Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

К.Кыдыров: Нарында “өзүбүзчө” деген термин пайда болду

К.Кыдыров: Нарында “өзүбүзчө” деген термин пайда болду

2020-жылдын октябрь окуясынан кийин Нарын дубанында дагы бийлик алмашып, Өкмөттүн облустагы өкүлү жана биринчи орун басары жаңы дайындалышкан. Арадан өткөн 5 ай аралыгында жаңы жетекчиликтин маалымат берүүдөгү ишмердиги тууралуу жергиликтүү журналист-кабарчылардын пикирлери бир кылка эмес.

“Азаттык” үналгысынын облустагы өз кабарчысы Бексултан Мамбетов маалымат топтоодо кыйынчылык жок экендигин белгилесе, “Турмуш” сайтынын кабарчысы Алмаз Өмүрзаков:

“Мен маалыматтарды мурункудай эле алам. Атайын “пресса коллектив” деген группабыз бар, ал аркылуу чакырылат. Болбосо Фейсбукта “Нарын облусу” деген баракча бар, ага чыккандан кийин кошумчалап, кабарларды толуктаймын”, – дейт.

Ал эми “Кут Билим” гезитинин жана “Турмуш” сайтынын өз кабарчысы Кенжебай Кыдыров төмөндөгүлөрдү билдирди:

“Чындыгында облустук маалыматтар соңку учурда ачык чагылдырылбай калды. Облус жетекчисинин, орун басарларынын өткөргөн ар кандай жыйындарына көпчүлүк учурда республикалык ЖМКлардын кабарчылары чакырылбай калуучу болду.

Экинчиден, биз кайсы бир жыйынды угуп келсек, – Бул эми “өзүбүзчө” эле жыйын дешип катыштырышпайт. Мисалы, Нарын, Кочкор райондорунун ортосундагы жайыт боюнча жыйында бизди сыртка чыгарышып, өздөрүнчө талкуулашты.

Үчүнчүдөн, облус жетекчиси Президент менен бирдикте Өзбекстанга иш сапарга кошо барып келди. Көп өтпөй 16-март күнү район акимдери, Нарын шаарынын мэри, ишкерлерден турган делегацияны жетектеп, Өзбекстандын Фергана облусуна бара тургандыгы белгилүү болду. Биз облус жетекчисинен ал жакка баруунун максаттары тууралуу алдын ала маалымат алалы дегенибизден майнап чыккан жок. Өкүлдүн басма сөз кызматынан: “Келгенден кийин толук маалымат берилет”, – деген жоопту алдык. Айтор облустук бийлик маалымат берүүдөн абдан сактанып, жабык эшик артында ишмердүүлүк кылганга ыктап алышты”.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Сабыркул Ашымбаевден жана биринчи орун басары Адыл Сапаровдон жооп алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Экөө тең иш сапар менен Өзбекстанга кетишкендиги белгилүү болду.

Күмөндөр Усуптегин,
“Журналисттер” КБнын Нарын облусундагы өкүлү

Окшош посттор