Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Жарандарды кырсыктардан сактоого журналисттер жардамдашат

8-сентябрда Бишкек шаарында “Кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу” аталышындагы семинарга катышкан массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын аймагында болуп жаткан өзгөчө кырдаалдарга жана анын кесепетинен зыян тартып жаткан жарандардын өмүрүнө жана мамлекетке келтирилип жаткан чыгымдарга кайдыгер карабай тургандыктарын билдиришип, резолюция кабыл алышты. Бул тууралуу ӨКМдүн басма сөз кызматы билдирди.

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына кооптуу аймакта жашаган жарандарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилип жаткан “эскертмелерди” (предписание) министрликтин расмий www.mes.kg сайтына такай жайгаштырып турууну уюштурууну сунуштайт.

2. Кыргыз Республикасындагы массалык маалымат каражаттарынын  өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилген «эскертмелердин» жарандар жана тиешелүү органдар тарабынан аткарылышын жана жыйынтыгын  коомчулукка  жеткирүү аркылуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшөт жана бардык массалык маалымат каражаттарын ушул багытта иш алып барууга чакырат.

3. Менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасындагы бардык массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери өздөрү жетекчилик кылган маалымат каражатынан өзгөчө кырдаалдар багытында иш алып баруу үчүн бирден атайын кабарчы ажыратат. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошол дайындалган атайын кабарчыларды өзгөчө кырдаалдар боюнча иш жүргүзүүгө окутууну сунуш кылат.

Кыргыз Республикасында ишмердүүлүк кылып жатышкан бардык массалык маалымат каражаттарын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдиктүү иш алып барып, жарандардын кырсыктардан коопсуз жашоосун камсыз кылууга көмөктөшүүнү сунуштайт.

Резолюцияга жалпысынан семинарга катышкан 13 массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кол коюшкан.

Окшош посттор