Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Ош областында айрым ЖМКлар аккредитация ала албай убара

Ош областында айрым ЖМКлар аккредитация ала албай убара

COVID-19 пандемиясына байланыштуу Ош областындагы көпчүлүк ЖМКлар үй шартында онлайн иштеп жатышат. Анткен менен, уруксат кагазы жок телеканалдар үчүн бир катар татаалдыктар жаралууда. “TMG» телеканалы техникалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн уруксат кагаз ала албай убара тартып жатканын маалымдады.

Башка ЖМКлардай эле “TMG” телеканалынын кызматкерлери да үй шартында иштеп, ачык маалыматтардан пайдаланып кабарларды эфирден берип жатканын телеканал жетекчиси Кубаныч Жусанов маалымдады. Анын айтымында, электр, же интернет үзгүлтүккө учураганда, уруксат кагазы барлардан суранып, телеканал кеӊсесиндеги техникалык көйгөйлөрдү чечтирүүгө туура келүүдө.

“Апрель айынын башында кат аркылуу 2 жолу кайрылдык, уруксат кагаз ала албадык. Электрондук түрдө уруксат алуу киргизилгенден кийин, 21-апрелде, “TMG” бир машинага жана нөөмөт менен алмашып иштөөгө 4 кызматкер үчүн уруксат кагаз алууга арыз жазды. Кайрылууга бир жарым сутка аралыгында жооп келди. Уруксат берилбеди. 23-апрелде мурдагыдай эле жүйөө менен 2 адамга уруксат кагаз үчүн арыз жазылды. Бардык документтерди тиркеп, катты жөнөткөнбүз. 3-4 сааттан кийин эле отказ болду. Бирок, баш тартуунун себебин телефон чалып да, СМС жазып да, биле албай койдук”,- деди Кубаныч Жусанов.

Ош шаарынын жана Ош областынын Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борборунун жетекчиси Жеӊишбек Аширбаев кабарлагандай, аккредитация алуу үчүн ЖМК жетекчилигинен коменданттын атына арыз керек, ал эми журналисттердин өз атынан жазылган арыздар кабыл алынбайт.

“TMG” телеканалына байланыштуу маселеге токтолуп, аккредитация үчүн каттагы негизги тиркемеде ОсОО “Жаш FM” (“Т-Медиа-Групп” телеканалы) деп каналдын аталышы кашаа ичинде көрсөтүлгөндүктөн телеканалдын атын жамынып жатышпасын деген күмөн жаралып, уруксат берилген эмес деп кабарлады Ж.Ашырбаев.

“Урматтуу ЖМК жетекчилери, акредитациядан өтө турган болсоӊор, бизге документалдуу аталыштагы атын бергиле, же элге таанылып жүргөн аталышты бергиле. Биз системага киргизгенде, мурда биз менен иштешип жургөн аталышты жазып киргизгенбиз. Ошондуктан, мындан ары талаш болбошу үчүн, ар бир ЖМК бизге документалдуу аталышы кандай, лицензия кандай багытта алынгандыгы боюнча так маалымат жөнөтүӊүздөр, сураныч. Мындан ары санариптик байланыштар көп болот, ошого так маалыматтар керек болот”, – дейт Ж.Ашырбаев.

Өзгөчө кырдаал жарыяланган алгачкы күндөрү мамлекеттик бир катар ЖМКга уруксат кагаздары берилген. Саналуу кызматкерлер коргоочу кийимдер менен видеотасмага алуу, репортаж даярдоо, эфирге берүү иштерин аткарып жатышат. Медиа коомчулугунда акыркы мезгилде эмне үчүн мамлекеттик ЖМКларга уруксат берилип, жеке менчик ЖМКлар мүмкүнчүлүктөн куру калып жатканы жөнүндө социалдык тармактарда кызуу сөз болуп жатат.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан баштап өзгөчө кырдаал, коронавирус илдети катталган аймактарда 25-марттан тарта өзгөчө абал жарыяланган.

Гүлзат Газиева,
“Журналисттер” КБнын
Ош областы боюнча өкүлү

Окшош посттор