Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

24-майда “Ачык саясат плюс” гезитине каршы доо арыз боюнча кезектеги соттук жыйын болот

24-майда “Ачык саясат плюс” гезитине каршы доо арыз боюнча кезектеги соттук жыйын болот

24-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда КР ЖК депутаты Кожобек Рыспаевдин “Ачык саясат плюс” гезитине доо арызы боюнча кезектеги соттук жыйын болот. Депутат соттон анын ар-намысын жана кадыр-баркын, ошондой эле ишкердик беделин коргоп берүүсүн өтүнгөн.

Бул доо арызга гезиттин “Рыспаевди иттен чыгарып коюшту” деген макаласы себепчи болгон.

“Биз анын партияларды алмаштырганын жазып, хамелеон деп атаганыбызды жактырбаптыр. Материал жайгашкан рубриканын аталышы да ага жаккан эмес. Ага көп нерсе жакпайт экен. Ошондуктан биз лингвистикалык талдоону өткөрүүнү сунуштап жатабыз”, – деди “Ачык саясат плюс” гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытова.

Анын айтымында, макала жарыялангандан кийин ЖК депутаты К.Рыспаев төгүндөө берүү талабы менен редакцияга кайрылган эмес. Макала жарыяланганына бир жыл болгондон кийин гана сотко доо арыз түшкөнүн билишкен.

“Мен редакцияга кайрылган эмесмин. Эмне үчүн мен төгүндөө берип койгула деп журналисттерге жалдырашым керек? Мени эч ким коркута албайт. Мени мазактаганга эч кимге жол бербейм!”, – деди өз кезегинде депутат К.Рыспаев.

“Ачык саясат плюс” гезитинин башкы редакторунун пикиринде, доо-арызда бийликтин кызыкчылыгы бар. “Анткени биз учурда оппозициялык ЖМК катары иштеп жатабыз. Бийликти сындаган учурлар болот. Башкача айтканда, бул соттук ишти бизге карата материалдык жана моралдык кысым катары бааласак болот”, – дейт Н.Мамытова.

Анын айтымында, буга чейин беш соттук жыйын болуп, ар бирине депутаттын улам жаңы адвокаты келип турган. Ошондой эле доо арыздын мазмуну да өзгөрүп турган. Мисалы, башында депутат моралдык зыяндын компенсациясы катары 300 миң сомду сураган эле. Үч процесстен кийин ал бул сумманы 1 млн сомго чейин көтөрүп койгон.

Бул  чечимин депутат мындайча түшүндүрөт: “Себеби деле жок. Мага адамдар айтышты. Сени мазактап жатса, сен болгону 300 миң сомго гана берипсиң. Журналисттер жөн гана жазып коюшса – аларды милиионго жыгып жатышат! Бүт досторум, тааныштарым айтып жатат, сен өзүңдү өтө эле арзан баалапсың деп. Мына ошондо миллионго көтөрдүм. Мен тууралуу жөнсүз материалдарды жазышпасын”.

Гезиттин редакциясы “Медиа Полиси Институту” коомдук фондусуна юридикалык жардам сурап кайрылышмакчы.

Азамат Касыбеков,
«Журналист
тер» КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор