8-февралда саат 17:00дө “Журналисттер” коомдук бирикмеси кыргыз тилдүү журналисттер үчүн аналитикалык макаланы жазуунун негизги принциптери тууралуу вебинар уюштурат.
Вебинарда журналист, аналитик Кубан Таабалдиев аналитикалык макаланы жазуунун негизги принциптери тууралуу айтып берет.
Окутууда
– Аналитикалык журналистика боюнча жалпы түшүнүк
– Журналистикадагы жанрлардын жалпы түрлөрү
– Аналитикалык журналистикадагы колдонулуучу жанрлар
– Аналитикалык журналистиканын функциясы
– Макала жазуудагы колдонулуучу методтор-ыкмалар тууралуу сөз болот. Вебинар кыргыз тилинде, акысыз болот. Эгер катышууну кааласаңыз бул жерден катталсаңыз болот.
Уюштуруучулар: “Журналисттер” коомдук бирикмеси.
Суроолор боюнча: 0559 56 65 69 номуруна кайрылсаңыздар болот.