Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Новости

Эл аралык Пен-клубунун 80-мааракелик конгресси

Эл аралык Пен-клубунун 80-мааракелик конгресси

2014-жылдын 29-сентябрнан 2-октябрына чейинБишкек шаарында бүткүл маданият дүйнөсүүчүн өтө маанилүү болгон, бүткүл дүйнөдөгү жазуучулардын жана акындардын башын бириктиргенЭл аралык Пен-клубунун 80-мааракелик конгрессининөткөрүлүүсү күтүлүүдө.

Эл аралык Пен-клубу адабият жана өз оюн айтуу эркиндигин колдоп келет. Бул максаттын ишке ашырылуусун Эл аралык Пен-клубдун Кеӊеши жетектеп, аны менен бирге ойдун өлкө ичинде жана бардык өлкөлөрдүн арасында тоскоолдуксуз тарашына жардам берип келүүдө.1921-жылы негизделген Эл аралык Пен-клубу жазуучулардын эл аралык коомун 100 дөн ашуун өлкөлөрдөн орун алган 146 Пен-борборлору аркылуу бириктирип келет.

Алгачкы Конгрессин 1923-жылы өткөрүп, андан бери Пен-клуб жер жүзүнүн ар кайсы жерлеринде жазуучулар менен көптөгөн жолугушууларды уюштурду. Официалдуу түрдө – булЭл аралык Пен-клубунун мүчөлөрүнүн жылдык жыйыны, бирок, чындыгында, анын маанилүүлүгүөтө чоң. Эми бул жылдык жыйын, Пен-клубдун Конгресси, бардык өлкөлөрдүн жазуучуларына жолугушуп, бүгүнкү дүйнөнүн абалы, адабият жана өз оюн эркин билдирүү боюнча талкууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.

Эл аралык Пен-клубдун 80-мааракелик конгрессин Пен-клубдун Орто-Азиялык борбору өткөрүп жатат, анын темасы: «Менин тилим, менин тарыхым, менин эркиндигим».Бул тема Орто Азиянын аймагынын көйгөйлөрүнө жараша тандалган жана ал лингвистикалык укуктардын, билим берүүнүн, жаштардын эркин ой-билдирүүсүнүн жана адабий шык-жөндөмдөрүндө болгон көйгөйлөрүн камтыйт.

Эларалык Пен-клубдун 80-конгрессин өткөрүүнүн алкагында 2014-жылдын 1-октябрнда Эл аралык Ататүрк-Ала-Тоо университети менен «Диалог Евразия Кыргызстан» платформасынын колдоосу менен New Voices Award Ceremony аттуу Жаш жазуучуларды жана акындарды сыйлоо аземи өткөрүлмөкчү. Бул иш-чара уникалдуу адабий-музыкалык концерт менен коштолот.

Иш-чарага 200дөнашуун дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөон келген жазуучу, акын делегаттардын, жана Кыргыз Республикасынын көптөгөн маданият, билим берүү жана илим тармагындагы ишмерлердин катышуусу күтүлүүдө.

Ар кайсы улуттардын, диндердин жана маданияттардын өкүлдөрүнүн арасында диалог куруу үчүн платформа түзүүнүүөзүнүн миссиясы катары көргөн «Диалог Евразия Кыргызстан» Платформасы жана Эл аралык Ататюрк-Ала-Тоо университети бул иш-чаранын өнөктөштөрү болууда.

Иш-чаранынмузыкалык бөлүгүн Салттуу музыканын борбору «Устат-шакирт» коомдук бирикмеси даярдап, Жаш жазуучуларды жана акындарды сыйлоо аземинен кийин өздөрүнүн оригиналдуу, атайын ушул кече үчүн даярдалган музыкалык чыгармаларынПен-клубдунмурунтан жарыяланган New Voices Award конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн адабий чыгармаларынан үзүндүлөрүкөркөм окушат.

Күнү: 2014-жылдын 1-октябры

Убактысы: 18:00

Дареги: Бишкек ш., Эл аралык Ататүрк-Ала-Тоо университети,А корпусу, Конференц-зал

Иш-чаранын тили: орус, англис

Байланышууүчүн телефондор: (0312) 596530, 0555 754947

Похожие записи