Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Медиа сектордун жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн биргелешкен билдирүүсү

Медиа сектордун жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн биргелешкен билдирүүсү

Кыргызстанда сөз эркиндиги жана жарандардын конституциялык укуктары кайрадан коркунучтуу абалга келди.

Азыр чабуулдардын бутасы ЖМКлар, кесиптик милдетин аткарып жаткан журналисттер жана ата мекендик коммерциялык эмес уюмдар болуп жатат.

2022-жылдын январь айынын аягында «Temirov Live» журналисттик иликтөөлөрдүн авторлоруна, ошондой эле «Кактус Медиа» маалыматтык агенттигинин жамаатына карата кылмыш иши козголгон. ЖМКны жабуу жана журналисттерди коркутуу максатында басылма редакцияларынын алдында митингдер уюшулган. Кыргыз медиалары үчүн чет элдик агенттик макамын талап кылуу менен чогулгандардын алдында чыгып сүйлөөлөр уюштурулду. Ал эми 10-февралда парламент депутаты ата мекендик бейөкмөт уюмдарга чет элдик агенттик макамын берүү демилгесин көтөрүп чыкты.

Реакциячыл күчтөрдүн чабуулчу топтору жөн гана өз ишин ак ниеттүү аткарып, коррупциялык фактыларды ачып, адам укуктарын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин коргоп жаткан кыргыз жарандарын каралоо боюнча массалык иш-чараларын башташты.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары биздин көз алдыбызда жазалоочу органдарга айланып, ал эми мамлекеттин аракеттери мыйзамга баш ийген өз жарандарына каршы багытталууда. Коңшу мамлекеттеги кесиптештери менен теңтайлашууга жөндөмдүү армия жана чек ара кызматын түзүп, чек арадагы чечилбеген көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна ушундай көрүнүш орун алып жатат. Кыргызстандагы миграция агымын токтотуп, мекенибизде иш орундарын түзүүнүн ордуна экономикабызды, инфраструктурабызды, коопсуздугубузду бузуп жаткан, ошондой эле билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана жарандардын социалдык корголуусунун өнүгүшүнө жол бербей жаткан коррупцияны жоюунун ордуна, жогорудагыдай иштер болуп жатат.

Көз карандысыз басма сөз менен коомдук уюмдарды ооздуктоо жана Кыргызстандагы сөз эркиндигин басуу аракети менен, жогорку кызматтагы аткаминерлер жана саясатчылар мыйзам ченемдерин одоно бузуп, КР Конституциясынын жаңы редакциясы менен кабыл алынган кодекстер менен мыйзамдарды көзгө илбей жатышат. Өлкө ичинде гана эмес, өлкөнүн сыртында да күчөп келе жаткан кооптуу шарттарда кыргызстандыктардын биримдиги менен тилектештигин бекемдөөнүн ордуна кызмат адамдары Кыргызстандын жарандарын “ляппай” деп баш ийип жана жеке берилгендиги” боюнча бөлүү менен басымды күчөтүп, коомдогу ансыз деле араң турган абалды чыңалтууда.

Ата мекендик уюмдарды чет элдик агенттик катары таануу боюнча КР Жогорку Кеңешинде сунушталып жаткан демилге бейөкмөт уюмдар менен жалпыга маалымдоо каражаттарына гана каршы багытталган жок. Бул демилге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө да сокку урат. Анткени КР Өкмөтү 1991-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин чет элдик жардамдын башкы жана негизги алуучусу болуп келет. Миллиардаган АКШ долларлары кыргыз өкмөтү тарабынан өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн, алардын ичинде АКШ, Кытай, Россия, Германия, Улуу Британия, Япония, Швейцария, Европа Биримдиги сыяктуу мамлекеттерден эки тараптуу келишимдердин негизинде алынган.

Айрым аткаминерлер жана саясатчылар жеке кызыкчылыктарын коргоо үчүн журналисттерге, жарандык активисттерге жана коомдук уюмдарга басым жасоо максатын көздөп, мамлекеттин ресурстарын жана ыйгарым укуктарын колдоно аларын биз түшүнөбүз.

Биз журналисттерге, укук коргоочуларга, Кыргыз Республикасынын жарандарына куру жалган жабууну токтотууга чакырабыз! «Temirov Live» жана «Кактус Медиа» командаларын куугунтукка алуу токтотулсун! Күч органдарынын журналисттердин кесиптик ишине тоскоолдук жаратуу боюнча аракеттерин ар тараптуу жана адилет иликтөө жүргүзүүгө, алардын жыйынтыгын ачык жарыялоого жана күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырабыз.

Өкмөткө жана Кыргызстан жарандарына каршы багытталган КР ЖКнын чет элдик агенттер тууралуу ойлонулбаган демилгесин токтотууга чакырабыз!

Дилбар Алимова, “ПолитКлиника”

Данияр Садиев, “Т. Турсуналиев атындагы медиамектеп”

Жаннат Токтосунова, Телеканал “3-канал”

Айгүл Бакеева, “ПолитКлиника”

Ырысбү Кылычбек кызы, “ПолитКлиника”

Кымбат Турдубекова, “ПолитКлиника”

ТРК “Т-Медиа групп”

Кайыргүл Урумканова, GovoriTV

Гладис Темирчиева, Vesti.kg

“Медиа Полиси Институту” КФ

Назира Жусупова, Жамааттык медиалар бирлиги

Элира Турдубаева, Кыргызстандык Коммуникаторлордун Ассоциациясы

TV1KG

Next.TV

Азамат Касыбеков, КР журналисттеринин көз карандысызы союзу

“Айкын пресс”

Аделя Лаишева, Журналисттик иликтөөлөр фонду

Тамара Валиева, ЖМКлардын үстүнөн даттанууларды териштирүү комиссиясы

Асель Аскарова, КР Телерадиоуюмдарынын Ассоциациясы

Адиль Турдукулов, “ТВ Академия”

Лейла Саралаева, “Новые лица”

Алмаз Ысманов, Prevention Media

Семетей Аманбеков, Булак KG

Авланбек Жумабаев, медиа эксперт

Марс Тулегенов, “Журналисттер” КБ

Гүлжан Байбетова, Аялдардын демократиялык тармагы

Гүлнара Джурабаева, жарандык активист

Гүлзат Газиева, “Журналисттер” КБ

Марат Токоев, “Журналисттер” КБ

Нурдин Дүйшөнбеков, pr.kg

Жамбы Джусубалиева, фриланс журналист

Акылбек Ташбулатов, укук коргоочу

Эрик Исраилов, “Общественный Рейтинг”

Анархан Алтымышова, Kuramastory

Асель Сооронбаева, Factchek.kg

Татыбүбү Эргешбаева, “Тандем”

Рахим уулу Дилшатбек, “Т-Медиа”

Аскер Сакыбаева, журналист

Тынчтыкбек Кожобеков, журналист

Акылбек Ташбулатов, коомдук ишмер

Айзада Калканбекова, www.kyrgyzmedia.kg

Окшош посттор