Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Коомдук тармактардан маалымат алган адамдар саясат жана коронавирус тууралуу аз кабардар жана көбүнчө жалган маалыматты алуусу ыктымал

Коомдук тармактардан маалымат алган адамдар саясат жана коронавирус тууралуу аз кабардар жана көбүнчө жалган маалыматты алуусу ыктымал

2020-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоо алдында Pew Research Center изилдөө борборунун жаңы отчету жаңылыктарды көбүнчө коомдук тармактардан алган адамдар үчүн жаңылыктарды керектөө кандай абалда экендиги тууралуу маалымат берет.

Pew Research Center изилдөө борборунун айтымында, жаңылыктарды алуу үчүн негизинен коомдук тармактарга таянган америкалыктар саясат жана коронавирус пандемиясы жөнүндө азыраак кабардар жана көп аралашпайт. АКШнын жашы жеткен калкынын он сегиз пайызы “негизинен” саясат жана шайлоо тууралуу жаңылыктарды коомдук тармактардан алышат, ал эми 25% жаңылыктар сайттарын жана тиркемелерди колдонот. Алардын 3% гана жогорудагы маалыматты негизинен басма сөз басылмаларынан ала тургандыгын билдиришкен.

Pew 2019-жылдын октябрь айынан тартып 2020-жылдын июнь айына чейин жаңылыктарды керектөө адаты адамдардын жаңылыктарды угуп кабыл алуусуна кандай таасир тийгизерин изилдеген American News Pathways борборунун долбоорунун алкагында беш сурамжылоонун жардамы менен изилдөө жүргүзгөн. Мунун натыйжасында жаңылыктарды алуу үчүн коомдук тармактарды пайдаланган адамдар жаштар экендиги (48 пайызы 18 жаштан 29 жашка чейин болгон), алар ак түстөгү адам болорунун ыктымалдыгы төмөн экендиги, жана эреже катары үй-бүлөлүк кирешеси төмөн жана билим деңгээли төмөн адамдар экендиги аныкталган. Бирок Pew борборунун пикиринде, акыркы көрсөткүч алардын жаш куракта болгондугу менен байланыштуу болушу мүмкүн.

“Ушул жылдын июнь айынын башына карата саясий маалыматтын көпчүлүк бөлүгүн коомдук тармактардан алган АКШдагы жашы жеткен калктын 8 пайызы гана 2020-жылдагы шайлоо жөнүндө жаңылыктарга абдан кунт коюп көңүл бурарын билдиришкен. Бул көрсөткүч жаңылыктарды кабелдик телеберүүдөн (37%) жана басма сөздөн (33%) алгандарга салыштырмалуу төрт эсе көп”, – экендиги айтылат. Ушул эле топтун коронавирус жөнүндө жаңылыктарга кунт коюп байкоо жүргүзүү ыктымалдыгы төмөн (23%). Pew ким “кабардар” экендигин төмөндөгүчө аныктаган:

Изилдөөнүн тогуз айында беш ар түрдүү сурамжылоо учурунда респонденттерге фактыларга негизделген 29 ар түрдүү суроо берилген, жана ал суроолоор экономикадан тартып COVID-19 вирусунун таралышына байланыштуу Дональд Трамптын импичментине чейинки маселелерге байланышкан ар кандай темаларды камтыган. (Толук маалымат үчүн тиркемени кароо керек). Ушул 29 суроо боюнча ар бир суроого туура жооп берген адамдардын орточо бөлүгү саясий жаңылыктарды алууда жергиликтүү телеберүүдөн тышкаркы башка маалымат булактарына таянган америкалыктарга салыштырмалуу көбүнчө коомдук тармактарга таянгандар арасында төмөн.

Башка жыйынтыктар төмөнкүлөрдү өз ичине камтыйт:

  • Коомдук тармактардагы жаңылыктарды окугандар башкаларга караганда коронавирус пандемиясына байланыштуу ойдон чыгарылган жаңылыктарды көп жолуктурарын билдиришкен (68%).
  • Коомдук тармактардагы жаңылыктарды окугандардын 81% пандемия атайын уюштурулган деген кутум теориясы жөнүндө бир аз болсо да уккан.
  • Коомдук тармактардагы жаңылыктарды окугандардын үчтөн бир бөлүгү гана (37%) 2020-жылдагы шайлоого туура эмес маалыматтын таасири этишине “абдан кабатыр” болушат.

Отчет толугу менен бул жерде.

Hanaa’ Tameez, NiemanLab,
Макаланын түп нускасы бул жерде

Окшош посттор