Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

KG: Хакерлер өкмөттүк сайттарды бузду

KG: Хакерлер өкмөттүк сайттарды бузду

Өзбекстандык хакерлердин “Clone Security” деп аталган тобу кыргызстандык сайттарга чабуул койгонун мойнуна алды. Бул туурасында “Азаттык” радиосу маалымдады.

20-февралда Бишкек убактысы боюнча кечки саат сегиздерде Ички иштер министрлигининwww.mvd.kg, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин антитеррордук борборунун http://atc.kg, Мамлекеттик мүлктү башкаруу корунунhttp://spf.gov.kg сайттары бузулду. Андан башка дагы “Air Bishkek” авикомпаниясынынhttp://airbishkek.kg, http://sayasat.kg жана http://gde.kgинтернет cайттары талкаланды.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Жоробай Абдраимов“Азаттыкка” шаршембиде кечинде болгон чабуулду мындайча комментарийледи:

– Анчалык деле чоң өзгөрүү жок. Бирок хакер чабуул болгону чындык. Эртең мененкиге чейин баарын тактайбыз. Он күн мурда эле өкмөттүн расмий сайтына да ушундай эле чабуул болгон.

Чабуулдан кийин жогоруда аталган сайттардын башкы бетине чыккан сөздөргө караганда, аны өзбекстандык хакерлердин “Clone Security” деп аталган тобу жасаган. Алар “Биз расизмге каршыбыз” деп жазып коюшкан.

Бул топтун ысымын ачыктабаган өкүлү “Азаттыктын” өзбек кызматы менен маегинде чабуулду 2010-жылдагы улут аралык кагылышка, өзбек азчылыгынын укуктары андан бери деле корголбой жатканына байланыштырды.

“Clone Security” буга чейин Өзбекстандын мамлекеттик телеканалынын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайттарын бузган.

Булак: “Азаттык” радиосу, сүрөт: “Азаттык”

Окшош посттор