Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналисттерди “Дем” бириктирет

Журналисттерди “Дем” бириктирет

Кыргызстанда жеке интернет сайты жок жалпыга маалымдоо каражаттары эми материалдарын dem.kg сайты аркылуу жарыялай алат.

Аны ачып, ишке киргизип жаткан “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев сайт тууралуу айтып берди.

– Жаңы сайтка келишим түзгөн ЖМКдан сырткары жеке, эркин журналисттер да жазса болобу?

– Жок, ЖМК үчүн гана деп жатабыз. Дүйнө жүзүндө маалымат алуунун эң эле жеңил жолдорунун бири интернет эмеспи. Ал эми Кыргызстанда тилекке каршы бул багытта бир аз таңсыктык байкалып жатат. Бизде айрым ЖМК же сайттары, же интернет менен иштешчү адиси жок болгондуктан интернетке чыга албай жатышат. Ошолорго интернетке материалдарын жайгаштырууга жардам берүү максатында ушул “Дем” деген сайтты ачтык.

– Мисалы, бир телеканал келишим түзүп иштесе, анын өзүнүн баракчасы болобу?

– Келишим деле эмес, ЖМК катталат. Бизге катталды деген билдирүү келет, биз аны ЖМКбы же жокпу текшеребиз. Андан ары өзүнүн аккаунтуна, баракчасына материалын жайгаштыра берет.

– Бул белгилүү бир мөөнөткө пландалган долбоорбу?

– Ар бир ЖМКнын өзүнүн сайты болгону жакшы. Бирок, тилекке каршы, ага баары эле жете албай жатат. Ошондуктан жок дегенде ушундай жолдор менен алардын материалдарын чыгарып турсак. Эч ким укпаган, аймактык, райондук деңгээлде калган гезиттер бар, ошолор материалдарын чыгара баштады. Алыста жүрүп кичи мекенинде эмне болуп жатканын билбегендер үчүн менимче бул кызыктуу болот.

– Сайтты эмнеге “Дем” деп атадыңыздар?

– Биринчиден, кыска-нуска аталыш. Сайтка Кыргызстандагы бардык ЖМК чыгып жатат. Кийин балдар “сен демократия деген сөздүн башын алган окшойсуң” деп калышты, бир чети бул да жакшы, ага да туура келет.

– Ага чыккан макалаларды ким текшерет, мазмунуна ким жооп берет?

– Адамдын аброюна шек келтирген материалдар болбош керек, ал макала ЖМК болуш керек жана алардын рекламалык материалдарын чыгарбайбыз.

– “Дем” сайты интернетке чыга албай жүргөн ЖМКга болгон мүмкүнчүлүк экен. Ал эми окурмандарга өзгөчө эмнени сунуштайт?

– Бир сайтка кирип эле Кыргызстандагы 20дан ашык ЖМКнын материалдары менен таанышат. Алар баарын эле чыгара бербей, өздөрү жакшы деп эсептеген 3-4 макаласын гана жарыялайт. Окурман аймак боюнча, ЖМК боюнча же башка рубрикалар боюнча тандай алат. Пикир калтыра турган окурмандар сөзсүз катталыш керек деген шартты коюп жатабыз. Болбосо, интернеттин жаман жери – атын атабай бирөөгө жаман пикир айтуу бар эмеспи.

Булак: http://www.azattyk.kg/content/kyrgyzstan_dem_kg_journalists/24758631.html

Окшош посттор