Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналисттер үчүн “Тоолор “жашыл экономикага” чакырат аттуу конкурс уюштурулду

Тоолуу өлкөбүздө тоо экосистемасын сактоо жана анын адам турмушундагы маанисин жана ордун, тоолуу аймактардын өнүгүүсүн пропагандалоо, өнүгүүнүн“жашыл экономика” багытына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында “Айыл деми” гезити “Тоолор “жашыл экономикага” чакырат” аттуу жалпы тематикадагы публицистикалык макалаларга конкурс жарыялайт.

Конкурска жиберилген публицистикалык макалалар 2013-жылдын 25-ноябрына чейин кабыл алынат жана ылайыктуулары гезит бетинде жарыяланат.

Ага каалоочулардын баары катыша алышат жана жаш курагы боюнча чектөө коюлбайт. Конкурстун жыйынтыгы 11-декабрь Эл аралык тоо күнүнө карата атайын комиссиянын кароосунда чыгарылып, жеңүүчү авторлорго белгиленген сыйлыктар салтанаттуу түрдө тапшырылат.

КОНКУРСТУН ШАРТТАРЫ ЖАНА ТАЛАПТАРЫ:

Конкурска жиберилген макалалар кыргыз тилинде болушу жана конкурска деп белгиленүүсү зарыл.

Конкурстук макалалардын негизги идеялык өзөгүн тоонун мааниси жана тоо экосистемаларын сактоо, тоолуу аймактардын өнүгүүсү жана “жашыл экономика” багыттары түзүшү керек.

Конкурстук макалалар тандалган багыт боюнча ынанымдуу аргументтер жана фактылар менен көркөм публицистикалык стилде жазылууга тийиш.

Макаланын көлөмү 12 шрифт менен терилгенде А-4 форматында 3 беттен ашпоосу керек. (Конкурстук макалалар кол жазма түрүндө да кабыл алынат.)

Конкурстун жеңүүчүлөрү төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болушат:

1-орун – 15 миң сом

2-орун – 10 миң сом

3-орун – 7 миң сом

Мындан тышкары бир нече кызыктыруучу сыйлыктар каралган.

Суроолор болсо a.demi.news@mail.ru жана  begim16@gmail.com электрондук дарегине жазып же 0312 542346 (кошумча номер 112) тел аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Окшош посттор