Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Эколог-журналисттер көбөйсө, айлана-чөйрө корголот

Эколог-журналисттер көбөйсө, айлана-чөйрө корголот

Дүйнөдөгү айлана-чөйрөнүн корголушу, айлана-чөйрөнү коргоо жана ага туура кам көрүү багытында бардык өлкөлөрдүн иши ар эки жыл сайын Экологиялык эффективдүүлүк индекси аркылуу бааланып турат. Индекс экология жана курчап турган айлана-чөйрө, табигый ресурстарын туура пайдалануу жана бул багытта туура саясат жүргүзүү, экосистеманын, курчап турган айлана-чөйрөнүн абалын жана бул багыттагы бир канча жагдайды эске алып, 11 категория боюнча баалайт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен чыккан индекстин эң акыркысы 2020-жылдын июнь айында жарыяланып, анда Кыргызстан 105-орунга жайгашкан. Табиятын, жаратылышын көзгө басар тармак катары көрсөтүп жүргөн өлкө үчүн бул көрсөткүч жакшы эмес. Буга себеп катары бир катар факторлорду саноого болот. Алардын ичинен коомчулукка табиятка аяр мамиле жасоону пропагандалоо, түшүндүрүү иштери, ток этерин айтканда экологиялык журналистиканын артта калганынын да “салымы” чоң.

Экология боюнча өлкөлөрдүн 2020-жылдагы рейтингде Кыргызстандын жайгашкан орду

Кыргызстанда бир эле экологиялык эмес, тармакташкан журналистика жок

Ар жылы кыш мезгилинде Бишкектин асманын кара түтүн каптап, бул көйгөй бардык медианын көңүл чордонунда болот. Ушул көрүнүш быйыл да кайталанып, күн жылыган соң көз жаздымда кала баштады.

Кыргызстанда журналисттер көп талкуулаган негизинен саналуу гана экологиялык көйгөйлөр бар. Буга адегенде кара түтүн, ар кандай кендердин экологиялык талаптарынын сакталышы, Ысык-Көлдөгү жана Бишкектеги таштандылар. Бул кайталанма темалар маал-маалы менен талкууланып турат.

Бардык эле массалык маалымат каражаттары айлана-чөйрө, жаратылыш жана экологиялык көйгөйлөрдү чагылдырып турганы менен ушул тармакты тандап, терең анализдеп, салмактуу контент жасагандары жокко эсе. Алсак, Кыргызстанда окурманы көп деп саналган “АКИпресс” маалымат агенттигинде “Экология АКИпресс” деген сайты бар. Агенттикти айына 2,8 миллион окурман окуса, экологияга багытталган сайтына 30 күндө болгону 50 миң гана адам баш багат. Анан дагы бул сайтта атайын адистештирилген экологиялык журналисттер эмес агенттиктин катардагы кабарчылары эле иштейт. Калган беделдүү медиаларда да экологияга арналган берүү же рубрикалар жок деп койсок да аша чапкан болбойбуз.

“Akipress – Экология” сайты

 

Кыргызстанда экология эмоция менен чагылдырылат

Назгүл Эсен Бириккен Улуттар Уюмунун университетинин жерди туура пайдалануу жана калыбына келтирүү боюнча программанын стипендиаты, эколог. Ал Кыргызстандагы экологиялык маселелерди чагылдырган медиапродуктулар аябай эмоциялуу негизде даярдалат деп баалады. Түшүндүрүп айтканда, ЖМК таштанды полигонун чагылдыра турган болсо, ал жактан адамдын эмоциясына таасир бере турган кадрларды берүү менен гана чектелип калат. Полигон тууралуу кеңири маалымат берилип, маселени чечүү боюнча сунуш берилбейт. Журналист адатынча аудиторияга сөз болуп жаткан көйгөйдү түшүндүрүп берүү менен гана чектелет.

 

Өнүгүүгө тоскоол болгон бир канча факторлор

“Азаттык” үналгысынын журналисти, “Жашыл планета” берүүсүнүн автору Бактыгүл Чыныбаеванын айтымында, экологиялык маселелерди чагылдырам деген журналист адискөйлүк жактан да, шарттын жоктугунан да түйшүк тартат. Мисал менен түшүндүргөндө, тоо-кен тармагына байланышкан эл аралык келишимдерди, кызматташууларды чагылдырууда журналист долбоорлордун экологияга тийгизген таасирине көп токтоло бербейт. Б.Чыныбаева бул көрүнүштү сөз болуп жаткан көйгөйдү толук түшүнбөгөндүн, тармактык журналистиканын өнүкпөгөндүгүнүн бир далили деп баалады. Буга журналисттерди даярдап чыккан окуу жайлар да кесиптик жанрга көп көңүл бурбаганын да кесепети тийип жатат.

Эколог-журналисттердин чыкпай жатканына мындан башка дагы себептер бар. Бактыгүл Чыныбаеванын пикиринде, Кыргызстанда бирдиктүү анализдин жоктугу, маалыматтардын купуялуулугу жана экологияга тиешелүү органдарда иштеген кызматкерлердин талапка жооп бергендей компетенттүү болбой жаткандыгы да баш ооруткан маселе.

“Дагы бир жагдай: мисал катары “Кыргызстанда токойлордун саны кыскарып кетти” деген материалды алып карап көрөлү. Бул боюнча так маалыматтарды Улуттук статистика комитетинен алуу да кыйын. Ал жакта башкача форматта жазылып, үстүртөн гана маалымат берилип калат. Ошол себептүү мен бул жааттагы эл аралык маалымат булактарын колдонгонго аракет кылам. Дагы бир көйгөй – бизде маалыматты жашыруу деген да түшүнүк калыптанып калган. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги, Суу чарба департаменти деген сыяктуу тиешелүү органдардан маалымат алуу да оорго турат”, – дейт Б.Чыныбаева.

Дагы бир көңүл бура турган жагдай – бул тармакта аналитиктердин, эксперттердин аз болушу журналистке бир топ кыйынчылыктарды жаратат.

 

Эми эмне кылышыбыз керек?

Батыш өлкөлөрүндө экологиялык журналистика 1960-70-жылдары эле өзүнчө каралып, тармак катары өнүгө баштаган. Назгүл Эсен алардын ичинен Англия, Исландия жана Автралияны өзгөчө белгилейт. Анткени бул өлкөлөрдө экологиялык абал кооптуу болуп, мунун арты менен тармакка багытталган журналистика өнүккөн. Коомчулукка туура пропаганда жүргүзүлүп, алардын “табигый” кат-сабатын жоюу менен көз карашы өзгөргөн.

“Ал жактарда катардагы эле журналисттер экологиялык көйгөйлөрдү жаза бербейт. Бизде журналисттер көйгөйдү жарыялап, түшүндүрүү менен гана чектелип калат. Ал жакта маселени кеңири талдап, анализ жүргүзүп, керек болсо чечүү жолдорун да сунушташат. Бул жерде экологияга байланышкан маалыматтарга ээ болуу, бул тармак менен тааныш болуу да маанилүү. Ошондуктан бул багытта тармактык журналист болом дегендер кыска мөөнөттүү окутуулардан өтүп, улам жаңы билим алып турушу зарыл. Анан дагы экологияны чагылдырам деген журналист саясатты, экономиканы, медицина тармактарын да түшүнө билиши керек. Себеби булардын баары бири-бирин менен тыгыз байланышкан багыттар. Ошондо гана салмактуу, толук анализденген материалды жасоого мүмкүн болот”, – дейт Н.Эсен.

Бактыгүл Чыныбаеванын ою боюнча, иштин ырааттуу жүрүшү үчүн аналитиктердин, аналитикалык темалардын так тизмеси жана буга байланышкан маалыматтардын кампасы түзүлүшү зарыл. Ар кандай статистикалык сандар, салыштыруулар, табигый кырсыктардын, жаратылыштагы өзгөрүүлөрдүн себептерин изилдей турган мүмкүнчүлүктү түзүү да бүгүнкү күндүн талабы.

“Жогорку окуу жайлар дагы бул багытта активдүү болуп, дүйнөдөгү тренддерден артта калбай, окумуштуулар заманбап талаптарга жооп бере турган болуусу керек. Эколог-журналист болом дегендер адистерге да багыт берип, элге зарыл темаларды түшүнүктүү тилде жеткирүү аракетин көрүшү керек деп ойлойм”, – дейт Б.Чыныбаева.

 

Каржылык колдоонуу да тапса болот

Экологияны коргоо бир гана Кыргызстан эмес дүйнөнүн көйгөйү болгону үчүн бул багыттагы долбоорлорго ири уюмдар колдоо көрсөтүп келет. Мындан бир канча жыл мурда Борбордук Азиядагы жана Кыргызстандагы Internews уюмунун колдоосу менен livingasia.online сайты ишке кирген. Учурда Борбордук Азиядагы экологиялык көйгөйлөрдү изилдеп, аналитикалык макалаларды, жаңылыктарды жана маалыматтык материалдарды жарыялап келүүдө.

“Ливень” сайты

 

Медиа-эксперт Азамат Тынаев мындан тышкары краудфандинг ыкмасын да колдонууну сунуш кылат.

“Краудфандинг – элдик каржылоо. “Биз экология тармагын негиз катары тандап, бул багытта иштейбиз. Бизди колдоо көрсөтүп турсаңар, ачык-айкын иштеп, экологияны коргоого салым кошобуз. Каржылык жагы да ачык болот”, – деп ишендире алышы керек. Эгер коомчулук колдоого алса, алар да экологиянын баалуулугун түшүнө алган болот. Бул тажрыйба медиа тармагында кеңири колдонулуп жүрөт”, – дейт А.Тынаев.

Журналистикада бир окуя же маселе чагылдырылардан мурда маалыматтык жүйөнүн бар же жогуна карап тандалат. Ошол түшүнүк менен алганда Кыргызстанда экологиялык жанрдагы журналистиканы өнүктүрүүнүн мезгили эчак келип жеткен. Кара түтүн жана таштандыдан башка жер кыртышынын жабыркашы, дүйнөнүн жылуулануусу Кыргызстандагы дыйканчылыкка, токой-чарбасына тийгизген таасири, био ар түрдүүлүк, жан-жаныбарлардын экологиядагы орду, жапайы жандыктардын азаюусу, жаңы технологиялардын, толкундардын жаратылышка тийгизген таасири өңдүү темалар “казылбаган кен” бойдон калууда.

Макала соңунда “бизде экология темасы актуалдуу эмес” деген стереотиптеги журналисттерге бир мисалды айткым келди. Emmy Award сыйлыгынын 8 жолку жеңүүчүсү жана Messy Moment медиа уюмунун директору Эндрю Ткач Кыргызстанга келгенде “Азаттыкка” маек берген. Анда Африканын Кения өлкөсүндөгү желимди иштетүүдөн баш тарттырууга түрткү болгон эмгек тууралуу айткан. “Plastics are forever” аттуу даректүү фильмдин таасири менен Кения бийлигинин 3-4 жылдап ишке ашыра албай жаткан долбоору ийгиликтүү болгон. Ушул эле өлкөдө бир жылы ЮНЕСКОнун баалуу мурастарынын тизмесине кирген Ламо жээктеринен көмүр казуу пландалган. Аталган медиа уюм көмүр шахтасы ишин баштаганга чейин эле даректүү тасма тартып жарыя кылган. Жыйынтыгында коомчулук терс реакция кылып, көмүр кени ачылбай турган болгон. Мындай өзгөрүүгө кыргыз журналисттери да себепкер боло алат.

Түмөнбай Абдинаби уулу

Окшош посттор