Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Кыргызнефтегаз” бербеген жоопту өкмөт берди

“Кыргызнефтегаз” бербеген жоопту өкмөт берди

Жалал-Абаддагы “Контент-медиа” коомдук фондусунун суроо-талабы боюнча быйылкы май айынан бери “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому бербей келаткан маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү октябрь айында берди.

Быйыл, 27-май күнү Жалал-Абад шаарындагы “Контент-медиа” коомдук фондунун жетекчиси Жалил Сапаров “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун жетекчиси Рашит Бостоновго кат жүзүндө суроо-талап менен кайрылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ушул компания тарабынан 2016-2018-жылдары өндүрүлгөн нефтинин көлөмү, кимдер тарабынан өндүрүлүп жатканы, кайсы жактарга жана канча көлөмдө сатылганы, нефть продуктыларынын уурдалышынын көлөмү тууралуу маалымат берип коюу өтүнүчүн билдирген. Бул суроо-талап ошол эле күнү коомдук фонддун өкүлү тарабынан “Кыргынзнефтегаз” компаниясынын маалыматтык байланыш адиси Руслан Абдумуталип уулунун колуна берилген.

Бирок, “Кыргызнефтегаз” ААК суроо-талапка мыйзамдуу мөөнөттө жооп берген эмес жана андан ары да маалымат берүүдөн баш тарткан. Ал эми “Контент-медиа” коомдук фондусу өзүнүн бузулган укуктарын калыбына келтирүү жана аталган компанияга мыйзамдуу чара көрүү маселеси менен Жалал-Абад обласунун прокурору Айбек Турганбаевге 2019-жылдын 18-июнь күнү атайын арыз менен кайрылган. Бирок, коомдук фондунун бул аракетинен да майнап чыкпады, анткени облустун прокурорунун орун басары Р.Нурмаматов 2-июль күнү кол койгон жооп катында “Кыргызнефтегаз” ААКга карата мыйзамдуу чараларды көрө албай турганын билдирген. Буга КР Юстиция министрлиги тарабынан мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктө “Кыргызнефтегаз” ААК жеке менчикте турарлыгы жазылган. Демек, ага карата прокуратура органдары текшерүү иштерин жүргүзө албай турганы себеп болгон. Облустук прокуратура Кыргыз Республикасынын “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинде журналист мамлекеттик органдардан, граждандардын өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан коомдук маанилүү маалыматты суратууга жана алууга укуктуу деп көрсөтүлгөнүн белгилеп, жеке тартипте сотко кайрылса болорлугун түшүндүргөн.

Прокуратура органдарынан жардам болбогон соң коомдук фонд 2019-жылдын 10-сентябрында маалыматка жетүү боюнча бузулган укуктарын калыбына келтирүү, тийиштүү маалыматтарды алуу максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М. Абылгазиевге кат аркылуу кайрылат. Катта ошондой эле “Кыргызнефтегаз” ААК жетекчиси Р.Бостонов коомдук фонддун жетекчисинин телефон номерине СМС билдирүүлөрдү жазып, юридикалык тараптардын ортосундагы маселени жекече тартиптеги маселеге айландырууга, бул маселени Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл аймагынын элдик курултайына алып чыгууга, эл ичиндеги өзүнүн тарапташтары аркылуу кысым жасоого ниеттенип жатканын билдирген. Жетекчинин мындай аракеттерине баа берип, чара көрүүнү суранган.

Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу 2019-жылдын 15-октябрында “Контент-медиа” коомдук фондуна жооп берип, суроо-талаптагы маалыматтардын жоопторун жиберген.

“Кыргызнефтегаз” ААК берүүдөн баш тарткан маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети даярдап, аны 2019-жылдын 24-сентябрында Өкмөттүн аппаратына жөнөткөн. Бирок, жооп катта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан маалымат берүүдөн баш тартып, “Контент-медиа” коомдук фондунун укуктарын бузган “Кыргызнефтегаз” ААК жетекчиси Р.Бостоновго кандай чаралар көрүлгөнүн же көрүлөрү тууралуу билдирген эмес.

“Контент-медиа” коомдук фонду өзүнүн иликтөө иштери үчүн зарыл болгон, “Кыргызнефтегаз” ААКтан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 14 күндүн ичинде алууга тийиш болгон маалыматтарды беш айдан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысына кайрылуу аркылуу гана алууга жетишкен. Ошол эле кезде юридикалык жактын, журналисттердин маалыматка жетүү укугун бузганы үчүн эч ким кечирим сурабаган жана КР мыйзамдарынын талабын бузганы үчүн “Кыргызнефтегаз” ААК жетекчисине эч ким тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Жалил Сапаров,
“Журналисттер” КБнын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү

Окшош посттор