Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Ошто журналисттердин кесиптик ишине тоскоолдуктар кѳп болууда

Ошто журналисттердин кесиптик ишине тоскоолдуктар кѳп болууда
Журналисттер арыз жазып жатышат. Сүрөт kloop.kg сайтынан алынды

Коомдук-саясий абалды чагылдыруу учурунда журналисттердин кесиптик ишине тоскоолдуктар кѳп болду. Жогорку Кеӊешке депутаттарды шайлоо күнү Ош шаарында «Клооп» сайтынын кабарчысына кол салуу болуп, анын телефонун тартып алган. Эртеси күнү шайлоонун жыйынтыгы боюнча жүрүп жаткан митингди чагылдыруу учурунда «Азаттык» үналгысынын кабарчысы ур-токмокко кабылды.

4-октябрь күнү Ош шаарында шайлоо участогунун сыртында «Клооп» интернет-басылмасынын эки кабарчысынын телефондорун тартып алуу аракеттери болгон. Кабарчы  Хамидулло Узаков түз эфирге чыгып жатканда белгисиз бирѳѳ кол салган.

“Түз эфир кылып жатканымда чочун бир жигит мойнума шапалак менен чаап, телефонума асылды. Эки милиция ажыратып калды. Ал качып кетти. Бирок, милициялар мага кол салган адамды кармоого шашылышпады”, – деди Х.Узаков.

Ошол эле кезде «Клооп» интернет-басылмасынын дагы бир кабарчысы Айбике Адилет кызынын да телефонун тартып алуу аракети болгон.

Кабарчылар «ПРЕССА» деген бейджиктери бар болгонун, журналисттик ишмердигин жүргүзүп жатканын ал жердегилер кѳрүп турганын айтышты.

“Мага кол салып, телефонуму тартып алган жигиттин сүрѳтү боюнча интернеттен издеп, ал жигиттин грепплинг боюнча Азия чемпиону экенин билдим”, – деди Х.Узаков.

«Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө»

мыйзамда тѳмѳндѳгүдѳгүдѳй кепилдиктери каралган:

Журналисттин кесиптик укуктары, ар-намысы жана кадыр-баркы мыйзам тарабынан корголот.

Кесиптик милдеттерин аткарууда журналист инсанга кол тийбестиктин кепилдиктеринен пайдаланат.

Сын материалдарды жарыялагандык үчүн журналистти куугунтуктоого жол берилбейт.

Мамлекет журналистке маалыматты эркин алууга жана жайылтууга кепилдик берет, ал кесиптик ишин жүзөгө ашырууда аны коргоону камсыз кылат.
Журналисттин кесиптик ишине кийлигишүүгө, андан кесиптик милдеттерин аткарууда алынган ар кандай маалыматтарды талап кылууга тыюу салынат.

Хамидулло Узаков ага кол салуу жана телефонун тартып алуу инциденти боюнча милицияга арыз жазды.

Ош милициясы бул факты боюнча иш Кыргыз Республикасынын Жоруктар боюнча кодексинин Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу” беренеси боюнча катталганын маалымдады.

Шайлоону чагылдыруу учурунда спортсмен жигиттер журналисттерге тоскоолдук жаратканын, буга шайлоо участогунун тѳрагасы кийлигишпегенин «Ынтымак» телеканалынын журналисти Мимоза Жаныбек кызы белгиледи.

“Шайлоо участогуна кирели десек, спорттук дене түзүлүштѳгү үч жигит алдыбызды тосуп, кирүүгѳ тоскоолдук кылышты. Алар бири-бири менен байланышта болуп, биздин артыбыздан түшүп, биз кайда барсак, ошол жакка барып атышты. Бирѳѳсү келип, сүрѳткѳ тартпа деп, мага тыюу салды. Спортсмендер менен байланышта болгон башка бирѳѳ бизди шайлоо участогунан чыгып кетүүнү айтты. Ошол жердегилердин баарынын тили бир болуп жатты. Алар милицияга: «Эмне үчүн журналисттерди киргиздиӊер, булар биздин ишибизге тоскоолдук кылып жатат», – деп бизди күнѳѳлѳштү”, – деди «Ынтымак» телеканалынын журналисти Мимоза Жаныбек кызы.

6-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында шайлоонун жайынтыгы боюнча ѳтүп жаткан митингди чагылдыруу учурунда «Азаттык» үналгысынын кабарчысы Дастан Үмѳтбай уулу да ур-токмокко кабылды.

Митинг учурунда журналисттерге гана эмес, башкаларга да зомбулук кѳрсѳтүү кѳп болду. Ошол жердегилер уккусу келбеген сѳздү айткандарды да ур-токмокко алышты. Аябай опурталдуу болду. Мага кол кѳтѳргѳндѳр менин журналист экенимди билиши да, билбеши да мүмкүн. Ал жердегилер зомбулук кѳрсѳтүп жатканын жашырууну, мыйзамсыз аракеттери тасмага түшүп калбашын каалагандар болду, – деди Дастан Үмѳтбай уулу.

Бирок журналист аны ур-токмокко алгандар боюнча милицияга арыз жазган эмес.

Буга чейин эки учур болгон. Экѳѳндѳ теӊ милиция биздин кызыкчылыгыбызга чечпей койгон. Биринчисинде, мыйзамсыз тарткансыӊар дегендей кайра бизге күнѳѳнү оодаргандай болду. Экинчисинде жазган арызды электрондук китепчеге каттаганы менен, ишти тергебей койду. Мен шайлоо алдындагы мыйзам бузууларды сүрѳттѳр менен, ошол кишинин жүзү менен далилдеп бергем. Суракка чакырабыз дегени менен милиция бир жолу да тергѳѳгѳ чакырган жок, – деп түшүндүрдү Дастан Үмѳтбай уулу.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо ѳттү. 5-октябрда массалык башаламандыктар болуп, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Жер-жерлерде митингдер уланууда.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу ѳкүлү

Окшош посттор