Акыйкатчы Кубат Оторбаев “Сентябрь” телеканалын жабуу боюнча сот чечимине тынчсыздануусун билдирди. Омбудсмендин басма сөз кызматы 28-августта тараткан билдирүүгө ылайык, каналдын ишмердигин токтотуу туура эмес болгону көрсөтүлгөн.
Сот каналдын жабылышы “экстремисттик ишмердикке байланыштуу” деп чечим чыгарышы ашыкча айыптоо болуп саналары айтылат бул билдирүүдө.
Башкы прокуратура мурда Жалал-Абад шаарында чыгып турган оппозициялык маанайдагы “Сентябрь” каналында КСДПнын өкүлү, буга чейинки өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген маалымат жарыяланган деген негизде аталган каналды жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.
Көзөмөл органынын даттануу арызында 2016-жылдын 29-сентябрында телеканалдын түз эфиринде сүйлөгөн Абдылда Капаровдун сөзү экстремисттик маанайда экени жүйө келтирилген.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-августта “Сентябрь” телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.
Каналдын жамааты мындан ары “Жалбырак ТВ” деген аталышта ишмердигин улантышарына 28-августта жарыялашты.