Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

ЖМКны басып алуу аракеттери

ЖМКны басып алуу аракеттери

6 жана 7-октябрда Бешинчи каналды жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясын басып алуу жана жаңы жетекчилерди дайындоо аракеттери болду.

6-октябрда адамдар тобу Бешинчи каналдын кеңсесине келип, ЖМК жетекчиси катары өздөрүнүн кишисин – Болот Абдыжапаровду дайындоону каалай турганын айтышкан.

24.kg билдиргендей, журналисттер жамаатына каналды коргоп кала алышты.

«Сүйлөшүүлөрдөн кийин жамаат Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун тиешелүү буйругуна чейин жамаат мурдагы курамында иштей турганы чечилди. Болот Абдыжапаров элдик байкоочу болгусу келерин билдирди жана каналдын ишине кийлигишпөөгө убада берди», деп 24.kg кабарлады.

Болот Абдыжапаров КТРК, ЭлТР, Бешинчи канал, Сентябрь телеканалдарында иштегени менен белгилүү, «Замандаш» партиясынын биринчи төрагасы Мухтарбек Өмүракуновдун басма сөз катчысы болгон.

Кийинчерээк 24.kg билдергендей, Б.Абдыжапаров эртең менен орой сүйлөгөнү үчүн кечирим сураган.

«Жүрү, биз сени дайындайбыз деп сунушташты. Мен андан баш тарттым, алар мени «коркоксуң» деп айыпташты. Мен бир аз орой сүйлөп койдум, мени кечирип коюңуздар. Жамаат мурдагы курамында ишейт. Мен жасай турган жападан жалгыз иш – провизияга жана журналисттердин коопсуздугуна жооп берүү», – деди ал.

6-октябрда кызматтан кете турганын КТРК жетекчиси Жайнак Үсөн уулу билдирди.

«Жетекчилик кызмат ордуна эки киши талапкер болду: бир топ Чынара Капарованы алып келди, экинчиси – продюсер Мирлан Самыйкожону сунуштады. Бирок биз башкы директордун милдетин БК (Байкоочу кеңештин) мүчөсү Жылдыз Бакашева аткара турганы жөнүндө компромисттик чечим кабыл алдык. Ал «Ала-Тоо 24» программасына продюсер катары Чынара Капарованы дайындады. Бирок тааныштырганы барганда жамаат кабыл алган жок. Башкы кеңсеге келгенибизде Мирлан Самыйкожо өзүн өзү башкы директордун милдетин аткаруучу кылып дайындаганы анык болду. Ал БК таратылганын, канал улуттук болуп кайра түзүлөөрүн билдирди», – деп БК мүчөсү Жылдызбек Керимбаев 24.kg сайтына кабарлаган.

Анын айтымында, БК мүчөлөрү 7-октябрда КТРК имаратына кире алган эмес.

«Азыр биз Байкоочу кеңештин мүчөлөрү менен WhatsApp аркылуу бул кырдаалды талкуулап жатабыз. Бийлик бир калыпка түшсө, бардыгы укуктук жолго түшөт деп күтүп жатабыз. КТРКнын башкы органы Байкоочу кеңеш болуп саналат жана юридикалык жактан Жылдыз Бакашева башкы директордун милдетин аткаруучу болуп саналат. Мирлан Самыйкожо кылып жаткан иш-аракеттер – мыйзамсыз»,деп ал интернет басылмага белгиледи.

Окшош посттор