Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналист маалымат ала албады

Ош шаарындагы “Грамотей” жеке менчик мектебинин администрациясы жаңы окуу жылына даярдык тууралуу маалыматты журналистке берүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу Ош шаарындагы “Журналисттер” коомдук бирикмесинин координаторуна эркин журналист Музаффар Турсунов 2-августта билдирди.

«Учурда мен 2012-13-жаңы окуу жылына даярдык тууралуу, анын ичинде биринчи класска балдарды кабыл алуу иши жөнүндө материал даярдап жатам. Мамлекеттик билим берүү тармагы боюнча тийиштүү маалыматтарды алган элем. Жеке менчик мектептер тууралуу маалыматтар гана жетишпей жаткан. “Грамотей” мектебине кайрылганымда, мага андай маалыматтарды берүүдөн баш тартышты”, – дейт ал.

Музаффар Турсуновдун айтымында, жеке менчик мектептин администрациясынын өкүлү өзүн да тааныштырбай, эмне үчүн керектүү маалыматты бергиси келбей жатканын да түшүндүргөн эмес.

Ош шаарынын журналистерине жеке менчик ишкана-мекемелерден маалымат алуу  дайым кыйынчылыктарды түзүп келет.

Окшош посттор