Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

6-7-октябрда журналисттерге кол салуунун жаңы учурлары болду

6-7-октябрда журналисттерге кол салуунун жаңы учурлары болду
Скриншот

Бишкек шаарында 6- жана 7-октябрда kloop.kg жана kaktus.media басылмаларынын шаардагы болуп жаткан окуяларды чагылдырып жүргөн журналисттерине кол салуулар болду.

kloop.kg корреспонденти Айдай Токоева өзүнүн Фейсбук баракчасына билдиргендей, 6-октябрда өкмөт үйүнүн жанында аталган интернет-басылманын журналистине эфир убагында нааразылык акциясынын белгисиз катышуучулары кол салган. Алар тасмага тартууну токтотууну талап кылышты.

«Менин телефонумду жулуп алышты, бир операторду жерге жыгышты. “Эмне түшүнбөйсүңбү тартпа дегенди?”,- деген сөздөр менен @as.almir’анын колун толгоп, телефонун тартып алууга аракет кылышты», – деп А.Токоева жазган.

Жардам сураган кыйкырыкка адамдар чуркап келишкен жана журналисттер дагы жардам берген, алардын арасында “Үмүт 2020” кыймылынын лидери Ширин Айтматова болгон.

6-октябрдан 7-октябрга караган түнү «Достук» мейманканасындагы митингчилер Kaktus.media басылмасынын кабарчысына да кол салышкан. Аталган интернет-басылма билдиргендей, штаттан тышкары журналист мейманкананын аймагына жакын жерде, саясатчынын тарапташтары басып алууга аракет кылган учурду көрсөтүп, түз эфир жүргүзүп жаткан. Чоң топ дружиначылар түшкөн автобуска кол салган. Журналист шаардагы окуяларды ошолор менен бирге чагылдырып жүргөн.

«Агрессивдүү тарапташтар видеого тартып жатканды көрүп, ачууланып, автобуска жабылышты. Бардык дружиначыларды автобустан сыртка чыгып, кетип калууга мажбурлашты…

Транспорт бош кетти, ал эми дружиначылар Садыр Жапаровдун тарапташтарынын курчоосунда калып калышкан. Алар кимдир-бирөөлөр өздөрүнүн жүзүн тасмага тартуусун каалашкан жок, ошондуктан биринчи кезекте журналисттерге кол салышты. Журналист кызга ал жерден башка дружиначылар менен бирге качып кетүүгө мүмкүн болду. Аларды бир канча убакыт кубалап барышкан. Азыркы учурда биздин журналист коопсуз жайда»,деп кабарлайт Kaktus.media.

Окшош посттор