Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Жалал-Абаддагы интернет-сайт өзүнө коюлган доо боюнча ишти сотто жеңип алды

Жалал-Абаддагы интернет-сайт өзүнө коюлган доо боюнча ишти сотто жеңип алды

2020-жылдын 9-мартында Жалал-Абад областтык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы Орусия Федерациясындагы “Издательская группа “ВК-медиа” ЖЧК менен Жалал-Абад шаарындагы “Клото” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы автордук укуктуу бузуу боюнча маселесин карап, Жалал-Абаддык журналисттердин пайдасына аныктама кабыл алды. Буга чейин 2019-жылдын 22-ноябрында бул маселени Жалал-Абад областтык райондор аралык соту карап, “Издательская группа “ВК-медиа” ЖЧКнын доо арызын канааттандырган эмес.

Орусиялык уюм өзүнүн доо арызында 2015-жылдын 16-февралда prososvu.ru сайтында “Контрольная закупка” добралась до Сосьвы. Прокуратура и Росспотребнадзор работали в магазинах” аттуу материал жарыяланганын жана ага болгон автордук укук коомдук бирикмеге таандык экенин билдирген. Ошондой эле “Клото” ЖЧКсына таандык ru.vzglyadriv.kg сайтында 2017-жылы 14-сентябрда “В парламенте просят создать аналог Роспотребнадзора из-за угрозы проста ГМО” аттуу материал жарыланып, анда “Издательская группа “ВК-медиа” ЖЧКга таандык фото-сүрөт пайдаланылганын көрсөтөт. Доогердин пикиринде, фото-сүрөт автордук укукту алып жүрүүчүдөн уруксатсыз пайдаланылып, уурдалган жана коомдук бирикменин автордук укугу бузулган. Анткени ал сүрөттү ЖЧКда эмгектик келишим боюнча иштеп жаткан кызматкер 2014-жылы 13-февралда тартып алган жана ЖЧКга таандык сайтта пайдаланылган. Орусиялык уюм өзүнүн автордук укуктарын жана жоопкер тарабынан укуктарынын бузулганын тастыктоо боюнча Орусия Федерациясынын Жарандык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин беренелерин негиз кылган. Доогер сотто жоопкерден 35 миң сом өндүрүүнү өтүнгөн жана бул сумманы 2019-жыл үчүн Кыргызстандагы минималдуу эмгек акынын өлчөмү (1750 сом) аркылуу аныктаган.

Бирок, жоопкер “Клото” ЖЧКсынын өкүлү, журналист Евгений Погребняк сотто доогердин келтирген жүйөлөрүнө макул эместигин билдирип, анын өтүнүчүн канааттандырбоону соттон сурады. Ал фото-сүрөттү орусиялык сайттан эмес, Кыргызстандагы эле for.kg сайтынан алып пайдаланганын, пайдаланган кезде да ошол сайтка шилтеме бергенин, фото-сүрөттүн авторлугуна ээ болуу аракети болбогонун, ошондуктан да “Издательская группа “ВК-медиа” ЖЧКнын автордук укугун бузбагандыгын, мыйзамдуу аракет жасаганын көрсөттү. Анан калса, бул фото-сүрөт 2017-жылы 14-сентябрда Кыргызстандагы дагы бир vb.kg сайтында жарыяланган, анда фото-сүрөткө “Издательская группа “ВК-медиа” ЖЧКга шилтемеси берилген. Е.Погребняк “Издательская группа “ВК-медиа” ЖЧК vb.kg сайтына да доо койгонун, бирок Бишкек шаардык райондор аралык соту аны кароодон баш тартканын билдирди.

Сотто Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1050-статьясында жаңылыктар тууралуу материалдар же күндөлүк болуп жаткан окуялар тууралуу кабарлар, кадимки эле маалыматтык билдирүүлөр автордук укук объектиси болбой турганы көрсөтүлгөнү да белгиленди. Ал эми ru.vzglyadriv.kg сайтында пайдаланылган фото-сүрөттүн жаңылык материалдары үчүн колдонулуучу маалыматтык гана мааниси бар экени эске алынды. Ошондой эле доогер өзүнүн автордук укуктарын жана жоопкердин укук бузуусун Орусия Федерациясынын мыйзамдары аркылуу негиздеген, ал башка өлкөнүн мыйзамдары-нормативдүү актылары башка өлкөдөгү укук колдонууга негиз боло албайт.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Медиа-өкүлү Акмат Алагушев Евгений Погребняктын суроо-талабы боюнча кат жүзүндө жооп берип, анда Кыргыз Республикасынын “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамынын 19-статьясынын 5- жана 1-пункттарына ылайык, күндөлүк жалпыга маалымдоо материалдарын, фото-сүрөттөрдү эфир же башка формада кайра чыгаруу же жалпыга кабарлоого жол берилерин көрсөткөн. Ошондой эле фото-сүрөттү for.kg сайтынан алып, ага шилтеме берүү менен, ошондой эле фото-сүрөттө vb.kg сайты көрсөтүлүп турганы менен “Клото” ЖЧКсы же ru.vzglyadriv.kg сайты автордук укукту талашкан жана бузган эместигин тастыктаган.

Ошентип, Жалал-Абад областтык райондор аралык соту жоопкердин келтирген жүйөлөрүн жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, башка да мыйзам актыларынын жоболорун эске алуу менен “Издательская группа “ВК-медиа” ЖЧКнын доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Аталган орусиялык уюм бул чечимге нааразы болуп, Жалал-Абад областтык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

Жалал-Абад областык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы бул маселени ар тараптуу карап, талкуулап, Жалал-Абад областтык райондор аралык сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Эми доогер Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайрылабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Эскерте кетсек, “Клото” ЖЧКсы Жалал-Абад шаарында “Взгляд” гезитин чыгарып келген, ал эми ru.vzglyadriv.kg сайты 2016-жылдан бери иштеп келет.

Жалил Сапаров,
“Журналисттер” КБнын Жалал-Абад областы боюнча өкүлү

Окшош посттор