Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Талас журналисттери областтык ички иштер башкармалыгынан маалыматтарды алууда кыйынчылыктар бар дешет

Талас журналисттери областтык ички иштер башкармалыгынан маалыматтарды алууда кыйынчылыктар бар дешет

Талас областынын журналисттери Областтык ички иштер башкармалыгынан (ОИИБ) маалыматтарды алууда бир топ кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар бар экендигин белгилеп келишет.

“Мындан эки жыл мурда Ильяс Касымбаев ОИИБдин башчысы болуп иштеп турган учурда ошондой көрүнүш орун алса, азыр Алмаз Жумабеков иштеп жаткан учурда дагы ошондой эле көрүнүш уланууда”, – дейт областтык «Талас турмушу» гезитинин башкы редактору Козубек Иманкулов.

А.Жумабековдун билдирүүсүндө, ыкчам маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына дайыма билдирип туруу боюнча басма сөз кызматынын жетекчиси Динара Сарногоевага бир нече жолу эскертүү берилген. Бирок ОИИБдин жетекчиси милициянын полковниги Алмаз Жумабековдун расмий билдирүүсү менен иш жүзүндөгү көрүнүш төп келбестигин, укук коргоо органдарынын ичинен облустук прокуратура гана журналисттер менен дайыма тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп жаткандыгын билдирет «Талас турмушу» гезитинин башкы редактору.

ОИИБдеги басма сөз кызматынын жетекчиси Д.Сарногоевага бир нече өтүнүч кайрылуулар жасалганы менен ал эки-үч айда гана айрым маалыматтарды берүү менен чектелип жаткандыгын, ушундай эле көрүнүш сот органдарына да тиешелүү экендигин Козубек Иманкулов белгиледи.

Окшош посттор