Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналисттин арызы боюнча иш кыскартылды. Журналисттер өздөрү иликтөө даярдоодо

Журналисттин арызы боюнча иш кыскартылды. Журналисттер өздөрү иликтөө даярдоодо
Журналисттер арыз жазып жатышат. Сүрөт kloop.kg сайтынан алынды

«Клооп» интернет-басылмасынын кабарчысынын арызы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши кыскартылды. «Клооп» тергөө акыйкатсыз болгонун айтып, иш боюнча журналисттик иликтөөсүн даярдап жатат.

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков Хамидулло Узаковдун арызы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши кыскартылганын маалымдады.

«Иш Кыргыз Республикасынын Жоруктар боюнча кодексинин “Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган эле. Соттук-медициналык экспертизанын тыянагына негизделип, Хамидулло Узаков жабыр тартпаганы аныкталып, иш кайра кыскартылды», – деди Замир Сыдыков.

«Клооп» интернет-басылмасынын кызматкери Хамидулло Узаков жактоочу менен макулдашып, эми сотко арыз даярдаша турганын айтты:

«Иш ноябрдын аягында кыскартылыптыр. Аны бир апта өткөндөн кийин гана уктук. Тергөөчү мени менен шектүүнү беттештирген деле жок. Арыздын кыскартылганы жөнүндө кабар берилген да жок. Адвокатыбыз кабар алып, бизге маалымдады. Иш кыскарып кеткенден кийин биз прокуратурага кайрылдык. Прокуратура арызды алып, бирок, карабай койду окшойт. Эми жактоочубуз менен кеӊешип, сотко арыз даярдаганы жатабыз», – деди Х.Узаков.

«Клооп» басылмасынын кыргыз редакциясынын башкы редактору Элвира Султанмурат кызы тергөөнүн акыйкат болгонуна ишенбей жатышканын маалымдады:

«Милиция ишти кыскартып салганы үчүн азыр өзүбүз иликтөө жасап жатабыз. Жакында, буюрса, иликтөөбүз чыгат. Тергөөчү көп жагдайды эске алган эмес: жадакалса беттештирүү болгон эмес, көп нерсени айтып берген күбөлөр суралган эмес. Арызда биз эки нерсени айтканбыз: кол салуу болгон жана журналисттин ишине тоскоолдук жараткан деп. Тоскоолдук жаратканы боюнча маселени тергөө эч караган эмес. Суракта кол салган адам шектүү катары эмес, күбө катары болуптур. Анын иштеген жери «жеке ишкер» деп жазылыптыр. Кол салган адам муниципалдык кызматкер, «Ош тазалык» ишканасында полигондун директору, болуп жатпайбы. Биз фактыларды чогултуп, ишти өзүбүз иликтеп, журналисттин ишине тоскоолдук болгонун өзүбүз далилдеп беребиз», – деди Элвира Султанмурат кызы.

Учурда «Клооп» басылмасынын башка кызматкери Айбике Адилет кызынын арызы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

«Бир арызыбыз кыскарды. Экинчи арызыбыз боюнча тергөө жүрүп жатат. Бирок, ал иш деле кыскарып кетиши мүмкүн деген божомол бар», – деди Элвира Султанмурат кызы.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 4-октябрында Парламенттик шайлоодо добуш берүү күнү Ош шаарында шайлоо участогунун сыртында «Клооп» интернет-басылмасынын эки кабарчысынын телефондорун тартып алуу аракеттери болгон. Кабарчылар Хамидулло Узаков жана Айбике Адилет кызы милицияга арыз жазган.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер»
КБнын Оштогу ѳкүлү

Окшош посттор