Жогорку Кеңештин депутаттары 18-апрелде Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитти.
Анатай Өмүрканов
Акын жана жазуучу. Бир нече жыйнактардын автору. “Советтик Кыргызстан” гезитинде, “Кыргызстан” жана “Адабият” басылмаларында иштеген. Кыргызстан жазуучулар союзунун мурдагы жетекчиси. Байкоочулар кеңешине президент тарабынан сунушталган.
Абды Сатаров
Кесиби – журналист. 1973-жылы тележурналисттик кесипке келип, ошондон бери Кыргызстандагы дээрлик бардык телекомпанияларда иштеген. Мамлекеттик телерадиокомпаниядан тарта «Ош-3000», КООРТ, НТС, андан сырткары «ZAMAN Кыргызстан» эл аралык гезитинде, “Интерньюс-Кыргызстан” эл аралык медиа уюмунда эмгектенип келди. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинде журналистика боюнча сабак берүү менен бирген Коммуникация факультетинде декандын орун басарынын кызматын аткарат. Байкоочулар кеңешине президент тарабынан сунушталган.
Рита Борбукеева
Кесиби – журналист. Жыйырма жылдан ашык убакыт медиа тармагында эмгектенип келет, медиа-адис. Чүй областтык телерадиокомпаниясында, КТРдин радиосунда, “КООРТ” телекомпаниясында, “Азаттык” радиосунда, Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институнун (IWPR) Борбор Азия боюнча кабарчысы болуп иштеген. Коомдук, саясий иштер менен активдүү алектенип келет. Илимий-укуктук эмгектердин автору. Байкоочулар кеңешине президент тарабынан сунушталган.
Игорь Шестаков
Медиа-окутуучу, саясат таануучу. Орусиялык Гуманитардык университеттин юридикалык факультетин бүтүргөн. Журналисттик ишмердүүлүгүн «Вечерний Бишкек» гезитинен баштаган. ОРТнын “Время” берүүсүнүн өз кабарчысы, “Интерфакс” маалымат агенттигинин Кыргызстандагы бюросунун шеф-редактору, «Российская газета» басылмасынын Борбор Азия боюнча боюнча өкүлчүлүгүнүн директору, «КирТАГ» маалымат агенттигинин башкы редактору болуп иштеген. Учурда аналитикалык «Регион.kg» сайтынын башкы редактору. Байкоочулар кеңешине президент тарабынан сунушталган.
Нурбек Касымбеков
Экономист жана юрист адистигине ээ. Мамлекеттик кызматтарда, андан кийин жарандык уюмдарда иштеген. Бир канча коомдук уюмдар менен коомдук кеңештердин мүчөсү. Аналитикалык жана илимий макалалардын, нускамалардын автору. Соңку мезгилдери «Жалалабатэлектро» ААКсында Директолор кеңешинин мүчөсү болгон. Учурда «Бейөкмөт уюмдарды колдоону координациялоочу борбор» деп аталган коомдук фонддун юристи. Байкоочулар кеңешине президент тарабынан сунушталган.
Жылдыз Бакашева
Филология илимдеринин доктору, профессор. Кыргыз мамлекеттик улуттук Университеттин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, кийин илимий даражаларын жактаган. КМУда окутуучу, кафедра жетекчиси жана декан, Жогорку Кеңеште эксперт, Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясында проректор болуп иштеген. Учурда улуттук китепканынын директору. 2010-жылы дайындалган биринчи байкоочу кеңештин мүчөсү. Байкоочулар кеңешине Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган.
Кылычбек Султанов
Бишкек политехникалык техникумун бүтүп, кийин кошумча экономист адистигине ээ болгон. Журналистикага 1996-жылдан бери аралашып келе жатат. ЭлТР телеканалында жетектөөчү кызматта иштеген. Учурда республикадагы эң көп нускалуу “Супер Инфо” гезитинин түптөөчүсү. 2009-жылдан бери “Компьютер Пресс” деп аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун президенти. Байкоочулар кеңешине Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган.
Сабырбек Мукамбетов
Саясий серепчи. Экономист адистигие ээ. 1990-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылында жооптуу катчы, кийинки мезгилерди президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары болуп иштеген.Үй куруучулардын демократиялык союзунун төрагасы, Бириккен Элдик кыймылдын улуттук кеңешинин мүчөсү болгон. 2007-2012-ж.ж. «Ачык саясат», «Алиби», «Учур», «Назар», «Айгай», «Аалам» гезиттеринде саясий баяндамачы. Учурда «Азия ньюс» гезитинин башкы редактору. Байкоочулар кеңешине Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган.
Тамара Жаманбаева
Алгач медицина окуу жайын, КМУнун журналистика факультетин бүткөн. Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тарыхындагы алгачкы, ошондой эле таланттуу алып баруучуларынын бири. Эмгек жолун 1959-ж. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетине диктор-стажёрлуктан баштап, вице-президенттик кызматтарга чейин иштеген. Кийин “Замана” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин директору, продюсери болду. Байкоочулар кеңешине Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган.
Тынчтыкбек Чоротегин
Тарыхчы, журналист, публицист. Тарых илимдеринин доктору, профессор. Бир нече илимий эмгектердин автору. Лондондо “Би-Би-Си” радиосунун Кыргыз кызматынын продюсери, андан кийин 11 жылга жакын убакыт «Азаттык» үналгысынын Прагадагы баш кеңсесинде иштеген. Учурда Кыргыз Тарых Коомунун президенти. Байкоочулар кеңешине Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган.
Вячеслав Гончаров
«Доор медиа» коомдук фондунун директору, медиа-адис, окутуучу. БГУнун филология факультетин бүтүргөн.1999-жылдан бери журналистикада. ВОССТ, «Мир» телекомпанияларында, андан кийин «Интерньюс-Кыргызстан» эл аралык медиа уюмунда иштеп, «Зло перо» теле көрсөтүүсүн алып барып, кийинчерээк атайын репортаждар программасына продюсерлик кылат. Эл аралык уюмдар менен биргеликте долбоор иштелип чыгылган бир нече социалдык роликтердин жана документалдык фильмдердин автору. Байкоочулар кеңешине Жарандык коом тарабынан сунушталган.
Илим Карыпбеков
Медиа-адис. КМУУнун юридика факультетин бүтүргөн. Эл аралык жана бир катар медиа уюмдарда юрист болгон, адвокаттык тажрыйбасы бар. 2008-2009-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Медиа-өкүлү, кийин Президенттик администрациянын секретариатында, соңку мезгилдери «Альфа Телеком» Жабык акционердик коомунда юридикалык маселелер боюнча башкы директордун орун басары болуп иштеген. Байкоочулар кеңешине Жарандык коом тарабынан сунушталган.
Мыктыбек Арстанбек
Тележурналист, эксперт.1992-жылы Политехникалык инститту аяктары менен журналистикага келип, тележурналист болуп иштеди. Учурда «ЭлТР» телерадиокомпаниясында саясий саясий программалардын баяндамачысы. Андан сырткары М.Кашгар-Баласагуни атындагы Чыгыш Университетинде журналистика, И.Арабаев атындагы Университеттин теология кафедрасында ага окутуучу. 2009-жылы ТИМдин дипломатиялык академиясынынын магистратурасын «Саясат таануу» бөлүмүн бүтүргөн. КМУУнун саясат таануу кафедрасынын аспиранты. Учурда ислам дини боюнча кандидаттык диссертациясынын үстүндө иштөөдө. Байкоочулар кеңешине Жарандык коом тарабынан сунушталган.
Фархад Бекманбетов
Юридика жана экономика жаатында билим алган. Улуттук Илимдер академиясында Философия жана саясий-укуктук багытка кызыгып, изилдеп жүрөт. «Айтыш» коомдук фондусунун директору жана тең төрагасы, «Айтыш-фильм» киностудиясынын продюсери, Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун мүчөсү. Байкоочулар кеңешине Жарандык коом тарабынан сунушталган.
Эрнест Абдыжапаров
Кинорежиссер. Алгачкы кесиби педагог. Кийин кино өнөрүнө кызыгып, биротоло өтүп кеткен. «Кыргызфильм» киностудиясында бир топ жыл эмгектенип келди. Кыргызстан кинематографисттер союзунун катчысы, кийин «Кыргызфильм» киностудиясынын башкы редактору болду. Азыр өзүтүптөгөн “Эрнест Абдыжапаров” студиясын жетектейт. Кинотасмалары 20дан ашуун эл аралык кинофестивалдарга катышып, бир катар баш байгелерге татыган. Байкоочулар кеңешине Жарандык коом тарабынан сунушталган.