Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

CPJ кыргыз бийлигин Бабакуловдун коопсуздугун камсыздоого чакырды

CPJ кыргыз бийлигин Бабакуловдун коопсуздугун камсыздоого чакырды

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо уюму (Committee to Protect Journalists – CPJ) кыргыз бийлиги журналист Улугбек Бабакуловдун коопсуздугун камсыздоосу зарыл деп санайт.

Комитет өз билдирүүсүндө Бабакулов 23-майда “Фергана.ру” интернет сайтында кыргыз тилдүү социлдык медиадагы постторду анализдеген макаласын жарыялагандан кийин депутаттардын, өкмөтчүл маалымат каражаттарынын кескин сынына кабылганын белгилейт.

Комитеттин билдирүүсүндө “Фергана.ру” сайтынын редактору Данил Кислов Бабакулов социалдык медиада “өлтүрөбүз” деген коркутууларды алганын айтканын билдирет.

Кечээ парламент жыйынында Социал-демократтар фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева укук коргоо органдарын Бабакуловдун макаласына баа берүүгө чакырган эле.

– Азыркыга чейин каргашалуу июнь калабасында балдарын жоготкон аялдардын көз жашы тыйыла элек, жүрөктөрү ооруп турат. Журналисттин макаласы – чагым. Бул макала окуя болгон күнгө жакын жазылып жатат. Кыргызстанда эми гана тынчтык орноп келатат. Аны ушундай бир сөз менен бузуп коюуга болот. Тартип коргоо органдары мындай макалаларга көңүл буруп, баа бериши керек.

Ушул эле фракциянын дагы бир депутаты Мурадыл Мадеминов 2010-жылкы июнь коогасынан кийин тынчтык зор күч менен орногонун эске салып, кастыкты козуткан адамдарды жарандыктан ажыратуу маселесин көтөргөн.

Ал эми журналист Улугбек Бабакулов өзү “Азаттык” радиосуна “Фергана.ру” сайтындагы макаласында “социалдык сайттарды анализдеп көргөзгөндүгүн” билдирген:

– Мен социалдык тармактарда улуттар аралык мамилени козуткан пост, пикирлер жазылып жатат деп, ошолорду которуп жазгам. Ошого атайын кызматтар бөгөт койсо дейм. Мен ошол маселени көтөрдүм. Атайын кызматтар саясат менен алектенбей, ошол нерселерди да көзөмөлдөшү керек.

2010-жылдын июнь айында Ош, Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыгып, 442 адамдын өмүрү кыйылган.

Булак: https://www.azattyk.org/a/28525049.html

Окшош посттор