Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Айылдан ааламга умтулган «Эл жарчысы»

Баткен облусундагы Кадамжай райондук «Эл жарчысы» гезити сайт ачып, бир айдан бери аймак жаңылыктарын интернет аркылуу жайылтып жатат. Борбордук гезиттер интернет айдыңына чыга албай турган учурда райондук басылма буга кантип жетишти?

Райондук гезиттин интернет-вариантына журналисттер мамлекеттен, же эл аралык уюмдардан эч кандай каржылык жардам алышпайт. Сайт Орусияда иштеп жаткан кадамжайлык ишкер, компьютер боюнча адис Равидин Турсункуловдун демөөрчүлүгү менен ачылган. Алгач RU домени менен октябрь айында www.kadamzhay.ru деген аталышта иштей баштады эле. Сайттын вебредактору Орусияда болгондуктан, ал ушул доменди тандаган. Ноябрдан тарта сайттын аталышы www.kdm.kg болуп өзгөрдү.

газетанын интернеттеги сайты

“Эл жарчысы” гезитинин редактору Асылбек Тажибаев интернет баракчанын ачылыш тарыхына төмөнкүчө токтолот:

– Жайында райондун Орозбеков айылынын Равидин Турсункулов деген тургуну келип, гезиттин сайтын ачууну сунуштады. Биз ал жигитке сайтты ачууга жана анын ишин улантып кетүүгө редакцияда каражат жок экенин айттык. Равидин бардык чыгымдарды өзүм төлөйм деди. Ошентип октябрдан тарта сайт ишке кирди. Башында анын аталышы бир аз татаал болуп калгандыктан, жакында KG доменине өткөрүп, атын өзгөрттүк.

Сайттын демөөрчүсү интернет баракчанын вебредакторлук милдетин да мойнуна алган. Ал Якутияда отуруп, кадамжайлык журналисттер жөнөткөн маалыматтарды сайтка утуру жарыялап турат. Макалалардын мазмуну “Эл жарчысынын” журналисттери тарабынан көзөмөлдөнөт.

Гезиттин кабарчысы Азамат Абсаттаров басылманын сайты чет өлкөдө жүргөн мекендештердин арасында окумдуу болуп жатканын айтууда. Азыр аларда канча окурман бар экени жөнүндө так маалымат болбосо да, күн ара Орусиядан чалган тааныштары сайтка кирип жатканын телефондон айтып турушат:

– Моюнга алыш керек, гезитибизди Кадамжайда адамдар көп окубайт. Окумдуулугун арттыруу үчүн макалаларды кызыктуу кылганга аракеттенип жатабыз. Кадамжайдан Орусияга көп адам иштегени кеткен. Сүйлөшүп калып, жаңылык сураса эле биздин сайттын дарегин айтып, ошол жака кирсең Кадамжайга тийиштүү бардык маалымат бар деймин. Ошентип окурмандардын санын көбөйтүп жатабыз.

Аталган гезит 1941-жылдан бери чыгат. Айына үч жолу 1300 нускадан жарык көрөт. Редакция сыртынан жупуну көрүнсө да, ичине кирген адам ал жердеги журналисттер заманбап ыкмада иштеп жатканын көрөт. Чыгармачыл топтогу үч журналисттин ар биринде ноутбук жана үзгүлтүксүз интернет менен камсыз болушкан. Айрым басылмалар эл аралык уюмдардын жардамы менен сатып алган профессионалдуу фотоаппаратты булар өздөрү эле сатып алыптыр. Гезит бетинде жарнама жана акылуу макалалар көрүнбөйт.

Асылбек мырза айткандай, гезитке жазылуудан түшкөн акча басмаканага төлөнөт. Керектүү техникалык каражаттарды дос-жарлардын көмөгүндө жана өз изденүүлөрүнүн натыйжасында таап жатышат. Мамлекеттен бөлүнгөн акча маянага гана коротулат:

– Чындыгында акыркы учурларда каржы маселеси аябай кыйынчылык жаратууда. Биз үчүн бир жылдык каржыны райондук кеңештин депутаттары бекитип берчү. Былтыры эки баскычтуу бюджетке өткөндөн соң, Маданият министрлигинин бир бөлүмүнө баш ийип калдык. Алар бизди мурдагы жылкы смета боюнча кабыл алып, ошол эле акчаны бөлүп берүүдө. Бир жылга 340 миң сом берет. Ал акчаны кызматкерлерибиздин айлык акысына гана жумшайбыз.

Буга чейин Кыргызстанда райондук гезиттердин өзүнчө сайты болгон эмес. Жакында “Журналисттер” коомдук бирикмесинин демилгеси менен www.dem.kg деген сайт ачылган. Кыргызстанда жеке интернет сайты жок жалпыга маалымдоо каражаттары эми материалдарын ушул сайт аркылуу жарыялашууда.

Булак: http://www.azattyk.kg/content/kyrgyzstan_media_region/24775499.html

Окшош посттор