Окутуунун жыйынтыгында катышуучулар мультимедиалык аспаптарды колдонуп, тренингдин темасына байланыштуу иш-чаралардан сырткары, алар иштеген мамлекеттик мекеменин ишине байланыштуу бардык иш-чараларды социалдык тармактарда жеткиликтүү чагылдыруу боюнча сапаттуу контенттерди даярдаганды жана аларды кенен жайылтканды үйрөнүп, коомчулук жана ЖМК өкүлдөрү менен байланышты жакшырта алышат.
5-ноябрда болсо Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын айрым диний жана жамааттык лидерлери үчүн биринчи окутуу башталат.
Аталган окутуулар Европалык Биримдигинин эсебинен каржыланып, Internews эл аралык уюмунун “Борбор Азияда радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга туруктуулукту күчөтүү” аттуу долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат.