Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жанылыктар

Баткен: Чек ара окуяларын чагылдырууда тоскоолдуктар көбөйүүдө

Баткен: Чек ара окуяларын чагылдырууда тоскоолдуктар көбөйүүдө

Акыркы учурларда журналисттер чек ара окуяларын чагылдырууга тоскоолдуктардын түрлөрү көбөйүп жатканын айтышууда.

Буга чейин расмий булактар ыкчам маалымат берүүдө убакыт создуктуруп келген болсо, азыр ачык эле “эки тараптуу макулдашууга ылайык маалымат берилбейт” деп чыгышты. Эки тараптуу дегенибиз кошуна Тажикстан менен болгон бийлик өкүлдөрүнүн жолугушууларында чырдын себептери аныкталып, чечилмейин алдын ала маалымат берилбеши керек деген келишим түзүлгөн. Тактап айтканда Ошол кездеги вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун Тажикстандык кесиптеши Азим Иброхим баштаган өкүлдөр менен 2020-жылдын 14-январындагы чек арадагы жолугушуусунда 6 пунктан турган келишимге кол коюлган. Анын 6-пунктунда кыргыз-тажик чек арасында аткарылып жаткан жумуштарды алдын ала жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтпоо макулдашылган. Бүгүнкү күндө мына ушул макулдашуу себептүү чек арадагы кандай гана окуя болбосун аны жарыялоо кыйынчылыктарды жаратууда.

“АкиПресс” маалымат агенттигинин Баткен облусундагы журналисти Арзыгүл Галымбетова чек арадагы такталбаган аймакта тажик жарандары суу түтүктөрүн тартып жатканы боюнча маалымат берүү үчүн барган. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү расмий маалымат бермек турсун сүрөткө тартканга да уруксат бербегенин айтат. Окуяга күбө болгон тургундар да күч түзүмдөрүнөн чоочулап калгандыктан маалымат берүүдөн качышкан.

“25-октябрдагы окуяны чагылдыруу үчүн барганбыз. Үч-Дөбө айылындагы тактала элек аймакта тажик тарап суу түтүктөрүн тартып жатышкан экен. Ал жерге чек ара кызматынан да өкүлдөр барышып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргөн. Тилекке каршы өз учурунда расмий булактардан маалымат алууга мүмкүн болбоду. Эртеси күнү гана сүйлөшүүлөр бүтүп, социалдык түйүндөр аркылуу маалымат тарап кеткенден кийин гана бизге жергиликтүү бийликтен, чек ара кызматынан маалымат беришти. Бул албетте журналисттин маалыматка жетүү укугун бузуу болуп саналат”, – дейт А.Галымбетова.

Жергиликтүү маалымат каражаты болгон “Салам Медианын” жетекчисинин орун басары Гүлбарчын Амирова болсо, чек ара окуяларын жарыялоо машакаттуу иш экенин айтты. Ошол себептүү журналисттерди чек ара аймагына жибербей деле калыптыр. Анткени, окуянын күбөлөрү жалпыга маалымдоо каражаттарына сүйлөп берүүдөн баш тартышат дейт.

“Чек ара окуяларын чагылдыруу үчүн журналисттерге тапшырма беребиз. Бирок алар бул тапшырманы аткара алышпастыгын айтышат. Окуя катталган жердеги тургундар интервью беришпейт экен. Буга чейин теле-радиолорго чыгып сүйлөп койгон адамды укук коргоо кызматкерлери суракка чакырып, убара кылышкан экен. “Камерага тартпай өзүнчө сүйлөшүп турсаң баарын төкпөй-чачпай айтышат. Жаздырып алайын десең эле качышат”- дейт менин кызматкерлерим. Ошондуктан бул тууралуу маалыматтарды даярдоо биз үчүн өтө машакатту”, – дейт Г.Амирова

Ушул сыяктуу эле көрүнүшкө туш болгон “Азаттыктын” журналисти Жеңиш Айдаров облустук акимчилик айрым учурда эки тараптуу макулдашууга ылайык маалымат берилбейт деп жооп алган учурларыбыз да болот дейт.

“Мындайда Кыргызстандагы сөз эркиндигине доо кетип жатат. Кандай гана макулдашуу болбосун кыргыз тарап өз мыйзамдарын башкы орунга коюшу керек. Мисалы, тажик тарап Ак-Суу дарыясынан келишимден ашыкча суу буруп алганы боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп, мыйзамсыз аракеттерге барышканы үчүн дарыя жээгин кайра калыбына келтиришкен. Бул маалыматты расмий тараптан жообу менен элге жеткирүүгө мүмкүн болгон жок. Анткени Тажикстандын жергиликтүү бийлиги биздин бийлик өкүлдөрүбүзгө маалыматты жарыялабоону өтүнүшкөн экен. Ошол себептүү облустук акимчиликтен интервью беришкен жок”, – дейт Ж.Айдаров.

Облустук акимчиликтин маалымат катчысы Чолпон Бердикулова айрым учурларда жарыяланып кеткен маалыматтар чек ара маселелерин эки тараптуу чечүүгө келгенде терс таасири тийип калышы мүмкүн дейт.

“Мындан улам өлкө кызыкчылыгы үчүн бул жаатта бир аз кармана турганыбыз да ашыкчалык кылбайт. Ошол эле учурда расмий маалымат берүүгө өкмөттө түзүлгөн атайын жумушчу топтун гана укугу бар. Жергиликтүү бийликтер өз алдынча иш алып бара албайт”, – дейт ал.

Нургазы Жайнаков,
“Журналисттер” КБнын Баткен облусу боюнча өкүлү

Окшош посттор