Жанылыктар

КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү кайрадан башталды

“Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосунда “Журналисттер” коомдук бирикмеси менен “Институт Медиа Полиси” коомдук фондусу (“ИМП” КФ) биргеликте КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү долбоорун иш жүзүнө ашыра баштады. Долбоор 2019-жылдын аягына чейин эсептелген. Бул тууралуу 16-апрелде Бишкекте өткөрүлгөн пресс-конференцияда жарыяланды. Толугу менен

КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү боюнча долбоордун байкоочулары окутуудан өтүштү

15-апрелде Бишкекте “Журналисттер” коомдук бирикмеси КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү боюнча долбоорго тартылган аймактык байкоочулар үчүн окутуу өткөрдү. Аталган долбоор апрелде ишке ашырыла баштады. Аны “Сорос-Кыргызстан” фондусу колдоого алып, ал “Институт Медиа Полиси” коомдук фондусу менен шериктештикте иш жүзүнө ашырылмакчы. Долбоор 2019-жылдын аягына чейин эсептелген. Толугу менен

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы жөнүндө мыкты материалга журналисттер арасындагы сынак

КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды (МКЮЖ) координациялоо боюнча борбору БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосунда Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы жөнүндө мыкты материалга журналисттер арасындагы конкурс жарыялайт. Толугу менен

«Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аталыштагы республикалык карикатуралар сынагы

3-май Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Сорос-Кыргызстан” фондусу «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аталыштагы республикалык карикатуралар сынагын жарыялайт. Толугу менен

Массалык маалымат каражаттарынын арасында өткөн “Мугалим кесиби” сынагы 31-мартка чейин узартылды

КР Билим берүү жана илим министрлиги массалык маалымат каражаттарынын арасында өткөн “Мугалим кесиби” сынагы 2019-жылдын 31-мартына чейин узартылганын маалымдайт. Толугу менен

“Журналисттер” КБга ыктыярчылар керек
ОО “Журналисты” нужны волонтеры

“Журналисттер” коомдук бирикмесине кыргызча жана орусча эркин сүйлөп жаза алган, журналисттик өнөрүн өркүндөтүүнү, сайтка материал жазып, жайгаштырганды, коомдук тармактарда иштегенди үйрөнүүнү каалаган жаш ыктыярчылар керек.

Кызыккандар болсо резюмесин бул дарекке жөнөтүңүздөр: journalist.kg@gmail.com