Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Ырыспек Өмүрзаков «Трибуна» гезитинин редакциясына гранаталар атайын ыргытылган дейт

Бул тууралуу бүгүн өткөн маалымат жыйында гезиттин башкы редактору Ырыспек Өмүрзаков билдирди.

Айтымында, бул анын 2010-жылдагы китебинин басылып чыгышына карата жасалды. «4-мартта УКК кызматкерлери имаратта бомба катылган деп келишип, санкциясы жок имартаты тинтип, кызматкерлердин жашоосуна камтама болгонсуду. Текшерүүлөрдөн кийин алар ИИМ министринин орунбасарына баары таза деп кабар беришти. Андан бир аз убакыт өткөндөн кийин редакцияга 25 киши келип, Бишкек ШИИБ жана УКК кызматкерлери катары өздөрүн тааныштырышты. Алар да тинтүү жүргүзүштү. Столдун астынан алар 3 граната менен коробканы алып чыгышты. Протокол түзө башташып, кызматкерлердин бирөө гранаталар столдон табылды десе, бирөө коробкадан табылды деп чыкты. Анан күбөлөр документтерге карабай кол коюшту. Бул тартип орган өкүлдөрү эмнени кайдан издешти алдын ала билишкен деген ойго түртөт. Бизде ИИМде кесипкөйлөр жок, алар ушундай бир макоолук менен иштешти», – деди Ырыспек Өмүрзаков.

Муну ал «7-апрель жана түштүктөгү окуялар журналисттин көзү менен» китебинин жарык чыгышына байланыштуу», – дейт Өмүрзаков.

Булак: http://kyr.24.kg

Окшош посттор