Жалал-Абад шаарынын мэри маалыматтык монополия орнотту

20.05.2019

Рубрика: Аналитика

Басып чыгаруунун версиясы

Жалал-Абад шаарында маалыматка жетүү эркиндиги чектелип, шаар жетекчиси тарабынан мэриядагы булактардан маалымат алууга жана таркатууга монополия киргизилди. Айрым эксперттер муну айрым бир аймактардагы сөз жана басма сөз эркиндигин чектөө, басмырлоо катары кабыл алышууда.

Жетекчилер маалымат берүүдөн баш тартышууда

Жалал-Абад шаарынын тургуну, YouTube социалдык тармагындагы “Малина ТВ” каналынын ээси жана жетекчиси Санрабия Сатыбалдиева шаар аймагындагы болуп жаткан инфраструктуралык курулуш иштерин чагылдыруу максатында шаардагы бир катар мекемелердин жетекчилернинен маалымат алуу аракети оңунан чыкпады. Алар журналисттин кызыккан суроолору боюнча маалымат берүүнүн ордуна өздөрү жетектеген мекеменин иш-аракеттери боюнча маалымат алуу үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борборуна барууну сунуш кылышкан.

Алсак, быйылкы жылы шаар боюнча бир катар инфраструктуралык курулуш иштери башталып, өткөн жылы аяктабай калган курулуш иштери да аягына чыгууда. Ушул аткарылып жаткан иштердин жүрүшү боюнча С. Сатыбалдиева шаардык Капиталдык курулуш департаментинин жетекчиси Акылбек Нуркуловго кайрылган. Бирок, А.Нуркулов мэриянын бул иштер тууралуу маалыматты шаар мэриясынын алдындагы Маалымат борборунан алууну сунуштап, маалымат берүүдөн баш тарткан.

Журналист С.Сатыбалдиеванын ушундай эле маалымат алуу аракети шаардык Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинде да ишке ашкан жок. Журналисттин шаарда түнкү жарыктандыруу, жол чырактарын орнотуу багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу берген суроосуна ал ишкананын жетекчиси Саидибраим Жакыпов жооп берүүдөн баш тартып, маалыматты шаар мэриясынын алдындагы Маалымат борборунан алуу зарылдыгын айткан.

Тилекке каршы, журналисттер кызыккан маалыматтарды журналисттерге берүүдөн баш тартуу жогорудагы аталган жетекчилерге гана эмес, башкаларына деле мүнөздүү көрүнүш. Мындай нерсе мындан мурун анчалык байкалган эмес болсо, акыркы кездерде ачык байкалып, журналистердин ишинде кыйла убаракерчиликтер пайда болду. Ал эми шаардык ишканалардын жетекчилеринин арасындагы мындай терс көрүнүш шаар жетекчилигинин санкциясы болбосо жүз бермек эмес.

 

Маалымат борборунан зарыл маалымат алууга мүмкүн болбоду

Деген менен, шаар мэриясынын алдындагы Маалымат борбору муниципалдык маалымат саясатын иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу Кыргызстанда аналогу жок мекеме болуп эсептелет. Ал шаар мэриясы тарабынан 2015-жылы түзүлүп, азыркыга чейин муниципалитеттеги иш-аракеттерди коомчулукка кабарлоо, коомчулуктун кайчы байланышын камсыз кылуу багытында иштеп келет. Бир сөз менен айтканда, шаардагы мекеме-ишканалардын иш-аракеттеринин коомчулукка жеткирүү жагынан алар менен тыгыз иш алып барат.

Бирок, шаардык мекемелердин ордуна алардын иш-аракеттери тууралуу маалыматтарды бериши, шаарда ушундай тартип киргизилиши көп маселелерди жаратат. Анткени Маалымат борборундагы журналисттер тигил же бул маселелер боюнча адис эмес, ошону үчүн алардын маалыматтары жеткиликтүү жана толук боло албайт. Ошол себептүү да С.Сатыбалдиева Маалымат борборунун директорунан шаардагы жол курулушуна тиешелүү айрым маселелер боюнча толук, зарыл маалыматтарды ала алган эмес, борбордун директору ал маселелер боюнча маалыматар анда жоктугун моюнга алган.

Шаардагы болуп жаткан ар кандай иштер боюнча журналисттерге анык, так жана толук маалыматтарды ошол иштерди алып барып жаткан тигил же бул ишкананын адистери гана бере алышат, анткени иштин спецификасы аларга гана маалым.

 

Шаар мэри Конституцияга, президенттин позициясына каршыбы?

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев бул кызматта 2018-жылдын июнь айынан баштап иштеп келатат. Ага чейин шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеген жана шаардагы болуп жаткан кемчиликтерди коомчулукка жеткирүү жагынан журналисттер менен тыгыз иш алып барган. Бирок, ал шаардын аткаруу бийлигине өтүү менен өзгөрүп, терс маалыматтардын журналисттерге жетишин чектөө аракетин колго алган. Ошол максатта 2018-жылы 20-ноябрь күнү “Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана муниципалдык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өз ара иштөөсүн уюштуруу жөнүндө” №336-б буйрукка кол койгон.

Бул буйрук Кыргыз Ресубликасынын Конституциясына жана аракеттеги мыйзамдарына каршы келери тууралуу кезегинде журналисттер коомчулукка жар салышкан. Анткени буйруктун 1-пунктунда “шаардык муниципалдык ишкана жетекчилерине “шаардын аймагынан чет жакка, башка район-шаарларга, Бишкек, Ош шаарына иш-сапарга чыгууда, массалык маалымат каражаттарына кандайдыр маалымат берүүдө шаар жетекчилиги менен макулдашуу” керектиги жазылган.

Эгер шаар мэри кол койгон бул буйруктун текстиндеги грамматикалык жана стилдик каталарды эске албаганда да, анын 1-пунктунын мазмуну Кыргыз Республикасынын Конституциясына, аракеттеги мыйзамдарына караманча каршы келет. Анткени, КР Конституциясынын 31-беренесинин 2-3-пункттарында жарандар сөз жана басма сөз эркиндигине ээ экени, эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланууга тийиш эместиги, ал эми 33-берененин 3-4-пункттарнда мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралуу маалыматтарды алуу укугу, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматтарды алууга кепилди айтылган.

Анан калса, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамында Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери ачык, айкын жана маалымдуу экени, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүүгө ар кандай чектөөлөрдү коюуга тыюу салынары ачык жазылып турат. Ал эми Кыргыз Республикасынын “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамында цензурага жол берилбестиги тууралуу ачык көрсөтүлгөн.

Жалал-Абад шаарынын мэри М. Тагаевдин жогорудагы буйругуна байланыштуу жергиликтүү журналисттер тигил же бул ишканага барып, ал жердеги ишмердик тууралуу маалымат ала албай жатышат. Ишкана жетекчилери тарабынан маалымат берүүгө чектөө киргизилип, расмий маалымат таркатуу багытында шаар мэриясы монополия түздү. Бул Конституцияда көрсөтүлгөн демократиялык, ачык коом прициптерине туура келбейт.

М. Тагаевдин мыйзамсыз аракети Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго да маалым. Өлкө башчысы 2018-жылы 19-декабрда биринчи жолу басма сөз жыйынына чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берген. “Ачык саясат” гезитинин редактору Назгүл Мамытова Жалал-Абад шаарынын мэри М. Тагаев жогоруда биз сөз кылган буйрук аркылуу сөз жана басма сөз эркиндигине чектөө киргизгенин айтып, президенттин буга карата позициясын сураган. Президент шаар мэринин бул аракети туура эмес экенин ачык билдирген.

Бирок, М.Тагаевдин буйругу азыркыга чейин күчүндө. Ошонун кесепетинен азыркы учурда да журналисттер тигил же бул шаардык ишканадан маалымат алууда ар кандай чектөөлөргө, андан улам келип чыккан убаракерчиликтерге дуушар болушууда.

 

Корутунду

Областтагы прокуратура органдары а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарбагандык; б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык; в) Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын бузгандык фактыларын карап, бузулган укукту калыбына келтирүү аракеттерин жасайт деген ишеничтебиз. Прокуратуранын андай аракеттери үчүн керек болгон жүйөөлөр журналисттер тарабынан берилери анык.

Жалил Сапаров,
“Журналисттер” коомдук бирикмесинин Жалал-Абад областы боюнча өкүлү