Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Бакыт Орунбеков, Кыргыз Туусу гезитинин башкы редактору: «Журналист мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жоопкерчилигин сезиш керек»

Бакыт Орунбеков, Кыргыз Туусу гезитинин башкы редактору:  «Журналист мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жоопкерчилигин сезиш керек»

– Бакыт мырза, «Ак кеме» мейманканасында өткөн журналисттердин жыйынында сиз «журналисттер Кыргыз мамлекетин бөлүп-жарып талкалап жатышат» деп айтыптырсыз.  Сиз бул сөздү кандай мааниде айтканыңызды билсек болобу? Бул сөздү сизге Ак үй тарап айттырып жатат деген журналисттердин пикирине кандай карайсыз?

-Мен адам, журналист катары өз оюмду, пикиримди айтканга укугум бар жана мени эч ким – Ак үй да, Көк үй да айт деп коркута же сурана албайт. Ал конференцияда жети айдан бери жүргүзүлүп жаткан мониторингдин жыйынтыгынын негизинде айттым. Мониторнигде — эксперт катары катышып, ошол гезиттердин баарын карап, окуп, талдап көрдүм. Мониторинг учурунда гезиттердеги мыйзамдардын сакталышы, журналисттердин этикалык кодексин бузган жагдайлар бар экендигин байкадык. Кыргыз тилдүү же орус тилдүү эмес, жалпы журналисттер мамлекетти бөлүп-жарууга өздөрүнүн салымын кошуп жатышат дедим. Мен баарын 5 топко бөлүп конференцияда төмөндөгүчө сүйлөгөм:

1.Биздин журналистттердин макалаларында Кыргызстан менен өнөктөш болуп жаткан мамлекеттерге тиешелүү далилденбеген макалалар көп кетип жатат. Кыргызстан менен Өзбекстан Казакстан, Кытай, Түркия, Америка мамлекеттеринин ортосундагы мамилелерге доо кетире турган макалалар көп жарыяланууда.

2. Кыргызстанда жалгыз эле кыргыз эли жашагансып башка улуттарды көрө албаган, алардын бар экендигин, алар да биздин мекендеш экенин сезбеген маалыматтар жарык көрүүдө. Журналисттер улуттар аралык мамилеге өтө аяр болуусу керек.

3. Бизде түндүк-түштүк деген маселе бар. Буга дагы журналисттер өтө олдоксон, журналистикалык этикадан сырт мамиле кылып жатышат. Түндүк менен түштүктүн ортосуна балта чаба турган айрым фактыларды айтып, жазып атышат. Журналист бирөөнү менин жердешим, кулунум, тукумум ал ошол аймакта кыйын дегендей апырткан сөздөр көп айтылып жатат. Этикалык эрежелерди сактабаган учурлар өтө көп.

4. Журналисттер парламентте олтурган беш партияга же лидерине кызмат кылып, ошолордун сөзүн сүйлөгөн, камчысын чапкан, анын лидерине кызмат кылган фактылар көп болууда.

5. Журналисттердин өздөрүнүн арасында да бөлүнүп жарылуулук көп. Журналисттик шериктештик, кызматташтык деген жок. Алар дагы саясий өңүттө бийлик жана оппозиция болуп бөлүнүп калган. Маалыматтын чындыгына, тактыгына кызмат кылбай, саясий лидерлердин камчысын чаап, анын аркасы менен эки тарап каршылашкан учурлар болуп жатат. Кыргызстанда орус жана кыргыз тилдүү деп журналисттер бөлүнө баштады. Мындай жагдайлар жалпы кыргыз журналистикасынын беделине шек келтирип жатат. Келгиле, Кыргызстандын журналисттери мамлекеттин бүтүндүгү, биримдиги үчүн кызмат кылалы эле дегем. Болгону ушул. Менин сөзүмдөн таптакыр башка нерсе издеп эч убара болбой эле койсун. Ак үйдүн жетегине, тилине кирип, алардын айтканын кылган эмесмин. Мындан ары да болбойт. Эң негизгиси журналист дагы мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жоопкерчилигин сезиш керек.

-Басма сөз эркиндигин ооздуктоо боюнча башкы Прокурор А. Салянова катуу кирише баштады көрүнөт. Дүйнөлүк коомчулукта «демократиянын аралчасы» болгон Кыргызстандын аброю кетет дегендик эмеспи? 

-Ар бир журналистпи, мамлекеттик ишмерби, дыйканбы, айдоочубу эгерде мыйзамды бузса, жооп берсин. Мисалы мен журналист катары мыйзамды бузсам жооп берейин, депутат дагы жооп берсин. Прокурор Аида Салянова мыйзамды бузганыбызды далилдеп берсин. «Мыйзамды бузуп жатышат, четинен камайм» дегени туура эмес. Биз андай жөн эле коркутуулардан өтүп кеткенбиз.

  Даярдаган Баян Кулова

Булак: http://ordo.in.kg

Окшош посттор