“Ош пресс-клубунда” журналисттер үчүн кезектеги тренингдерге жазылуу баталды.
18-октябрда «Теле журналистикада маек куруу ” темасына арналган журналисттер үчүн 1 күндүк тренинг болот. Тренингди белгилүү журналист Элима Жапарова алып барат.
Ал эми 25-октябрда “Мамлекеттик жана коммерциялык сырлар” темасындагы юридикалык окутуулар болмокчу. Аны юрист Айгүл Матиева алып барат.
Аталган окутууларга катышкысы келгендер 0555 359 592 телефону, же Jipar2005@mail.ru почтасы аркылуу Жыпар Акуновага кайрылышса болот.