Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Матраимовду колдоо митингинде «Азаттыктын» жана «Клооптун» журналисттерине карата чагымчылдык аракеттер болду

Матраимовду колдоо митингинде «Азаттыктын» жана «Клооптун» журналисттерине карата чагымчылдык аракеттер болду
Видеодон алынды

28-февралда Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Раимбек Матраимовду колдоо митинги учурунда «Азаттык» жана «Клооп» медиаларынын журналисттерине чагымчылдык аракеттер болду.

«Биз башка журналисттер сыяктуу эле окуяны жеринен барып көрүү, чагылдыруу үчүн барганбыз. Ал жерде биздин ишмердүүлүгүбүзгө тоскоолдуктар жаралып, бир нече кишилердин чагымчыл аракеттеринен улам окуяны таштап кетүүгө аргасыз болдук. «Милиция бизди алып кетсин, кооптуу боло баштады» деп чакыралы деп жатканда милиция кызматкерлери өздөрү эле келип калышты, ал жерден чыгып кетүүбүзгө жардам беришти. Физикалык жабыр тартпагандыгыбыз үчүн атайын арыз менен кайрылган жокпуз», – деди «Азаттык Медиасынын» Оштогу кабарчысы Дастан Үмөтбай уулу.

Ал митингди чагылдырууда этият болгула деген сыяктуу күн мурунтан чалуулар болгонун кошумчалады.

Тынчтык митинги учурунда «Клооп» интернет-басылмасынын журналисттерине да басым болгонун басылманын кыргыз редакциясынын башчысы белгиледи:

«Митингде бир адам «Азаттыктагы» Дастандын колунан катуу тартты. «Эмнеге жулкулдатып жатасыңар, кол салбагыла!» дедик. Анан биздин «Клооптон» экенибизди билишти. Толпа чагымчылдык кылды. Жулкулдатышты. Биздин журналистке түкүрүшүптүр, дагы бир журналист телефонуна видео тартып жатканда, бирөө кармап туруп съемканы өчүрүп салыптыр. Бизди Матраимовдун эле балдары курчап алышты да, «биз силерди коргойбуз» дешти. Толпа «кетсин, кетсин» деп жатышты. Анан милиционерлер жардам берип, ал жерден кетүүгө аргасыз болдук», – деди Элвира Султанмурат кызы.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы:

«Митинг учурунда анын катышуучулары тарабынан кандайдыр бир тартип, мыйзамдуулукту бузуу фактылары катталган жок. Ош шаарында коомдук-саясый кырдаал туруктуу. Кырдаал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын көзөмөлүндө турат», – деп маалымат таратты.

Чогулгандар Р.Матраимовдун боштондугун талап кылышты жана бейөкмөт уюмдардын, “Азаттык” радиосунун ишмердүүлүгүнө каршы пикирлерди айтышты.

Митингге транспаранттарды көтөргөн адамдар, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана Матраимовдор каржылаган “Мекеним Кыргызстан” партиясынын атынан 2020-жылдагы парламенттик шайлоого талапкер  болгон бир нече аткаминерлер да катышты.

Эске салсак, бажыдагы коррупцияга айыпталган Р.Матраимов УКМК тарабынан камакка алынганда тергөө менен кызматташарын айтып, мамлекетке 2 млрд сом кенемтени кайтарган. 11-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Р.Матраимовду бажыдагы коррупция боюнча айыптуу деп таап, 260 миң сомдук айып пул салып, бошоткон. 18-февралда Р.Матраимов кылмыштуу кирешени адалдаштырууга байланыштуу айыпталып, УКМКга сурак бергенден кийин 2 айга камакка алынган.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер»
КБнын Оштогу өкүлү

Окшош посттор