Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.
Кыргызстанда Love радио өз ишин токтото турганын «24.kg» маалымат агенттигине «Бешинчи канал» ЖАКтын баш директору Евгения Бердникова билдирди.
«Бул радио акыркы уктурууларын 12-августта обого чыгарат, анын жабылышы каржы маселесине байланыштуу. Бул чечим бир ай мурун кабыл алынган. Муну бардык кызматкерлерге маалымдаганбыз. Алар же башка жумушка которулат же аргасыздан эмгек өргүүсүнө чыгышат»,-деп билдирген Е.Бердникова.
Маалымат үчүн айта кетсек, “М-Vector” иликтөө борборунун эксперти британиялык медиа адис Грим Мориленд Кыргызстандагы медиа айдыңга жасаган иликтөөнүн бет ачарында Бишкекте 50 радиостанция бар экендигин билдирген.










