Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Бишкек шаардык сот Kaktus.media сайтына чыккан макалага тыюу салган жок

Бишкек шаардык сот Kaktus.media сайтына чыккан макалага тыюу салган жок

Соттук териштирүү жүрүп жаткан маалда редакциянын сайтына жарыяланган бир нече макалалар алынып салынсын деген Биринчи май райондук сотунун чечимин 27-августта шаардык сот жокко чыгарды.

Эскерте кетсек, Казакстандык жеке ишкер Абай Камалов жубайы Кудайбергенованын “Жолдошум сабап, балдарымды мага бербей жатат” деген интервьюсун эки макала кылып чыгарган Kaktus.media сайтын сотко берип, алардан бир млн сом талап кылууда.

Соттук териштирүү башталган маалда Kaktus.media “Жолдошунан зомбулуктун запкысын жеп кайрылган аял тууралу макаланы шаардык сот чыгарууга тыюу салган чечим кабыл алган” жана “Кыргызстандык келинчегин токмоктогон Казакстандык жеке ишкер Камалов мурдагы келинчегинен алимент талап кылган” деген эки макаланы жарыкка чыгарган.

“Камалованын расмий өкүлү алардын жайылткан материалдарына дагы сот тыюу салсын деген өтүнүчү менен кайрылган. Биринчи май райондук сотунун судьясы Кундус Исаева 26 июнда ал өтүнүчтү канаттандырган”, – деп билдирди “Журналисттер” КБга “Институт медиа полиси” КФнын юристи Акмат Алагушев.

Медиа коргоочулардын пикиринде, Kaktus.media сайтынын маалыматтарды жайылтууга, болгондо дагы доо арыз каралып жаткан маалда чектөө киргизүү – негизсиз жана бул кадам маалыматка жетүү жана сөз эркиндигине болгон чектөө деп бааланат.

“Журналисттин кесипкөй ишмердүүлүгүн коргоо” мыйзамында цензурага тыюу салынат деп каралган. Даярдалган макала, материалды маалымат берген тарап менен алдын ала макулдашууга, текстин өзгөртүп же, болбосо эфирден, басылмадан алып салууга ал мыйзам жол бербейт. “Институт медиа полиси” биринчи инстанциянын аныктамасын кыйыр түрүндөгү цензура катары баалай тургандыгын билдирген.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча өкүлү

Окшош посттор