Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Кыргызстанда “Love радио” 12-августта тарта ишин токтотот

Кыргызстанда Love радио өз ишин токтото турганын «24.kg» маалымат агенттигине «Бешинчи канал»  ЖАКтын баш директору Евгения Бердникова билдирди.

«Бул радио акыркы уктурууларын 12-августта обого чыгарат, анын жабылышы каржы маселесине байланыштуу. Бул чечим бир ай мурун кабыл алынган. Муну бардык кызматкерлерге маалымдаганбыз. Алар же башка жумушка которулат же аргасыздан эмгек өргүүсүнө чыгышат»,-деп билдирген Е.Бердникова.

Маалымат үчүн айта кетсек, “М-Vector” иликтөө борборунун эксперти британиялык медиа адис Грим Мориленд  Кыргызстандагы медиа айдыңга жасаган иликтөөнүн бет ачарында Бишкекте 50 радиостанция бар экендигин билдирген.

Окшош посттор