Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Коомдук телерадиоберүү Корпорациясында Редакциялык Кеңешчинин (Омбудсмендин) кызмат ордуна сынак жарыяланат

КР КТРКнын Байкоочу кеңеши маалымат алуунун жана таркатуунун эркиндигине көмөк көрсөтүү жана ЖМК чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өнүктүрүү максаттарында Коомдук телерадиоберүү Корпорациясында Редакциялык Кеңешчинин (Омбудсмендин) кызмат ордуна сынак жарыялайт.

КР КТРКдагы Редакциялык Кеңешчинин (Омбудсмендин) алдына коюлуучу милдеттер:

  • контенттин тактыгына, акыйкаттыгына жана тең салмакташтырылышына көзөмөлдүк кылуу жолу менен анын сапатын жакшыртууга шарт түзүү;
  • КР КТРКга калктын ишенимине ээ болуу процессинде көмөк көрсөтүү;
  • КТРКга өз аудиториясы үчүн жоопкерчиликтин жана кол жеткиликтүүлүктүн деңгээлин жогорулатуу процессинде көмөк көрсөтүү;
  • журналисттер тарабынан публиканын кызыкчылыктарын түшүнүшүнө мүмкүндүк түзүү;
  • керектөөчүлөрдүн укуктарын жана эркиндиктерин коргоо мүмкүндүктөрүн түзүү;
  • керектөөчү тарабынан өз укуктарын жана эркиндиктерин иш жүзүнө ашыруу боюнча, анын ичинде объективдүү жана шексиз анык маалыматты алууга карата дискриминациялоонун каалагандай формасынын алдын алуу;
  • КТРКнын өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерди, этикалык ченемдерди жана жоболорду сактоонун ишке киргизилишине шарт түзүү;
  • калктын укуктук маалыматтуулугунун деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
  • даттанууларды кароо менен, КТРКнын кызматкерлеринин убактысын үнөмдөөгө шарт түзүү;
  • кандай болбосун сотко жөнөтүлүшү мүмкүн болгон жана кымбатка тура турган соттук процесстерге айлана турган даттанууларды кароо жана чечүү.

Талапкерлерге коюла турган негизги талаптар:

  • журналистика чөйрөсүндөгү же ошого жакын тармактардагы жогорку билиминин болушу;
  • кыргыз жана орус тилдерин мыкты билиши;
  • маалыматты керектөөчүлөр менен чыр-чатак кырдаалдарды кесипкөй чече билиши;
  • өлкөдөгү ЖМКга байланыштуу кырдаалды түшүнүшү;
  • журналисттик этиканы билиши;
  • төмөнкү талапкерлерге артыкчылыктар берилет:
    • – ЖМК тармагында иштөө тажрыйбасы барларга,
    • – юридикалык билими жана тиешелүү иш тажрыйбасы бар болгондорго.

КР КТРКнын Редакциялык кеңешчиси (Омбудсмени) кызматына талапкерлер 2013-жылдын 31-октябрына чейин төмөнкү дарек боюнча резюмесин жөнөтө алышат жана сунуштамаларын көрсөтө алышат:720010, Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 59, КР КТРКнын Байкоочу кеңеши, конвертте төмөнкүдөй белги болууга тийиш «КТРКдагы Омбудсмен» же болбосо sovetotv@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү керек, маалымат алуу үчүн телефон: (312) 656721.

Окшош посттор