Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Аягына чыкпаган арыздар

Аягына чыкпаган арыздар
Жаркын Турсуналиева, https://karikatura.journalist.kg/

Кыргызстанда Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү иш учурунда ур токмокко кабылган фактылар катталып келет. Адатта, мындай фактылар орун алганы тууралуу маалымат коомчулука активдүү тарайт. Бирок ал окуялардын аягы эмне менен бүткөнү көпчүлүк учурда белгисиз бойдон калат. ЖМК өкүлүнө карата күч колдонгону үчүн жазага тартылыптыр деген маалыматтар жокко эсе. Анткени көпчүлүк арыздар аягына чыкпай калышат. Мисалы, башкы прокуратуранын маалыматына таянсак, акыркы эки жылда журналисттерге кол салуу боюнча 17 кылмыш иши козголуп экөөсү гана сотко жөнөтүлгөн. “Арыздар эмне үчүн аягына чыкпай калышат?”, – деген суроого ушул макалада жооп издегенге аракет кылдык.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кол салуу боюнча айрым фактылар:

Март, 2007-жыл, Бишкек. НТС телеканалынын журналисти Данияр Исановду театрдан чыгып келе жатканда сабап кетишкен, кылмышкерлер «Бул НТС учун!» деген сөздөрдү айтышкан.

Март, 2009-жыл, Бишкек. «Репортер-Бишкек» гезитинин журналисти Сыргак Абдылдаевга кол салуу болгон. С.Абдылдаевге 21 жолу бычак сайылып, эки колу сындырылып оор абалда ооруканага түшкөн.

Июнь, 2011-жыл, Ош. Митингдин катышуучуларына акча таратып жаткан жарандарды тартканы учун НТС телеканалынын оператору сабалган.

Январь, 2013-жыл, Бишкек. КТРКнын кабарчысы Ширин Асанакунова жана анын кесиптеши (оператор) электр энергиясына ири суммадагы карыздары бар үлкөн үйлөрдүн (особняктардын) тургундарын тартып жүргөндө ур токмоко кабылышкан.

Май, 2015-жыл, Бишкек. www.kloop.kg интернет-басылмасынын журналисти Владимир Цайды унаасында отурган жеринен камерасына эки ирет согуп кетишкен. Камерасы сынган.

Октябрь, 2015-жыл, Бишкек. Абактан качкан кылмышкерлердин тобун кармоо боюнча атайын операциянын жүрүшүндө «Супер-инфо» гезитинин журналисти Максат Орозумбетовду сабап, видео-камерасын колунан жулуп кетишкен.

Январь, 2015-жыл, Бишкек. Журналист Булат Сатаркулов белгисиз адамдар тарабынан сабалып, техникалары тонолгон.

Февраль, 2016-жыл, Бишкек. «Деньги и власть» гезитинин редактору Турат Акимов токмоктолгон.

Февраль, 2017-жыл, Бишкек. «Де-Факто» гезитинин башкы редактору Амантур Мусагулов шаардын чет жагында сабалган.

Сентябрь, 2017-жыл, Ош. Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы шайлоо процессин тартып жүргөн НТС телеканалынын операторун уруп, видеокамерасын тартып алууга аракеттенген.

Сентябрь, 2019-жыл, Ош. «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов дрон аркылуу тасмага тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Январь, 2020-жыл, Бишкек. Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировду редакциянын алдында сабап, мобилдик телефонун алып кетишкен.

Internews Network уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Элина Карагулова 2020-жылдын октябрь айындагы массалык акциялар учурунда журналисттерге күч колдонуп, коркутуу-үркүтүү, ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан 20 учур катталганын айткан. Бирок, ошол күнү жабыркаган журналисттердин бирөөсү гана, тактап айтканда «7-канал» ТРКсынын кабарчысы Мээрим Ташыбекова укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.

ЖМК өкүлдөрүнө кол салуу фактыларынын тизмесин дагы да уланта берсе болот, мындай окуялар көп. Бирок, так саны канча экени тууралуу расмий маалымат жок.

ЖМКларга жарыяланган фактылардын тизмесин жогоруда жазылгандай уланта берсе абдан көп болгону менен расмий маалыматтарга таянсак журналисттерге кол салуулар башка кылмыштарга салыштырмалуу аз экен.

Козголгон кылмыш иштери тууралуу расмий маалыматтар

Башкы прокуратуранын пресс-кызматынан акыркы 5 жылдын гана маалыматын алуу мумкун болду. Ага ылайык, 2015-жылдан 2018-жылга чейин ЖМК өкүлдөрүнүн ур токмоко кабылганы боюнча 4 кылмыш иши козголгон: 2 токтотулган, 1 кылмыш иши жабылган, 1 иш сотко жөнөтүлгөн.

Ал эми 2019-жалдан кийинкилери кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттала баштаган.

2019-2020 жылдар аралыгында кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктуу реестрине 17 факты сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Алардын: 9 жабылган, 4 токтотулган, 2 сотко жөнөтүлгөн, ал эми 2 тергелүүдө.

Башкача айтканда, кол салуу тууралуу тогуз арыздын бирөө-экөөсү гана сотко жетет, жеткенде да жабыркаган ЖМК өкүлүнүн пайдасына чечилээрине кепилдик жок.

Себеби эмнеде?

Арыздардын аягына чыкпай калганынын себептери тууралуу журналисттердин жана медиа-эксперттердин пикирлерине саресеп салып көрдүк. Себептери ар түрдүү: журналисттердин улам-улам суракка барып, чуркап жүрүүгө убакыттарынын жетишсиздиги, техникаларын калыбына келтирип берген жагдайда арызын кайта алып алышат, боорукердик, кечиримдүүлүк андан тышкары тергөө менен сот адилеттүүлүгүнө ишенишпегени, ишенбей калууларына буга чейинки жабыркаган журналисттердин акыйкаттыка жетүүгө болгон аракеттеринен натыйжа чыкпаганы да кийинкилер үчүн тескери үлгү.

«Кактус Медиа» сайтынын журналисти Марат Уралиев 2020-жылдын июнь айында Бишкек шаарында ур токмоко кабылган. Карантиндин эрежелерин бузуп, көп сандаган конок тосуп жаткан тойкананы (эреже боюнча ресторан, тойканаларга 50дөн ашык конок кабыл алууга тыюу салынган), ал жерге өздөрү баш болуп эреже бузуп батага барган бийлик төбөлдөрүн видео тасмага тартып жаткан Марат Уралиев сабалган. Күбөлөр тартып алган видеодон М.Уралиевди уруп, муунтуп жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле видео тасмага журналист сабалып жатканын көргөн милиция кызматкерлеринин чара көрбөстөн кызматтык унаасын айдап кетип калганы да тартылган.

“Мен ошол эле күнү дароо Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылгам. Алар мага соттук медициналык экспертизадан өтүүгө багыттама беришкен. Мен дене жараатын албаганым үчүн экспертизага барган эмесмин. Кийин бул иш эмне болду маалыматым жок. Анткени, тергөөчүгө да, мекеменин маалымат катчысына да көп ирет телефон чалып жооп алалбадым.

Ал эми мени муунтуп уруп жатканын көрүп туруп, чара көрбөстөн кетип калган милиция кызматкерлери боюнча ИИМдин ички кызматы тийиштүү иликтөө жүргүзүп, эч кандай мыйзам бузуу аныкталган жок деп бүтүм чыгарышты. Айтымдарында, мен жардамга чакырганда алар өз орундарында турушкан, мен аларга барып арыз жазып, кимдир-бирөөгө карата чара көрүүнү өтүнушум керек болчу экен, мен тараптан андай аракеттер болгон эмес деп жооп беришти.

Сотко жеткен-жетпегенин билбейм, мага эч жактан маалымат келген жок.

Арыздардын аягына чыкпаганы, менимче, журналисттердин соттук териштирүүлөргө убактылары жок, ошондуктан алар көпчүлүк учурда укук коргоо органдарына кайрылышпайт, кайрылса дагы сотко жетирбестен арыздарын кайтарып алышат. Журналисттерге кол салган иштер акыйкат териштирилбейт”, – дейт М.Уралиев.

Дагы бир окуяны мисал келтирсек. 2020-жылдын март айында «ПолитКлиника» сайтынын редакциясына белгисиз адамдар кирип, компьютерлерин иштетип көрүп, бир hard дискти жана бир блокнотту алып кетишкен. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы бул окуяны “тоноо” фактысы катары бирдиктүү реестрге каттаган. 100 сомдук блокнот уурдалды деп бүтүм чыгарышып, ЖМКга – сөз эркиндигине кол салуу катары кабыл алышкан эмес.

Ал арада редакция жамааты бул окуяны тоноо эмес, сөз эркиндигине чабуул катары сыпатташып, билдирүү таратышкан.

Сайттын редактору Дилбар Алимова редакция жетекчиси катары көптөгөн аракеттерди көргөнүн, бирок акыйкаттыка жете албаганын билдирди.

“Биринчиден, биз эмнеге тоноо фактысы дегенге кошулбайбыз түшүндүрүп кетсем. Эгерде, материалдык кызыкчылык болгондо кеңседеги камера, дрон, компьютерлер сыяктуу кымбат техникалар уурдалмак. Журналисттик ишмердүүлүгүбүзгө байланыштуу деп эсептейбиз, анткени биздин редакция кыргыз тилинде журналисттик иликтөөлөрдү жасаган бирден-бир медиа. Биз өзүбүз аракет кылып видеобайкоолорго түшкөн тасмаларды алып барып берип көмөк көрсөтүп, редакцияга келген унааны андан түшкөн адамды таап берүүнү сурандык. Кайра-кайра телефон чалып кайрылып жаттык. Бирок милиция тарабынан бир дагы аракетти көрө алган жокпуз. Аларда мүмкүнчүлүктөр бизге караганда көп эмеспи, бирок аркет жасабай коюшту. Укук орогоо органдарынын кайдыгерлигинен чарчагандыктан биз башка жактарга кайрылып көрүүнү чечтик. Прокуратурага кайрылдык, алар дагы кайдыгер мамиле жасашты. Болгону тергөө менен макул болбосоңуздар сотко кайрылганга укугуңуздар бар деп расмий жооп беришти. Биз аракетибиз акталбай калган үчүн көңүлүбүз калып, акыры чуркагандан чарчадык. Ушул себептерден улам, арызыбызды сотко чейин жеткире алган жокпуз”, – дейт Д.Алимова.

Ал эми Capital.kg порталынын редактору Айсулуу Текимбаеванын баамында, тергөө жана соттук териштирүү бюрократиялык аракеттер менен коштолот, бир гана ЖМК өкүлдөрү эле эмес, башка кылмыштардын жабырлануучулары да ушул себептерден улам арыздарын акырына жеткире албай калышат.

“Журналистердин арыздары сотко жетпегенинин себептеринин бири – жабырлануучу тергөө органдарына келип жардам албай эле, тескерисинче, жабыр тартып калган учурлар арбын, тагыраагы басымга дуушар болушат. Буга КТРКнын журналисти сабалган окуяны мисал келтирсе болот. Журналистке арыздангандан кийин телефон чалуулар болуп, айыпталуучу тарап адам жөнөтүп, аны арызын алдырууга аракеттенишкен. Милиция органдары да ошого көмөк көрсөткөндөй, анткени журналисттин жеке маалыматтарын айыпталуучу тарап кандайдыр бир жолдор менен билип алып жатпайбы. Ушундай көрүнүштөрдүн таасири менен кесиптешибиз стресске кабылганын, суракка баруудан чарчаганын айткан. Акыры арызын кайтарып алган. Кол салуу окуялары ушундай өңүттө болгон учурлар көп.

Дагы бир себеби – тергөө системасынын жана соттордун чабал иштегендиги.

Айрым учурда журналисттер акча талап кылуу максатында соттошууга барат деген пикирлер бар. Мен мындай пикирге кошулбайм. Анткени ЖМК өкүлүнө алгач кол салуу болуп, андан кийин коомчулука чыгып, чуу көтөрүлөт. Журналист өзүнүн кадырын кетирип, мындай жолдорго барбайт. Материалдык чыгымдарын өндүрүп бергенге макул болгон учурлар бар, мисалы, талкаланган техникаларын, камераны, фотоаппараттарын калыбына келтиргенден кийин арызын алган окуялар бар”, – деген оюн айтат А.Текимбаева.

Журналистке кол салуу- эмнеге алып келет жана эмне кылуу керек?

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш 2020-жылдын май айында АКШда болуп өткөн массалык нааразычылык акциясында катышуучулар журналисттерге кол салышкандан кийин твиттердеги баракчасына:

«Журналистке кол салуу — бул коомго кол салуу. Сөз эркиндиги жок демократияга жетүү мүмкүн эмес. Чындыкты айта албаган журналистсиз эч бир коом адилеттүү боло албайт», — деп жазган.

Кыргызстандын Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы деген аты бар, сөз эркиндиги өнүккөн өлкө деп айтылып келет, бирок ЖМК өкүлдөрүнө кол салуулар катталган сайын бул макамдын сөлөкөтүнөн көлөкөсү көбөйгөндөй.

«Кактус-Медиа» агенттигинин журналисти Марат Уралиевдин пикиринде, көз карандысыз тергөө жүргузүлмөйүнчө ЖМК өкүлдөрүндө ишеним жаралбайт.

“Арызданыш үчүн, арыздар аягына чыгыш үчүн көз карандысыз тергөө жана ички иштер органдарында “бюрократия” аз болуш керек. Баарына кошумча дагы бир себеп бар – бул укук коргоо органдары, прокуратура кылмыштардын себептерин иликтебестен, кесепеттерин иликтешет. Салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, бирок журналист материалдары менен жемкорлорго «сокку урганда» бир дагы мамлекеттик орган тийиштүү реакция жасабайт, тескерисинче, ЖМКларды күнөөлөшөт. Журналисттерге кол салуулар дыкат иликтенбейт, үстүртөн гана текшерүү жүргүзүлөт”, – дейт М.Уралиев.

Айсулуу Текимбаеванын пикиринде журналисттер өзүнө кол салган адамды кечирип коюусун да токтотушу зарыл. Анткени бул дагы ушундай окуялардын кайталануусуна өбөлгө түзөт деп эсептейт.

“Мен кесиптештеримди кунөөлөгүм келбейт бирок, гумандуулук кылды деп айтаардан мурда акыйкаттык болуш үчүн, мыйзамдар иштеш үчүн биз дагы салымыбызды кошушубуз керектигин унутпасак дейт элем. Анткени, коомдогу агрессиянын өсүшүнүн бирден бир себеби күнөөлүүлөрдүн жазаланбай жатканында”, – дейт А.Текимбаева.

Кыргыз Республикасынын Медиа өкүлү Акмат Алагушев арыздар расмий түрдө бирдиктүү реестрге катталуусу керек деген оюн билдирди. Айтымында, бирдиктүү реестрге катталбай калган үчүн статистикалык көрсөткүчтөр азайып кетет, эң кейиштүүсү – медиа өкүлдөр тарабынан көзөмөлдөө дагы оор болуп калат.

“Журналисттерге кол салуу болду деп кээде расмий факт катары айтууга болбой калат. Анткени эрежеге ылайык ушундай уруп-сабоо, кол салуу, коркутуу-үркүтүү фактылары каттоодон өткөндө гана окуя болгон деп айта алабыз. Бизде долбоор жүрүүдө, анын алкагында мониторинг жүргүзөбүз. Көптөгөн фактылар каттоодон өтпөй калган үчүн биз аларга шилтеме кыла албайбыз. Эгерде ар бир окуя каттоодон өткөндө биз укук коргоо органдарынан ар бири боюнча: бул иш эмне болду, кандай чара көрүлдү деп отчет сурап алмакпыз”, – дейт А.Алагушев.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды кароо комиссиясынын төрайымы Тамара Валиева, биринчи кезекте, жабыркаган журналисттер өздөрү кызыкдар болуп, өжөрдүк менен арыздарды сотко чейин жетирүүлөрү керек дейт.

“Биринчиден, жабыр тарткан ЖМК өкүлдөрү өздөрү кызыкдар болуп, арыздарын акырына чейин чыгарууга аракет кылышы керек. Күнөөлүүлөрдү соттук жазага тарттырып, тиешелүү жазасын алдыбы көзөмөлдөп, убактысын, ресурстарын жумшап акыйкаттыка жетүүгө далалат болушу керек. Журналисттерге акысыз юридикалык колдоо көрсөтүүчү уюмдарыбыз, Кудайга шүгүр, бар, иштеп жатышат. Коомчулукка байма-бай алып чыгарып туруу башка жарандарга караганда өздөрүнүн (журналисттердин) колунда турган курал. Андыктан өжөрлүк гана керек. Антпесе журналисттерди уруп кеткен, кол салган, ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылган окуялар тенденцияга айлануу коркунучу күч”, – дейт Т.Валиева.

Кол салууга дуушар болгон учурда эмне кылуу керек, журналисттерге кеңештер:

  1. Болуп жаткан окуяны аудио же видеого тартып алууга аракет жасаңыз. Бул сизге кол салуу же ишмердүүлүгүңүзгө тоскоолдук болгонуна тергөөдө, сотто документалдуу далил болот.
  2. Эгерде сиз кесиптешиңизге кол салуу болуп жатканына күбө болсоңуз дароо видеого тартууга, андан да оболу соцтармактарга түз эфир жасоого аракеттениңиз. Анткени, тасманы өчүрүүгө да аракеттер болушу мүмкүн.
  3. Биринчи телефон чалуу милицияга, экинчи телефон чалуу адвокатка, редакцияга болуусу керек. Ар бир редакциянын адвокаты болуусу шарт, редакция адвокаттын номери ар бир кызматкеринде болуусун көзөмөлдөп коюусу зарыл.
  4. Адвокат менен бирге милицияга барып арызыңызды кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттатып, дене жараатыңыз болсо соттук медициналык экспертизадан өтүп коюңуз. Андан соң техникаңыз жабыркаган болсо, аны көз карандысыз адистерге көрсөтүп, чыгымдарыңызды алдын ала эсептетип коюңуз.
  5. Адвокат менен биргеликте арызыңыздын негизинде тиешелүү экспертизалар дайындалганын, күбөлөрдүн бардыгы суралып, көрсөтмөлөрү ишке тиркелгенин жана сотко чейинки өндүрүш иши токтотулбастан сотко жеткирилгенин өзүңүз көзөмөлгө алыңыз.
  6. “ПРЕССА” деген жазуусу бар кемселдер ар бир редакцияда болуп, журналисттер толук камсыздалышы керек. Ал кемселди “талаада”, массалык акцияларда иштеп жүргөндө сөзсүз кийүү зарыл. “ПРЕССА” деген жазуусу бар бейджик тагынып алуу да ашыкча болбойт. Андан тышкары журналисттик күбөлүктү такай алып жүрүү зарыл.
  7. Эгерде техникаңыз жабыркаган болсо, ал үчүн өзүнчө арыз менен же кылмыш ишинин алкагында компенсация талап кылыңыз.
  8. Редакциянын же сиздин жеке мүлкүңүз алына турган болсо, ал сөзсүз мыйзам чегинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында болушу шарт. Протокол түзүлүп, адвокаттын катышуусу шарт.
  9. Эгерде тергөө жүрүшүндө коркутуу-үркүтүү болушу мүмкүн десеңиз алдын ала даяр болуңуз, телефонго жаздыруучу тиркемелерди орнотуңуз, реалдуу жолугушуу учурунда коркутуу болсо видеого же аудиого жазыңыз. Коркутуу болоору менен укук коргоо органдарына кайрылып дагы арыз жазыңыз, далилдердин кылмыш ишине тиркелишин көзөмөлдөңүз.
  10. Чагымчылдык болуусу мүмкүн экенин эске ала жүрүңүз, рулда болгондо абайлаңыз, балдарыңызды жабык имаратка чейин узатыңыз.
  11. Эгерде коркутуулар улана берсе укук коргоо органдарына коргоо тууралуу өтүнүп кайрылыңыз.
  12. Журналистти милиция участогуна алып келишсе, күбөлүгүңүздү көрсөтүңүз. Журналист күбөлүгүн алып жүрүү менен жаратылыш кырсыгы болгон жерде, митинг, демонстрацияларда, жана ошондой эле массалык, коомдук жана жеке кызыкчылыктарын билдирип жаткан жерде, каршылык акциялары өтүп жаткан жайда болууга укуктуу экениниңизди эскертиңиз.
  13. Жактоочу чакырыңыз, редакцияга кабар бериңиз. Эсиңизде болсун, сизди суракта 3 сааттан ашык кармоого милициянын укугу жок. Кыйноолор болсо кеңеш берүү кыйын, бирок далил чогултууга аракеттениңиз.
  14. Жактоочуңуз жок болсо, мамлекеттик жактоочу сураңыз, адвокаты жок эч кандай аракет жасабаңыз.

(Барри Жеймстин “Сөз эркиндиги: журналисттердин коопсуздугу жана жазасыз калуу” китебинен алынды).

Кайсы уюмдарга кайрылса болот?

  1. “Медиа полиси институту” коомдук фондусу – http://media.kg/
  2. “Журналисттер” коомдук бирикмеси – https://journalist.kg/
  3. Кыргызстан журналисттеринин көз карандысыз союзу
  4. “Медиа өнүктүрүү” коомдук фондусу – https://medialaw.kg/

Гүлжан Алтымышбаева

Окшош посттор