Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жалпыга маалымдоо каражаттары

2020-жылдын сентябрь жана октябрь айлары боюнча ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг

Сентябрь-октябрь айларында 15 маалымат катталган. 4 билдирүү бул айлардагы саясий кырдаалга байланыштуу ЖМКлардын абалын көргөзөт, 1 билдирүү журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушу тууралуу кабардар кылат, 10 билдирүү журналисттерге жана ЖМКларга кол салуу жана аларды коркутуу, кылмыш ишинде айыптоо тууралуу маалымат берет.

 

I. ЖМКлар МЕНЕН ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН АБАЛЫН АНЫКТАГАН ӨЛКӨДӨГҮ САЯСИЙ, СОЦИАЛДЫК, АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА УКУКТУК КЫРДААЛДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

15.09.2020

Нарында жергиликтүү журналистти район акими телефондон коркутуп-үркүтүүгө алган

Кочкор районунун акими Темирболот Абыкеев “Турмуш” сайтынын аймактык кабарчысы Канышай Шарше кызын телефон аркылуу коркутуп-үркүтүүгө алган. Мындай маалыматты кабарчы өзү “Журналисттер” КБнын өкүлүнө телефон аркылуу билдирди.

14-сентябрь күнү “Турмуш” сайтына “Кочкордогу Чекилдек айылынын дыйкандары дан жыйноочу техникаларга муктаж болууда” деген аталышта кабар жарыяланган. Анда айыл тургундарынын эгиндери бышып чаба албай жаткандыктары, айыл өкмөттөн жыйынтык чыкпагандыгы, эми эгиндер күбүлүп түшүп калат деп бушайман болгондуктары учкай маалымдалган. Ал эми райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы техникалардын жетишпегендигин аба ырайынын туруктуу болбой жаткандыгына байланыштырган.

“Мен айыл өкмөт менен байланыша алган жокмун. Райондук айыл чарба департаменттен бир адис жооп кылган. Анан кабар жарыялангандан кийин аким Т.Абыкеев телефон чалып, абал андай эмес экендигин белгилеп, мындай маалыматты берүүдө алдын ала айтып туруу керектигин эскертип, акырында мага катуу айта баштады. Эң өкүнүчтүүүсү жолдошумду жана жетекчисин да иштеген жеринен чакыртып аларга опулдаптыр. Бул кабарда айылдагы элдин үнү чагылдырылган”, – деп билдирди К.Шарше кызы.

Кочкор районунун акими менен байланышуу мүмкүн болбоду, телефонун албады.

Күмөндөр УСУПТЕГИН,
“Журналисттер” КБнын Нарын облусундагы өкүлү

 

18.09.2020

Сөз эркиндиги боюнча келишим

Сөз эркиндиги – демократиялуу, эгемен Кыргызстандын жогорку баалуулугу.

Кыргызстандын 29 жылдан берки эгемендүүлүгүндө сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарын жана жарандарын чектөө боюнча мезгил-мезгили менен мыйзамдык аракеттер болуп келүүдө. Журналисттерге, блогерлерге дегеле коомдук тармактын колдонуучуларына моралдык кысым көрсөтүү жана күч колдонуу көнүмүш адатка айлангансып баратат!

Ал аракеттердин себеби төмөнкүдө:

  • коомдогу көйгөйлүү саясий, экономикалык, социалдык маселелердин кеңири коомчулукка жеткирилбешине, талкууга алынбашына чара көрүү;
  • коомдун кеңири катмарларынын кызыкчылыктарын чагылдырбаган айрым күчтөрдүн мамлекеттик түзүмдөргө таасирин жашыруу;
  • жашыруун артыкчылык көрсөтүү, паракорчулук жана көмүскө схемаларды жаап жашырган механизмдерди иштеп чыгуу;
  • шайлана турган саясий элитага таасир этүү жана андан жарандардын укуктарынын корголушун, камсыздалышын талап кылуу мүмкүнчүлүктөрүн чектөө.

Сөз эркиндигин чектөө Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизээрин медиа коомчулук түшүнүп, сезип турат. Андыктан саясий партиялар менен медиа коомчулук бул багытта шайлоонун алдында биргелешип иш алып барса, ушул терс көрүнүштөрдү жоюуга шарт түзүлүшү мүмкүн.

2020 жылдагы парламенттик шайлоого катышып жаткан, урматтуу саясий партиялар!

Медиа сектордун өкүлдөрү сиздерди демократияны, адам укуктарын жана сөз эркиндигин камсыздоо боюнча жоопкерчиликти алууга чакырат.

Бул келишимди колдоого алганыңар төмөндө айтылгандар менен макул экендигиңерди билдирет:

  • Жогорку Кеңеште кабыл алынган медиа тармакка тиешеси бар мыйзамдар сөз эркиндиги менен ойду эркин билдирүү жаатын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек;
  • Шайлоо маалында элге таанылып калган адам, жасаган иши же аракет кылбагандыгы үчүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жүйөлүү жана катуу сынга алынышы мүмкүн.
  • Укук коргоо жана укук колдонуу органдары Сөз эркиндигин чектөөгө колдонбошу керек (мисалы, кечирим суратуу, “жалданма” нааразычылык билдирүү акцияларын уюштуруу ж.б.у.с).
  • Коомдук тармактардын жана ЖМКлардын ишмердүүлүгүн эркин алып баруусун камсыздоо аркылуу жарандардын ар тараптуу маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн арттыруу зарыл;
  • Жокко чыгарылган журналисттер менен сөз эркиндигин коргой турган укуктук нормаларды кайра калыбына келтирип, маалыматка жетүү мыйзамын бузгандыгы үчүн дагы жоопкерчиликти кароо керек;
  • ЖМК жана сөз эркиндигине байланыштуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда жана аларды кабыл алууда тийиштүү медиа адистердин экспертизасынан өткөрүүнү милдеттендирүү зарыл;
  • Медиа тармакты тескей турган укуктук нормативдүү актыларды кабыл алууда ЖМК жана сөз эркинидиги боюнча түшүнүгү бар көз карандысыз медиа өкүлдөрдүн катышуусу камсыздалышы керек;
  • Орто жана жогорку билим берүү программаларына медиасабаттуулук тажрыйбаларын камсыздоочу укуктук нормаларды кабыл алуу зарыл;
  • Медиа тармактын базар экономикасына ылайык өнүгүүсүнө шарт түзгөн укуктук нормативдик актыларды кабыл алуу зарыл;
  • Мамлекеттик каржылоонун негизинде медиа контентти өндүрүү жана аны жайылтуу боюнча жеке менчик ЖМКларга мамлекеттик заказ берүү механизмин иштеп чыгуу зарыл;
  • Санариптик теле жана радио берүүлөр тармагында социалдык пакеттерди түзүүдө ачык-айкындуулук жана коомчулукка жеткиликтүүлүктүү камсыздоо керек (тандоо Сөз эркиндиги менен ЖМК тармагы боюнча көз карандысыз медиа адистердин катышуусунда өтүүсү зарыл).
  • Мамлекеттик ЖМКларды реформалоону, жаңылоону улантуу зарыл.
  • Кибер чабуул менен коркутуудан (DOS\DDOS ж.б.) ЖМКларды, мамлекеттик органдар менен жарандарды укуктук жактан коргоону күчөтүү зарыл;
  • Чет элдик каналдардын берүүлөрүн ыңгайлаштырган учурда да телерадиоберүүлөрдүн 50% дан кем эмеси ата-мекендик жана мамлекеттик тилде болуусу тууралуу талаптар кыргызстандык жана чет элдик ЖМКларга бирдей болушу керек;
  • Коомдук тармакта, дегеле интернет айдыңында пикирин билдиргендиги үчүн адамды жоопкерчиликке тартуу өнөкөтүн токтотуу зарыл;
  • Медиа өкүлдөрүнүн маалыматка жетүү тууралу кайрылууларына мамлекеттик органдар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана мамлекеттин үлүшү бар башка уюмдар тез арада жооп берүүсү каралаган нормаларды киргизүү зарыл
  • Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда медиа коомчулук менен журналисттерди өз убагында так жана туура маалымат менен камсыздап туруу зарыл.

Кыргыз Республикасынын эгемен, демократиялуу өлкө катары өнүгүүсүндө сөз эркиндигинин орду маанилүү экенин сезип билүү менен, 2020-жылкы парламенттик шайлоого катышкан төмөнкү саясий партиялар бул Сөз эркиндигинин Келишимине кошулаарын тастыктайт.

 

25.09.2020

Парламенттик шайлоого катышып жаткан 13 партия Сөз эркиндиги боюнча келишимге кол коюшту

24-сентябрда медиа сектордун өкүлдөрү Жогорку Кеңешке шайлоого ат салышып жаткан саясий партиялар менен жолугушушту. Жолугушуунун башкы темасы – Кыргызстандагы сөз эркиндигин колдоо болду. Иш-чаранын демилгечилери болочок парламентарийлерге Сөз эркиндиги боюнча келишимди сунуштап, медиа, демократия жана адам укугу чөйрөсүндөгү реформаларды жана мыйзамдарды кандай элестетээрин айтып беришти.

Келишимди түзүү идеясы Европа демократиялык өнөктөштүгү тарабынан уюштурулган «Медиа Диалог» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн «Кыргызстандагы медиа секторду диалог аркылуу өнүктүрүү» практикалык семинарында пайда болгон. Семинарга журналисттер, медиа эксперттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана медиа уюмдар катышышкан.

Сөз эркиндиги боюнча келишимди алдыңкы ЖМКлар, журналисттер, бейөкмөт уюмдар, блогерлер, пикир лидерлери жана эксперттер колдоп чыгышты.

Жолугушууга катышуу үчүн шайлоого катышып жаткан 16 саясий партияга тең чакыруу жөнөтүлгөн. Медиа тармактын өкүлдөру менен жолугушууга 13 партия келип, алардын 11 Сөз эркиндиги жөнүндө келишимге кол коюшту:

  1. «Биримдик»,
  2. «Мекенчил»,
  3. «Мекеним Кыргызстан»,
  4. «Реформа»,
  5. «Ата Мекен»,
  6. «Кыргызстандын Социал Демократтары»,
  7. «Мекен Ынтымагы»,
  8. Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы,
  9. «Ордо»,
  10. «Бир Бол»,
  11. «Чоң Казат».

Бул жолугушууга катышпаган «Замандаш» жана «Республика» партиялары дагы Келишимге кол коюшкан.

«Медиа диалог» долбоорлорунун өкүлдөрү билдиргендей, «Ыйман Нуру» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары да аталган Келишимге кол коюуга ынтызарлыгын билдиришкен.

 

07.10.2020

ЖМКны басып алуу аракеттери

6 жана 7-октябрда Бешинчи каналды жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясын басып алуу жана жаңы жетекчилерди дайындоо аракеттери болду.

6-октябрда адамдар тобу Бешинчи каналдын кеңсесине келип, ЖМК жетекчиси катары өздөрүнүн кишисин – Болот Абдыжапаровду дайындоону каалай турганын айтышкан.

24.kg билдиргендей, журналисттер жамаатына каналды коргоп кала алышты.

«Сүйлөшүүлөрдөн кийин жамаат Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун тиешелүү буйругуна чейин жамаат мурдагы курамында иштей турганы чечилди. Болот Абдыжапаров элдик байкоочу болгусу келерин билдирди жана каналдын ишине кийлигишпөөгө убада берди», деп 24.kg кабарлады.

Болот Абдыжапаров КТРК, ЭлТР, Бешинчи канал, Сентябрь телеканалдарында иштегени менен белгилүү, «Замандаш» партиясынын биринчи төрагасы Мухтарбек Өмүракуновдун басма сөз катчысы болгон.

Кийинчерээк 24.kg билдергендей, Б.Абдыжапаров эртең менен орой сүйлөгөнү үчүн кечирим сураган.

«Жүрү, биз сени дайындайбыз деп сунушташты. Мен андан баш тарттым, алар мени «коркоксуң» деп айыпташты. Мен бир аз орой сүйлөп койдум, мени кечирип коюңуздар. Жамаат мурдагы курамында ишейт. Мен жасай турган жападан жалгыз иш – провизияга жана журналисттердин коопсуздугуна жооп берүү», – деди ал.

6-октябрда кызматтан кете турганын КТРК жетекчиси Жайнак Үсөн уулу билдирди.

«Жетекчилик кызмат ордуна эки киши талапкер болду: бир топ Чынара Капарованы алып келди, экинчиси – продюсер Мирлан Самыйкожону сунуштады. Бирок биз башкы директордун милдетин БК (Байкоочу кеңештин) мүчөсү Жылдыз Бакашева аткара турганы жөнүндө компромисттик чечим кабыл алдык. Ал «Ала-Тоо 24» программасына продюсер катары Чынара Капарованы дайындады. Бирок тааныштырганы барганда жамаат кабыл алган жок. Башкы кеңсеге келгенибизде Мирлан Самыйкожо өзүн өзү башкы директордун милдетин аткаруучу кылып дайындаганы анык болду. Ал БК таратылганын, канал улуттук болуп кайра түзүлөөрүн билдирди», – деп БК мүчөсү Жылдызбек Керимбаев 24.kg сайтына кабарлаган.

Анын айтымында, БК мүчөлөрү 7-октябрда КТРК имаратына кире алган эмес.

«Азыр биз Байкоочу кеңештин мүчөлөрү менен WhatsApp аркылуу бул кырдаалды талкуулап жатабыз. Бийлик бир калыпка түшсө, бардыгы укуктук жолго түшөт деп күтүп жатабыз. КТРКнын башкы органы Байкоочу кеңеш болуп саналат жана юридикалык жактан Жылдыз Бакашева башкы директордун милдетин аткаруучу болуп саналат. Мирлан Самыйкожо кылып жаткан иш-аракеттер – мыйзамсыз», деп ал интернет басылмага белгиледи.

 

II. ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖМКлардын ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН УКУКТАРЫНЫН БУЗУЛУШУ

Жарыяланган айрым маалыматтарга байланыштуу ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча талаптар

24.09.2020

Жогорку сот «Азия News» гезитинин апелляциялык арызын канааттандырбады

Жогорку сот «Азия News» гезитинин апелляциялык арызын 23-сентябрда карап, Бишкек шаардык сотунун буга чейинки чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу гезиттин коомдук жактоочусу, жарандык активист Адил Турдукулов «Азаттыкка» билдирген.

Эскерте кетсек, 26-февралда Бишкек шаардык соту гезитти министрге 300 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Басылманын редактору Аслан Сартбаев буга макул болбой, Жогорку сотко даттанган.

Жогорку соттун 23-сентябрдагы чечими акыркы жана ага каршы даттанууга болбойт.

Ики иштер министри Кашкар Жунушалиев “Азия News” гезитинин 2019-жылдын 25-апрелиндеги жана 16-майындагы чыккан сандарындагы макалалар менен коллаж анын кадыр-баркына, ар-намысына шек келтиргендиги үчүн сотко берип, 5 млн. сом өндүрүп берүүнү суранган.

2019-жылы декабрда өткөн соттук отурумда Октябрь райондук соту К.Жунушалиевдин доо арызын канаттандырып, гезитти 1 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал эми Бишкек шаардык соту 26-февралда гезит төлөй турган сумманы 300 миң сомго чейин түшүргөн.

Өз кезегинде гезит Жогорку соттун чечимин басма сөз эркиндигин кысуу, жокка чыгаруу катары баалайт. 24-февралдагы санында: “Кыргызстан демократиянын аралчасы болуп турганда, “Азия Ньюс” гезити жабылуу коркунучуна кабылды. Мындан аркы кадамдарыбыз кандай болот? Бир Кудай билет…”, – деп жазат.

Комментарий

Сөзсүз, редакция күнөөлүү болгон күндө да нускасы араң гана 4 миң болгон гезит үчүн 300 миң сом өлчөмүндө моралдык чыгымды төлөө – бул өтө чоң сумма. Айыптын көлөмүн 5 миллиондон 300 миңге түшүрүп сот гумандуулук кылдым деп ойлоп жатат. Бирок сот ушундай чечимдерди чыгарып жатканда адилеттүүлүк, акылга ылайыктык жана шайкештик принциптерин колдонуусу зарыл.

 

III. КОНФЛИКТТЕР. ЖУРНАЛИСТТЕРДИ, ЖМКларды ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫ АЙЫПТОО

Журналисттерге, алардын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө жана ЖМКлар менен интернет-басылмалардын объектилерине кол салуу

04.10.2020

“Клооп” оштогу операторуна белгисиз кишилер кол салганын билдирди

4-октябрда Ош шаарындагы №5316 шайлоо участогунда “Клооптун” оператору Хамидулло Узаковго белгисиз кишилер кол салып, түз эфир жасап жаткан жеринен телефонун тартып алышкан. Бул тууралуу “Клооп” сайты билдирди.

«Телефонду алып, мени уруп салышты. Спорттук дене түзүлүштөгү кишилер, мен аларды билбеймин. Биринчи телефонду тартып алды… телефонду кайтарышты», – дейт Х.Узаков.

“Клооптун” билдируүсү боюнча, бул окуяга күбө болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлери оператор сабалып жатканда эч кандай реакция кылышкан эмес.

Кол салууга шайлоо участкасынын алдындагы окуяны түз эфирде чагылдырууга жардам берген “Клооптун” кабарчысы Айбике Адилет кызы күбө болгон.

«Биз укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө экинчи ирет кайрылганбызда гана алар чара көрүп баштады», – деди ал.

“Клооптун” оператору жана журналистти Ош ШИИБиге келип арыз жазышууда.

Ош ШИИБинин басма сөз катчысын Замир Сыдыковдун айтымында, жарандардын бири «эмнеге менден уруксатсыз менин маңдайыма келип видеого тартып жатасың» деп нааразычылыгын билдирип, алып койгон. Ошондой эле аталган жаран милицияга алынып келингенин билдирди.

Комментарий

Кабарчылар, телефондорун кайтарып алган күндө да, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылгандары туура болгон. Мындай учурларда тергөөчү түшкөн арыз боюнча тергөө амалдарын жүргүзө башташы, ал эми күнөөкер жазасын алышы маанилүү. Бул учурда болсо кол салган адамдын ким экендиги аныкталып жатат. Кат түрүндө кайрылып, арыз боюнча эмне иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу расмий жооп алуу керек.

 

05.10.2020

Таласта «Азаттыктын» кабарчысына кол салуу болду

4-октябрда Талас шаарында №6108 шайлоо участогунда «Азаттык» радиосунун кабарчысына кол салуу болду. «Азаттык» өзү билдиргендей, журналист Айгерим Акылбекова «Youtube» жана «Фейсбуктагы» шайлоону чагылдырган түз эфири учурунда шайлоо тилкесине кирип, добуш берүүнү күтүп жаткан шайлоочу кол салган. Ал камераны чаап, видео тартпоону талап кылган. Түз эфир жүрүп жатканын билгенде жоошуй түшкөн.

Аталган участоктун төрайымы Талас областы боюнча өкүлүбүзгө бул окуя тууралуу кабардар эмес экенин билдирген. Талас шаардык ички иштер башкармалыгына да бул окуя тууралуу маалымат келип түшкөн эмес.

Кийин тактаганыбызда, журналист өзү да, камерасы да жабыркабагандан кийин арыз жазгысы келген эмес.

Комментарий

Жабдыктары жабыркабагандыктан журналисттердин укук коргоо органдарына кайрылбаганын комментарийсиз калтырып койсок болмок. Бирок жарандардын журналисттерге карата орой мамилелери, кол алуулары акыркы учурда күч алып баратат. Адатынча, алардын мындай аракеттеринин аркасында кайсы бир күчтөр турат. Өзгөчө, шайлоо күнү. Мыйзамсыз иштерди кылып жаткандар аларды бирөө камерага тартышын каалабайт.

 

06.10.2020

Бишкектеги баш аламандык убагында журналисттерге бир нече кол салуу болду

5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкекте болгон баш аламандыктар убагында журналисттерге бир нече кол салуу болду. 24.kg билдирген боюнча, милиция кызматкерлери алардын журналистинин телефонун алып койгон. Журналисттин айтымында, ал Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде митингчилер менен күч кызматкерлеринин кагылышуусун түз эфирден көрсөтүп жаткан.

«Мага күч кызматкери келди жана мен көрсөткөн кадрлардан улам өлкөдө ушундай баш аламандыктар болуп жатканын айтты», деди Руслан Харизов.

Ошол эле 24.kg басылмасы билдирген боюнча, «Азыркы мезгил» берүүсүнүн журналисти Айбол Кожомуратовга карай атайын бөлүктүн жоокери ок аткан. Бул тууралуу өзүнүн Twitter баракчасына жазган.

Журналисттин сөзү боюнча, күч кызматкери анын жарык чагылдырган жилет кийип, жарык жерде туруп камера тартып жатканын көргөн. Бирок кызматкер аны көздөй ок аткан. «Башымдан бир нерсе учуп өткөндөй болду, аны чачтарым менен сездим. Бир эки миллиметр ылдый болсо – ал башыма тиймек. Бактыга жараша, жаракат алган жокмун», – деп билдирди Айбол Кожомуратов.

Кaktus.media билдирген боюнча, Vesti.kg басылмасынын журналисти Эльдос Казыбековго милиция кызматкерлери таш ыргыткан. Ал Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде басып бара жаткан. Бир тарапта милиция кызматкерлер, экинчи жакта – митингчилер турган. Анан ал ортодо калган.

«Мен митингчилерден 100 метрдей алыс турдум. Анан ошол жерде милиция кызматкери ачууланып жана менин кетишимди талап кылды. Мен ага журналист экенимди жана өз жумушумду аткарып жатканымды айттым. Жыйынтыгында ал мага таш ыргытты, бирок тийбей калды», – деп журналист кабарлаган.

Андан киийн ага граната ыргытууга аракет кылышкан.

«Ошол көчөлөрдүн кесилишине жакын жерден күч кызматкерлеринин колоннасын көрдүм. Алардын бири жарандык кийимчен жүргөн жана мага үн чыгаруучу гранатаны ыргытууга камынды. Мен журналистмин деп кыйкырдым жана ал токтоп калды», – деп журналист айтып берген.

Э.Казыбековдун сөзү боюнча, аянттан алыс эмес жерде милиция кызматкери жигиттерден видео тартууну токтотуусун талап кылды.

«Ал журналист экенин далилдөөгө аракет кылганда, кызматкер аны сабай баштады», – деп айтып берди.

Эске салсак, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоолордун жыйынтыгына макул болбогон 11 партиянын өкүлдөрү 5-октябрда Бишкектин борбордук аянтына нааразылык акциясына чыккан. Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана жаңы шайлоо дайындоону талап кылышкан. Нааразылык акциясы укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кагылышууга алып келген.

Комментарий

Бул окуялар боюнча тергөө иштери сөзсүз жүргүзүлүшү керек. Эгер журналист арыз менен кайрылган болсо, анын арызы боюнча эмне иштер жасалып жатканын көзөмөлгө алып, таш ыргыткандарды табуу боюнча тергөө иштерине көмөктөшүү зарыл. Таш ыргыткан кызматкердин аракеттеринде оор кылмыштын белгилери бар, анын кесепеттери жаман болушу мүмкүн болчу. Мындай нерселерди жазасыз калтыруу болбойт. Анын ким экендигин аныктоо оорчулук жаратпашы мүмкүн, анткени ал камерага тартылып калышы да ыктымал. Жогоруда аталган кол салуулар боюнча медиа коомчулук билдирүү кылган (ал ылдыйда келтирилет). Алар укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлеринин жана да башка ким экендиги аныкталбай калган адамдардын жосундарын сынга алышыкан.

 

06.10.2020

Заявление в связи с нападением на журналистов

В ночь с 5 октября на 6 октября во время освещения массовой демонстрации против результатов парламентских выборов были совершены ряд вопиющих нападений на журналистов, включая атаки со стороны сотрудников милиции.

Так, сотрудники милиции отобрали мобильный телефон у корреспондента ИА «24.kg» во время прямого эфира. Совершен возмутительный акт насилия в отношении журналиста «Настоящего времени» Айбола Кожомуратова: во время прямого эфира с места событий в него выстрелил спецназовец, о чем репортер сообщил в своем твиттер аккаунте.

Днем 6 октября сообщается и о других фактах воспрепятствования профессиональной деятельности журналистов и физические атаки на них со стороны неизвестных лиц. Так, во время трансляции около Дома Правительства на съемочную группу «Клооп» с целью воспрепятствования их деятельности напали некие неизвестные лица, о чем редакция сообщила во время текстовой трансляции. Редакция «Govori TV» также сообщила, что во время освещения событий возле Генеральной прокуратуры неизвестные лица повредили петличку съемочной группы.

Мы особо подчеркиваем, что выстрел спецназовца в безоружного журналиста можно расценить как покушение на жизнь человека, ответственность за которое предусмотрена в Уголовном кодексе Кыргызской Республики в статьях 39, 130 УК КР. Завладение же мобильным телефоном является грабежом, которое также является уголовно-наказуемым деянием (ст. 201 УК КР). Также за воспрепятствование законной профессиональной деятельности журналиста предусмотрена ответственность в ст.89 Кодексе КР «О проступках».

Свобода слова является одним из главных достижений суверенного Кыргызстана. Деятельность независимых СМИ во время освещения митингов преследует важную цель – обеспечение граждан качественной и объективной информацией, непосредственно затрагивающей их права и законные интересы. В этих целях, Конституцией КР гарантировано право каждого свободно искать, получать, хранить, использовать информацию и распространять ее устно, письменно или иным способом (ст. 33). Однако в условиях нападений и атак на журналистов, реализовать миссию СМИ и обеспечить граждан своевременной и общественно-значимой информаций становится практически невозможно.

Поэтому посягательство на жизнь, здоровье и имущество журналиста – это посягательство на свободу слова. Тем самым, нарушаются основные права и свободы человека, закрепленные не только в Конституции, но и в международных договорах, таких как Международный пакт о гражданских политических правах, Всеобщая Декларация прав человека участницей которых является Кыргызская Республика. Эти международные договора являются составной частью нашей правовой системы согласно статье 6 Конституции КР. Ненадлежащее обеспечение безопасности жизни, здоровья журналистов, непринятие своевременных мер по привлечению виновных лиц в нападении на журналистов является грубым нарушением взятых на себя обязательств в рамках Международного пакта о гражданских политических правах и других международных договоров, где закреплены основные права и свободы человека.

Мы призываем все стороны не препятствовать деятельности журналистов при исполнении их профессиональных функций и освещении ситуации в стране. Также просим правоохранительные органы провести тщательное проверку по вышеуказанным фактам, привлечь виновных лиц к ответственности и обеспечить безопасность журналистов.

 

07.10.2020

6-7-октябрда журналисттерге кол салуунун жаңы учурлары болду

Бишкек шаарында 6- жана 7-октябрда kloop.kg жана kaktus.media басылмаларынын шаардагы болуп жаткан окуяларды чагылдырып жүргөн журналисттерине кол салуулар болду.

kloop.kg корреспонденти Айдай Токоева өзүнүн Фейсбук баракчасына билдиргендей, 6-октябрда өкмөт үйүнүн жанында аталган интернет-басылманын журналистине эфир убагында нааразылык акциясынын белгисиз катышуучулары кол салган. Алар тасмага тартууну токтотууну талап кылышты.

«Менин телефонумду жулуп алышты, бир операторду жерге жыгышты. “Эмне түшүнбөйсүңбү тартпа дегенди?”,- деген сөздөр менен @as.almir’анын колун толгоп, телефонун тартып алууга аракет кылышты»,деп А.Токоева жазган.

Жардам сураган кыйкырыкка адамдар чуркап келишкен жана журналисттер дагы жардам берген, алардын арасында “Үмүт 2020” кыймылынын лидери Ширин Айтматова болгон.

6-октябрдан 7-октябрга караган түнү «Достук» мейманканасындагы митингчилер Kaktus.media басылмасынын кабарчысына да кол салышкан. Аталган интернет-басылма билдиргендей, штаттан тышкары журналист мейманкананын аймагына жакын жерде, саясатчынын тарапташтары басып алууга аракет кылган учурду көрсөтүп, түз эфир жүргүзүп жаткан. Чоң топ дружиначылар түшкөн автобуска кол салган. Журналист шаардагы окуяларды ошолор менен бирге чагылдырып жүргөн.

«Агрессивдүү тарапташтар видеого тартып жатканды көрүп, ачууланып, автобуска жабылышты. Бардык дружиначыларды автобустан сыртка чыгып, кетип калууга мажбурлашты…

Транспорт бош кетти, ал эми дружиначылар Садыр Жапаровдун тарапташтарынын курчоосунда калып калышкан. Алар кимдир-бирөөлөр өздөрүнүн жүзүн тасмага тартуусун каалашкан жок, ошондуктан биринчи кезекте журналисттерге кол салышты. Журналист кызга ал жерден башка дружиначылар менен бирге качып кетүүгө мүмкүн болду. Аларды бир канча убакыт кубалап барышкан. Азыркы учурда биздин журналист коопсуз жайда», деп кабарлайт Kaktus.media.

Комментарий

Бул жогоруда келтирилген окуяларга окшош. Адатынча, журналисттерден арыз түшпөгөндүктөн, тергөө амалдары да жүргүзүлгөн эмес.

 

Журналисттерге, ЖМКларга жана интернет-басылмаларга карата коркутуулар

08.10.2020

Журналисттерге коркутуулар түшүп жатат

Жарандык активист, журналист Эркин Рыскулбековду коркуткандар болуп жатат, дейт “Чагылган” сайты. Бул тууралуу Э. Рыскулбеков өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып, белгисиз адамдар жөнөткөн аудио билдирүүнү жарыялаган.

Эркин Рыскулбеков бул опузаны «Азаттыктын» эфириндеги билдирүүсүнө байланыштырууда, дейт “Чагылган”. Ал 7-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө «Достук» мейманканасында депутаттардын жыйыны боюнча пикирин айткан.

“Сырттагы эл «импичмент» деп кыйкырып атканда, Садыр Жапаров чыгып алып, «биз кечке эле президентти алмаштыра беребизби, президент иштей берсин» деп айтты. Демек, ал Жээнбековдордун жана Матраимовдордун кланы менен сүйлөшүп алган”, — деген эле.

Азырынча Э.Рыскулбековду коркутуу боюнча ИИМ комментарий бере элек, дейт “Чагылган”

Ошондой эле коркутуулар белгилүү фактчекер-журналист Болот Темировдун атына да келип түшкөн. Өзүнүн Фейсбук баракчасында ал ушундай бир коркутуунун скринин чыгарып койгон.

Белгилей кетсек, 5-7-октябрларда элди маалымат менен камсыздап өз ишин аткарып жүргөн журналисттерге бир нече кол салуулар болгон.

Комментарий

Саясатчылар сынды дайыма катуу кабыл алышат, өзгөчө белгилүү жана абройлуу журналист сындап жатса. Митингдер болуп жаткан учурда сын коомдук тармакта айтыла турган болсо, саясатчылардын «жактоочулары» бул сынга өзгөчө катуу теригет жана реакция кылышат. Мындайда укук коргоо органдарынан жардамды күтүү болбос, анткени өзүлөрү коргоого муктаж. Бирок ошентсе да аларга кайрылуу кылып коюу зарыл.

 

09.10.2020

Митингчилер журналисттерди жана ЖМКларды коркутууда

9-октябрда «Азаттык» радиосунун журналистине Өкмөт үйүнүн алдында экс-депутат Садыр Жапаровдун колдоочулары өткөрүп жаткан митинг учурунда коркутушту. Медиа билдиргендей, түз эфир убагында «Азаттыктын» кабарчысына белгисиз адамдар келип, аталган радио митингди туура эмес чагылдырып жатканын билдиришкен. Алардын бири «Азаттыктын» кеңсесине чейин барышаарын айткан жана аянттан кетишин талап кылган. Журналисттин айтымында, анын колунан жулкулдатып, бутка тебишкен. Жеке коопсуздугу үчүн кабарчы түз эфирге берүүнү токтотуп, аянттан кетүүгө аргасыз болгон.

24.kg басылмасы билдиргендей, алардын журналисти опера жана балет театрынын жанында өтүп жаткан башка митингде «Республика» партиясынын мүчөлөрүнүн сүйлөгөнүн тарта баштаганда катышуучулардын бири телефонун жулуп алган.

Ал эми телефонду ошол партиядан парламентке депутат Кенжебек Бокоевге кайрылуудан кийин кайтарып алууга мүмкүн болгон.

Андан кийин беткапчан башка бир жигит журналисттен нааразылык акциясын түз эфирде көрсөтүүсүн токтотууну талап кылган.

«Мында ар түрдүү адамдар жүрөт, алар ким экенин мен билбейм», – деп бул окуяларга карата Кенжебек Бокоев өз пикирин айткан.

Бүгүн эле парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаров ЖМК кол салуу даярдалып жатканын билдиргенин 24.kg кабарлады.

Маалымат агенттиги билдиргени боюнча, журналисттерге жана айрым басылмаларга карата даярдалып жаткан чагым тууралуу ар кыл булактардан келип жаткан маалыматтар такталууда.

Ошол эле учурда ыктыярчылар, анын ичинде «Биздин Бишкек» кыймылы ЖМК даректери боюнча өз мүчөлөрүн жөнөттү. Ошондой эле алар жарандардан төмөнкү ЖМК коопсуздугун камсыздоого колдоо көрсөтүүнү өтүндү:

  • «Азаттык»
  •   24.kg
  • «Кактус Медиа»
  • «Спутник»

 

10.10.2020

Митингчилер ЖМКларды коркутууда

10-октябрда Эски аянттагы Өкмөт үйүнүн алдына чогулган Садыр Жапаровдун тарапташтары бардык эле ЖМК алардын митингин чагылдырбай жатканына доомат айтышкан. Kaktus.media билдиргендей, алардын дооматы «Азаттык», Kaktus.media, «Sputnik Кыргызстан» сыяктуу ЖМК багытталган. Мындан тышкары, алар «Лимон», ОМКС, «Маалымат», «Беспредел» басылмаларын жана пабликтерди сынга алышкан.

Митингчилер эгерде бир сааттан кийин медиа келбесе, аларга өздөрү бара турганын билдиришкен.

Андан көп өтпөй «Sputnik Кыргызстан» басылмасы алардын эшигинин алдына адамдар тобу келип, Эски аянттагы митингди чагылдырууну талап кылышканын билдирген.

«25-30 адамдан турган топ Садыр Жапаровду колдогон митингди чагылдыруу үчүн тез арада корреспондент жөнөтүүнү талап кылышты.

Белгисиз адамдар орой түрдө «Sputnik редакциясына 30 мүнөт берерин билдирип, болбосо каалгаларды сындырып, талкалап жана аларды тынчытууга аракет кылган кароолчуну жазалай турганын айтышты», – деп «Sputnik Кыргызстан» кабарлаган.

Эске салсак, кечээ «Азаттыктын» операторуна Садыр Жапаровдун тарапташтарынан коркутуу болгон, ошондой эле, редакцияга кол салуу болушу ыктымалдыгы тууралуу маалымат келген.

9-октябрда митингчилер 7-каналдын журналисти Мээрим Ташибековага дагы кол салышкан. Алар журналист иштеп жаткан телеканалды окуяларды туура эмес чагылдырууга жана саткынчылыкка айыпташкан.

Комментарий

6-10-октябрларда айрым ЖМКлардын жана маалыматтык агентиктердин даректерине коркутуулар кадыресе көрүнүшкө айланган. Коркутуулар болгондо да түз репортаждарды эсепке албаганда болуп жаткан окуяларды комментарийсиз, бейтарап чагылдырууга умтулган медиаларга түшүп жатты. Буга байланыштуу медиа уюмдар бидирүү кылып, өлкөдөгү сөз эркиндиги коркунучта экенин айтып чыгышкан. Кошумчалай кетүүчү жагдай, митингчилердин талаптары айрым учурда тикелей карама-каршы болуп жатты. Айрымдары журналисттержи кубаласа, башкалары тескерисинче журналисттердин келишин, алардын митингдерин чагылдыруусун талап кылышты. Бирок экөөндө тең журналисттерге карата коркутуулар айтылып жатты.

 

11.10.2020

Угрозы журналистам Кыргызстана: медиа организации сделали заявление

Медиаорганизации Кыргызстана обеспокоены фактами нападений и угроз от сторонников разных политических сил в адрес осуществляющих свою профессиональную деятельность по освещению происходящих в стране событий журналистов и редакций СМИ.

9 октября 2020 года в ходе освещения митинга сторонников политика Садыра Жапарова у здания Дома правительства корреспондент «Азаттык Медиа» подвергся угрозам со стороны участников митинга, которые заявили, что редакция «неправильно» освещает митинг. Один из угрожающих заявил, что они намерены прийти в офис «Азаттыка», и потребовал от корреспондента покинуть площадь. По словам журналиста, его тянули за руки и пнули в ногу. В целях личной безопасности корреспонденту пришлось прекратить вещание и покинуть площадь.

В связи с поступлением многочисленной информации из разных источников о том, что на офисы ряда СМИ планируются нападения, редакции «Азаттык Медиа», ИА «24.kg», «Sputnik Кыргызстан» и Kaktus.media обратились к добровольным дружинникам с просьбой обеспечить безопасность их офисов. В результате, в отсутствие возможности обеспечения безопасности со стороны правоохранительных органов, офисы этих изданий защищали добровольные дружинники.

Днем 10 октября группа из 25-30 человек пришла к офису редакции «Sputnik Кыргызстан», где они угрожали физической расправой и требовали незамедлительно отправить корреспондента для освещения митинга в поддержку Садыра Жапарова. Как сообщает редакция, группа мужчин заявила, что они «дают редакции Sputnik 30 минут», иначе выломают дверь, устроят погром и расправятся с охранником. Эти же угрозы прозвучали со стороны митингующих в поддержку Садыра Жапарова на Старой площади возле Дома правительства. Участники митинга высказали недовольство СМИ, которые занимаются освещением событий, как «Азаттык Медиа», Kaktus.media, ИА «Sputnik Кыргызстан» и паблики «Лимон», ОМКС, «Маалымат», «Беспредел».

10 октября на блокпосту недалеко от Кой-Таша военнослужащие препятствовали работе иностранных журналистов, сообщила редакция Kaktus.media. Из материала следует, что военные не давали вести съемку на блокпосту представителям РИА Новости, ТАСС, Associated Press и др.

Также во время освещения митинга на старой площади в Бишкеке нападению со стороны неизвестных женщин подверглась корреспондентка телеканала «7 канал».

История независимого Кыргызстана не раз доказывала о важности работы журналистов, в особенности при освещении протестных акций. Во время событий 2005, 2010 годов именно журналисты независимых СМИ боролись с информационным вакуумом, освещая происходившие в те дни события.

Сегодня участившиеся нападения, угрозы и давление на журналистов и редакции СМИ свидетельствуют о серьезной угрозе свободе прессы и свободе доступа к информации, гарантированным статьями 31, 33 Конституции КР.

Мы призываем власть обеспечивать журналистам возможность работать в безопасных условиях без угрозы физического и психологического давления для того, чтобы население постоянно было информировано об общественно важных вопросах, затрагивающих интересы всех граждан. Государство должно неукоснительно выполнять свои обязательства по защите свободы слова и созданию условий для работы журналистов в соответствии с международными обязательствами и национальным законодательством.

Мы призываем власть надлежащим образом отреагировать на вышеуказанные факты угроз в адрес журналистов, осуществляющих свою профессиональную деятельность и обеспечивающих граждан всей страны доступом к информации.

 

12.10.2020

Ошто журналисттердин кесиптик ишине тоскоолдуктар кѳп болууда

Коомдук-саясий абалды чагылдыруу учурунда журналисттердин кесиптик ишине тоскоолдуктар кѳп болду. Жогорку Кеӊешке депутаттарды шайлоо күнү Ош шаарында «Клооп» сайтынын кабарчысына кол салуу болуп, анын телефонун тартып алган. Эртеси күнү шайлоонун жыйынтыгы боюнча жүрүп жаткан митингди чагылдыруу учурунда «Азаттык» үналгысынын кабарчысы ур-токмокко кабылды.

4-октябрь күнү Ош шаарында шайлоо участогунун сыртында «Клооп» интернет-басылмасынын эки кабарчысынын телефондорун тартып алуу аракеттери болгон. Кабарчы  Хамидулло Узаков түз эфирге чыгып жатканда белгисиз бирѳѳ кол салган.

“Түз эфир кылып жатканымда чочун бир жигит мойнума шапалак менен чаап, телефонума асылды. Эки милиция ажыратып калды. Ал качып кетти. Бирок, милициялар мага кол салган адамды кармоого шашылышпады”, – деди Х.Узаков.

Ошол эле кезде «Клооп» интернет-басылмасынын дагы бир кабарчысы Айбике Адилет кызынын да телефонун тартып алуу аракети болгон.

Кабарчылар «ПРЕССА» деген бейджиктери бар болгонун, журналисттик ишмердигин жүргүзүп жатканын ал жердегилер кѳрүп турганын айтышты.

“Мага кол салып, телефонуму тартып алган жигиттин сүрѳтү боюнча интернеттен издеп, ал жигиттин грепплинг боюнча Азия чемпиону экенин билдим”, – деди Х.Узаков.

«Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө»

мыйзамда тѳмѳндѳгүдѳгүдѳй кепилдиктери каралган:

Журналисттин кесиптик укуктары, ар-намысы жана кадыр-баркы мыйзам тарабынан корголот.

Кесиптик милдеттерин аткарууда журналист инсанга кол тийбестиктин кепилдиктеринен пайдаланат.

Сын материалдарды жарыялагандык үчүн журналистти куугунтуктоого жол берилбейт.

Мамлекет журналистке маалыматты эркин алууга жана жайылтууга кепилдик берет, ал кесиптик ишин жүзөгө ашырууда аны коргоону камсыз кылат.

Журналисттин кесиптик ишине кийлигишүүгө, андан кесиптик милдеттерин аткарууда алынган ар кандай маалыматтарды талап кылууга тыюу салынат.

Хамидулло Узаков ага кол салуу жана телефонун тартып алуу инциденти боюнча милицияга арыз жазды.

Ош милициясы бул факты боюнча иш Кыргыз Республикасынын Жоруктар боюнча кодексинин “Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу” беренеси боюнча катталганын маалымдады.

Шайлоону чагылдыруу учурунда спортсмен жигиттер журналисттерге тоскоолдук жаратканын, буга шайлоо участогунун тѳрагасы кийлигишпегенин «Ынтымак» телеканалынын журналисти Мимоза Жаныбек кызы белгиледи.

“Шайлоо участогуна кирели десек, спорттук дене түзүлүштѳгү үч жигит алдыбызды тосуп, кирүүгѳ тоскоолдук кылышты. Алар бири-бири менен байланышта болуп, биздин артыбыздан түшүп, биз кайда барсак, ошол жакка барып атышты. Бирѳѳсү келип, сүрѳткѳ тартпа деп, мага тыюу салды. Спортсмендер менен байланышта болгон башка бирѳѳ бизди шайлоо участогунан чыгып кетүүнү айтты. Ошол жердегилердин баарынын тили бир болуп жатты. Алар милицияга: «Эмне үчүн журналисттерди киргиздиӊер, булар биздин ишибизге тоскоолдук кылып жатат», – деп бизди күнѳѳлѳштү”, – деди «Ынтымак» телеканалынын журналисти Мимоза Жаныбек кызы.

6-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында шайлоонун жайынтыгы боюнча ѳтүп жаткан митингди чагылдыруу учурунда «Азаттык» үналгысынын кабарчысы Дастан Үмѳтбай уулу да ур-токмокко кабылды.

“Митинг учурунда журналисттерге гана эмес, башкаларга да зомбулук кѳрсѳтүү кѳп болду. Ошол жердегилер уккусу келбеген сѳздү айткандарды да ур-токмокко алышты. Аябай опурталдуу болду. Мага кол кѳтѳргѳндѳр менин журналист экенимди билиши да, билбеши да мүмкүн. Ал жердегилер зомбулук кѳрсѳтүп жатканын жашырууну, мыйзамсыз аракеттери тасмага түшүп калбашын каалагандар болду”, – деди Дастан Үмѳтбай уулу.

Бирок журналист аны ур-токмокко алгандар боюнча милицияга арыз жазган эмес.

“Буга чейин эки учур болгон. Экѳѳндѳ теӊ милиция биздин кызыкчылыгыбызга чечпей койгон. Биринчисинде, мыйзамсыз тарткансыӊар дегендей кайра бизге күнѳѳнү оодаргандай болду. Экинчисинде жазган арызды электрондук китепчеге каттаганы менен, ишти тергебей койду. Мен шайлоо алдындагы мыйзам бузууларды сүрѳттѳр менен, ошол кишинин жүзү менен далилдеп бергем. Суракка чакырабыз дегени менен милиция бир жолу да тергѳѳгѳ чакырган жок”, – деп түшүндүрдү Дастан Үмѳтбай уулу.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо ѳттү. 5-октябрда массалык башаламандыктар болуп, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Жер-жерлерде митингдер уланууда.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу ѳкүлү

Комментарий

«Клооптун» журналисттери тууралуу айта турган болсок – алар укук коргоо органдарынан сотко чейинки териштирүү иштери кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу маалыматты талап кылышы керек. Эгер жооп болбосо жогорураак турган тарапка кайрылуу зарыл. Ал жактан да жооп болбосо прокуратурага жана сотко укук коргоо органдарынын аркеттери же аракет кылбагандары боюнча арзыданыш керек.

 

__________________________

Журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосунда жана «Медиа Полиси Институту» КФ менен өнөктөштүктө жүргүзүлүүдө.

Окшош посттор