперт Динара Ошурахунова, эгер КТРК мамлекеттик болсо, кайра аны коомдук кылуу кыйын боло турганын айтат.

Динара Ошурахунова

d_oshurahunova

“Мамлекет КТРК коомдук деп анын андан ары өнүгүшүнө жардам бербей туруп эле кайра өзүнүн карамагына кайтарып алгысы келип жатат. Эл телеканалдын коомдук деген макамын сезгенге да үлгүрбөй калды. Азыр аны мамлекеттин карамагына өткөрүү жеңил эле. Ал эми кайра коомдук кылуу өтө оор болот”.

Жыргалбек Касаболотов КТРК коомдук телеканал макамынан ажыратылган күндө деле мурдагыдай маалымат айдыңында монополист боло албай турганын айтат. Себеби, азыр маалымат берүүчүлөр өтө көп, социалдык тармак кээ бир учурда ЖМКнын ролун дагы артка калтырды. Элдин салыгынан каржыланып жаткан телеканал кимдердин көз карашын чагылдырышы керек деген маселе сөзсүз чечилиши керектигин белгилейт.

Жыргалбек Касаболотов

j_kasabolot

“Башка кеп, деги эле элдин акчасына жашап жаткан канал кимдердин көз карашын чагылдырыш керек, кандай болуш керек деген маселе чечилиши керек. Себеби, президент, премьер-министрлер өз чөнтөгүнөн төлөп жаткан жок да. Бул мамлекеттин бюджетинен кетип жатат, башкача айтканда, элдин салыгынан. Элдин салыганын каржыланып жаткандан кийин элдин жалпы кызыкчылыгын маалыматтык жактан, маданий жана башка жактан канааттандырууга милдеттүү”.

Журналист Бакыт Орунбеков КТРКны мурдагыдай улуттук же мамлекеттик кылып, бийликтин кол алдына алып келүү, демократиядан тайыгандыктын бир көрсөткүчү, көрүнүшү экенин айтат.

Бакыт Орунбеков

b_orunbek

“Дүйнөдө демократиялык принциптерге умтулган мамлекеттер көп. Демократиялык принциптердин негизгилери эмнелер? Сөздүн, ойдун, пикирдин эркин айтылышы, таркатылышы да. Сөздүн эркин айтылышына мүмкүнчүлүк жок болсо, анда ал өлкөнү демократиялык деп атай албайсың. Евробиримдикке кирген 28 мамлекеттин биринде дагы мамлекеттик телерадиокомпания жок. Америкада мамлекеттик телерадиокомпания жок. Аларда коомдук пикир ар тараптуу берилип жатат”.

Азамат Болгонбаев үч Байкоочу кеңештин курамында иштеген. Анын пикиринде, КТРКнын Байкоочу кеңеши мыйзамда жазылгандай өз милдетин толук аткара албай калды.

Азамат Болгонбаев

a_bolgonbaev

“Коомдук макамды калтырып, аны эркин кое берсе жакшы болмок. Бирок ал үчүн көп нерсе өзгөртүү зарыл. Мисалы, каржылоо өзгөрүп, КТРКдагы иштер эл аралык стандарттардын негизинде жүрүшү керек. Антпесе байкоочу кеңеш формалдуу гана коомдук болуп калат”.

КТРК учурда

Азыркы маалда КТРКнын карамагында алты телеканал:”КТРК”, “Ала-Тоо 24”, “Музыка”, “Маданият-Тарых-Тил”, “Баластан”, “КТРК Спорт”; үч радио: “Биринчи радио”, “Миң кыял FM”, “Кыргыз радиосу” бар жана республикалык радиотеле борбор, “Кыргызтелефильм” студиясы да иштейт.

Учурда КТРКда 750дөн ашык кызматкер эмгектенет. Мекеме 2020-жылы республикалык бюджеттен 371 миллион 296 миң сомго каржыланган. Ал акча каражаттарынынын 68 пайызы кызматкерлердин айлыгына, техникалык кызматтарга сарпталган. Андан сырткары, жарнама жана гранттар менен күн көрөт. Өткөн жылы телеканал жарнамадан эле 150 миллион сомго жакын киреше тапкан.

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Окшош посттор