Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Мониторинг

2021-жылдын январь боюнча ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг

2021-жылдын январында 8 маалымат катталган. 6 билдирүү бул айлардагы саясий кырдаалга байланыштуу ЖМКлардын абалын көргөзөт, 2 билдирүү журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушу тууралуу кабардар кылат.

I. ЖМКлар МЕНЕН ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН АБАЛЫН АНЫКТАГАН ӨЛКӨДӨГҮ САЯСИЙ, СОЦИАЛДЫК, АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА УКУКТУК КЫРДААЛДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

 

06.01.2021

«ЭлТР» «Азаттыктын» программаларын көрсөтүүдөн баш тартты

«ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы берүүлөрдү алып көрсөтүү боюнча «Азаттык Медиа» менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу негизде жокко чыгарды.

«Биз 2021-жылга топтомду жаңылайбыз жана жаңы программаларды киргизебиз. Эң негизгиси – прайм-таймга биз өзүбүздүн жаңы котормолорду коебуз. Азыр көрүүчүлөрдө котормого талап жакшы. Алар биздин көрсөтүүлөрдү көрүп жатышканын, бирок өтө кеч чыгаарын айтышты. Бизге тайм-праймды котормо контент үчүн бошотуу зарыл болду. Ошол үчүн ушундай чечим кабыл алынды. Биз «Азаттык» менен абдан жакшы иштештик, радионун жетекчилигине жана жамаатына ыраазылык билдиребиз», – деди телекомпаниянын директору Эрлан Догдурбеков.

Ал прайм-таймда кыргыз тилине которулган түрк, жапон мультфильмдери жана тарбиялык мүнөздөгү фильмдер көрсөтүлөөрүн тактады.

Э.Догдурбеков «Азаттык» менен түзүлгөн лицензиялык келишим компаниянын көркөм кеңешинин сунушу боюнча токтотулуп жатканын билдирди. Кеңеш мындай сунушту жаңы жылдын алдында берген. ЭлТРдин көркөм кеңеши 2020-жылы ноябрда түзүлгөн жана анын курамына телекомпаниянын кызматкерлери да кирет.

«ЭлТР» жетекчисинин айтымында, «Азаттык» менен келишимди токтотуу жөнүндө чечим 2021-жылдын 5-февралында күчүнө кирет. Э.Догдурбеков белгилегендей, макулдашууга ылайык эки тарап тең келишимди үзүү укугуна ээ жана бул тууралуу бир ай эрте билдирүүгө тийиш.

Белгилей кетсек, «ЭлТР» 2020-жылы шайлоолор, коронавирус курмандыктары, саясий фейктер жана Кыргызстандын Кытайга карызы жөнүндө берүүлөрдү көрсөтүүдөн бир беткей чагылдырууга шылтоолоп, бир нече жолу баш тарткан. «Азаттык» теле берүүлөрдү даярдап чыгарууда дайыма бейтараптык эрежесин кармана турганын билдирип, «ЭлТР» телекомпаниясынын дооматтарына макул болгон эмес.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

 

07.01.2021

«Клооп» басылмасы өз иликтөөсүн жарыялады

Журналисттер арыз жазып жатышат. Сүрөт kloop.kg сайтынан алынды

«Клооп» интернет басылмасы өткөн жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жүрүшүн чагылдырып жаткан эки кабарчысына тоскоолдук жаратып, телефонун тартып алууга аракет кылгандар кимдер экенин өздөрү иликтеп, коомчулукка жарыялашты.

«Клооптун» кабарчылары шайлоо участкасында тартылган  видеотасмалар аркылуу аларга кол салган адамдардын ким экенин, каерде иштегенин, алардын кайсы саясий партияга байланышы бар экенин иликтешкен.

Бул иликтөөнү жүргүзүүгө жабыр тарткан журналисттердин бири Хамидулло Узаковдун арызы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштин 31-октябрда кыскартылганы себеп болгон.

Эске салсак, Ош шаарындагы №5316 шайлоо участкасында кабарчы Хамидулло Узаков смартфону аркылуу түз эфирге чыгууга даярдык көрүп жатканда артынан белгисиз бирөө келип, мойнуна чаап, колундагы телефонду тартып алууга аракет кылган. Көп өтпөй башка бир киши Айбийке Адилет кызынын колундагы телефонду тартып алууга аракет кылган. Кабарчылар шайлоо участкасындагы милиционерлерден жардам сурашкан. Милициянын ыкчам-тергөө тобу келгенде кабарчылар кол салуу болгону жана журналисттик ишине тоскоолдук кылынганы жөнүндө арыз жазышкан. Кийин алар тергөөчүгө сурак берип, окуянын чоо-жайын айтып беришкен.

Хамидулло Узаковдун арызы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштин токтотулганын Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков мыдайча түшүндүргөн:

«Иш соттук-медициналык экспертизанын тыянагына негизделип, Хамидулло Узаков жабыр тартпаганы аныкталып, иш кайра кыскартылды».

Хамидулло Узаковдун сотко чейинки арызы кыскартылганын, тергөөнүн адилетсиз жүргүзүлгөнүн негиз кылып, «Клооп» басылмасы сотко арыз берген.

«Прокуратуранын үстүнөн кайрылганбыз. Анткени тергөөчүнүн үстүнөн жазган арызыбызды карабай койгон. Бүгүн (06.01.2021-ж.) биринчи отурум болду, анда Адилет кызынын да иши кыскартылганы белгилүү болду. Аны бизге прокурор айтты. Милициядан жабырлануучуга да, адвокатыбызга да кабар берген эмес. Ишти 31-декабрда кыскартып салышыптыр. Узаковдун иши сыяктуу эле тергөө кылдат тергөөгө алган эмес. Кол салган Достук Жолдошов суракка алынган эмес, ал күбө катары эле түшүнүк кат жазып койгон. Дагы бир кол салган Манас Алмаматовду тапкан эмес. Соттук отурумда «биз таппадык» деп эле айтыптыр. Биз аны өзүбүз таап, иликтөө кылдык», – деди «Клооп» басылмасынын кыргыз редакциясынын башкы редактору Элвира Султанмурат кызы.

Элвира Султанмурат кызы белгилегендей, биринчи соттук отурумда прокурор өзү сунуш келтирип, «кайрадан арыз менен кайрылгыла, ишти кайра тергөөгө жөнөтөйүн» деп айткан.

«Клооп» басылмасы кабарчылардын эки арызы боюнча теӊ тергөөнүн акыйкатсыз болгонун айтып, кыскартылган иштер боюнча кайрадан прокуратурага арыз таштады.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу ѳкүлү

 

08.01.2021

ИИМден шайлоону чыгалдырган журналисттердин тоскоолдуксуз иш алып баруусун камсыздоону талап кылышты

Биз, жарандар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, шайлоочулар, Сизге журналисттердин укуктарын жана 2021-жыл, 10-январда боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу кесиптик ишмердигин камсыздоо маселеси боюнча кайрылып жатабыз.

Кыргызстанда журналисттер жарандардын маалымат алууга байланышкан конституциялык укугун камсыздап, адамдардын жашоосуна таасир тийгизүүчү окуяларды жана көрүнүштөрдү изилдеп, бийликтеги коррупцияга журналисттик иликтөө жүргүзүп, коомдун турмушунда эӊ маанилүү роль ойнойт. Журналисттердин кесипкөй ишмердиги айрыкча шайлоо процессин чагылдыруу учурунда зор мааниге ээ болот.

Бирок акыркы жылдарда жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге кысым көрсөтүлүп, коркутуп-үркүтүү аракети жасалууда, укук сактоо органдарына жөнү жок эле суракка чакырып, миллиондогон сомдук айыпка жыгуу үчүн сотко беришүүдө.  Социалдык желелерде өлкөдө болуп жаткан коомдук мааниси бар окуяларды күн сайын чагылдырган бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерине атайын уюштурулган онлайн чабуул жасалууда. Журналисттердин өмүрүнө жана ден соолугуна кол салабыз деген маанидеги опуза жасалууда.

Мындай жосундар октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланышкан митингдерди чагылдыруу учурунда айрыкча күч алды. Журналисттер коркутуп-үркүтүүгө, кол салууга кабылды. Журналисттерге карай ок атышты, кол телефондорун жана аппараттарын тартып алышты, өздөрүнө жаккандай кылып “туура чагылдыргыла” деп опузалашты. Мунун баары журналисттер “ПРЕССА” деген таанытма кемсел кийип, техникалык аппараттарды көтөрүп жүргөнүнө карабай жасалды. Бул окуялардын баарында укук сактоо органдары, анын ичинен ички иштер органдары журналисттерди талаптагыдай коргой алган жок.

Журналисттерге жана ЖМКга кол салуулар, аларды каралап, өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролун жокко чыгаруу аракети буга чейин деле боло келген. Дүйнө жүзүндө саясатчылар ЖМКга кастарын тиккенде бир гана максатты көздөйт – алардын үнүн өчүрүп, өздөрүнүн мыйзамга көбүнчө туура келбеген иштерине коомчулуктун көӊүлүн бургузбоону гана ойлойт. Бирок Кыргызстанда ЖМК – реалдуу төртүнчү бийлик. Жарандар кырсыкка тушугуп же адилетсиздикке кабылганда, алар журналисттерге кайрылып, жардам сурайт.

10-январда Кыргызстанда башкаруу формасы жөнүндө референдум өткөрүлүп, өлкөнүн президенти шайланат. Биздин өлкөдө көбүнчө шайлоо ар кандай эреже бузуулар жана бурмалоолор жөнүндөгү кабарлар менен коштолот, булар сөзсүз түрдө журналисттерге айтылат. Мамлекеттин журналисттерди коргоо милдети Конституция менен улуттук мыйзамдардан да, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринен да, ошондой эле биздин мамлекет катышкан эл аралык келишимдерден, атап айтканда, Адам укуктарынын жалпы декларациясынан, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактыдан да келип чыгат. Буга байланыштуу жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздоого милдеттүү болгон мамлекеттик органдардан журналисттердин укуктарынын сакталышына өбөлгө түзүүнү, алардын ар кандай кысымдардан коргоону талап кылабыз.

Алсак, КР “Журналисттердин кесипкөй ишмердигин коргоо жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин үчүнчү абзацына ылайык, журналисттердин жарандардын укуктарына, эркиндигине жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешеси бар, коомдук маанидеги маалыматтарды алуу укугу чектелбеши керек.

Мындан тышкары, КР “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесине ылайык, ички иштер органдарынын негизги милдети коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыздоо болуп саналат. КР “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, жарандардын тынч чогулуш өткөрүү укугун жүзөгө ашырууда ички иштер органдарына жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштешине шарт түзүү милдети жүктөлөт.

Ошондуктан биз укук сактоо органдары журналисттердин жарандардын укуктарына тиешеси бар маалыматтарды алуусуна көмөктөшүүсү керек, ал эми бул ченемди башка жарандар бузган учурларда, мындай жосундарга бөгөт коюшу, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн тийиштүү чараларды көрүшү керек деп эсептейбиз.

 

20.01.2021

Журналист Шаиста Шатманова Матраимовдор тарабынан басым болгонун билдирди

Бул жөнүндө «СуперТВ» медиасынын «Саясий коктейль» программасынын алып баруучусу, журналист Шаиста Шатманова өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Анын айтымында, аталган берүүдө Райымбек Матраимов жөнүндө маселе көтөрбөө тууралуу телефон аркылуу айтылган.

Журналист билдиргендей, бул телефон чалуу теле берүүгө чакырылган президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго эфирде бериле турган суроолордун тизмеси алдын ала жөнөтүлгөндөн кийин болгон. Ал суроолордун арасында Матраимовго тиешелүү суроолор, анын ичинде, Матраимовдордун адвокаты эмне себептен Мамытовдун жарлыгы менен сот болуп дайындаганы жөнүндө дагы суроо болгон.

Журналисттерге берген интервьюда Шаиста Шатманова өзүнө Райымбек Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов чалганын тастыктаган.

«Эмнега дайыма эле Матраимов деген тема көтөрүлөт, Кыргызстанда башка көйгөй жокпу?», – деди. Албетте буйрук берген жок. Бирок «Башка тема жокпу?» – деген суроонун өзүндө басым көрсөтүү бар деп ойдобуз», – деди Ш.Шатманова.

Депутат Искендер Матраимов дагы журналистке чалганын «Азаттыкка» тастыктап, бирок эч кандай басым көрсөтпөгөнүн жана телефон чалуунун Талант Мамытовго байланышы жоктугун билдирген.

Эске салсак, КР президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 6-январда жергилктүү соттордун судьяларын дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Дайындалган соттордун тизмесинде Лейла Байдаеванын – Матраимовдор үй-бүлөсүн жана Исмаил Матраимов фондунун кызыкчылыгын коргогон жактоочунун фамилиясы дагы бар. Ал Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Ал эми Президенттин аппаратынан анын талапкерлигин чакыртып алууга эч кандай негиз болбогонун билдиришти.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КФ Чүй обл. жана Бишкек ш. өкүлү

 

28.01.2021

Окутуулар ЖМК кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн арттырат

COVID-19 пандемиясына байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) кызматкерлерине окутуулар көбүнчө онлайн өтүп келатат. Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү окутуулар ЖМК кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн арттырарын белгилешти.

«АКИпресс» интернет-басылмасынын Оштогу кабарчысы Бексултан Мамытов жумушка байланыштуу окутууларга катышууга кээде мүмкүн болбой калганын айтат:

«Окутуулар болуп турат. Бирок, катышууга бизде убакыт жок болуп калат. Ош шаарында кыргыз тилинде өткөнү ыңгайлуу. Зарылдыгы абдан жогору. Мен жаңы интернет сервистерин үйрөнүүгө муктажмын.  Өз алдымча үйрөнүүгө аракет кылдым, көп сервистерди үйрөндүм. Бирок, дагы да керек деп ойлойм», – деди Бексултан Мамытов.

«7-каналдын» кабарчысы Роза Акматжанова маалыматты тактоо, ачык маалыматтардан пайдалануу боюнча окутуулар зарылдыгын, көптөгөн ЖМКлар маалыматты тактабастан туруп таратып жатканын белгиледи:

«Көпчүлүк журналисттер тактоо дегенде пресс-кызматтан гана тактайт, башка жолдорун билишпейт. Мисалы, Ошто көмүр кени боюнча чырда кен кимге катталганын юстициядан текшерип, төккөн салыктары боюнча документ жүзүндө териштиргендер аз болду. Көп учурда респонденттин сөзү менен гана маалымат берилип калат экен. Балким журналисттер тактоо жолдорун билишпейт, же ачык маалыматтарды колдонууда кыйналышат. Мисалы, мен юстиция, салык кызматы, мамлекеттик сатып алуулар боюнча сайттардан өз алдынча маалымат тактай албайм. Дайыма тааныш адистерден жардам сураганга туура келет», – дейт Роза Акматжан кызы.

Маалыматты текшерүүнүн ыкмаларын үйрөтүү зарылдыгын «Нур» телеканалынын кабарчысы да баса белгиледи:

«Жаш журналисттер келип иштеп жатышат. Ачык булактардан маалыматтарды табуу, фактчек боюнча окутуулар болсо абдан жакшы эле. Тренингдерге мен да катышууну каалайм. Окутуулар онлайн болсо деле, тренердин көрсөтүп бергенин тажрыйбалап көрүп, кайра-кайра кайталап жасап, үйрөнмөкпүз», – дейт Даткабек Шабданбеков.

Ал эми topsport.kg сайтынын түштүктөгү кабарчысы Сезимай Жунусова журналисттерди сабаттуулукка жана талдоо материалдарды даярдоого үйрөтүү маанилүү дейт:

«Окурман макаладан маалымат эле эмес, туура жазууну да үйрөнөт. Бир эле сүйлөмдө кайталанган сөздөр кездешет. Бул журналисттин сөз байлыгы аз жана тажрыйбасына көз каранды. Журналисттер көп тил билгени жакшы. Окутуулар орусча өтүлүп, журналист түшүнбөсө, элге эч нерсени жеткире албайт. Ошондой эле, Ошто аналитикалык материал даярдаган журналисттер аз», – дейт Сезимай Жунусова. Ал окутуулар оффлайн өтүп, жандуу окуп, пикир алышканды туура көрөт.

Облустук, өзбек тилинде чыккан «Ош садоси» гезитинде 6 кызматкер иштейт. Алар гезитти даярдап, элге таратуу менен бирге эле интернет сайтты да иштетишет. Гезиттин башкы редактору Сохиба Шакирова сайт жасоо жана жасалгалгалоо боюнча окутуулар зарылдыгын айтты:

«Бизге SММ (cоцтармактардагы маркетинг) боюнча үйрөтүлсө жакшы болмок. Гезиттин сайтын ачканбыз. Абдан көйгөйлөр болуп жатат. Сайтыбыз иштебей калганда адисти чакырсак, ар келгенде 2 миң сомдон акы сурап, абдан жүдөп жатабыз. Сайтты ачканда эле рекламалар көрүнө тургандай кылып, рекламаны өзүнчө-өзүнчө кылыш керек болуп жатат. Реклама менен иштөөнү үйрөнгүбүз келет. Өз алдымча үйрөнүп иштеп жатам, SММди билүү абдан керек экен. Ютуб-канал ачып иштетүүнү да үйрөнүү зарыл. Гезит үчүн маалымат топтоп жүргөндө биз эл менен жолугуп, сүрөткө тартып, видео, үн жаздырып келебиз. Ютуб-каналыбыз болбогону үчүн видео менен аудио өзүбүздө калып калат. Эгер Ютуб-каналга видео, үн, статьяны коштоп койсок, натыйжалуу болмок», – деди Сохиба Шакирова.

Башкы редактордун айтымында, акы төлөө менен өтүлгөн окутууларга катышууга мүмкүн болбой келет:

«5-10 миң каражат сарптап катышып келүүгө шартыбыз туура келбейт. Биздин айлык акыбыз 5 миң сомдон. Андан налогго, соцфондго кармалып, колубузга тийгени 4200 сомдун тегереги. Сайтка реклама коюп, Ютуб-канал менен иштесек деп аракет кылып жатабыз. Сайтыбызга реклама коюп аз-аздан каражат таап жатканыбыз менен натыйжасы азыраак болууда. Абдан жакшы өздөштүрө албай жатабыз», – деди Сохиба Шакирова.

Оштогу ЖМК кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү жумушка таасир тийгизбеши үчүн окутуулар дем алыш күндөрү өтсө, же онлайн окутуулар иш күндөрү кечинде болуп турса деген каалоолорун билдиришти.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү

 

28.01.2021

Окуу зарыл, тилектештик ар кыл

Нарын шаарындагы кабарчы-журналисттердин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында окуутууларга баарысы бир ооздон негизинен бирдей пикирди белгилешсе, тилектештикке келгенде мүдөөлөр ар башка болуп чыкты.

Кенжебай Кыдыров союз доорунда облустук гезитте эмгектенген. Кийин агартуучулук тармакта иштеп, “Кутбилим” гезити менен байланышта болгон. Соңку жылдарда кошумча “Турмуш” сайтына кабарчылыкты кошо аркалап келет.

“Негизи журналисттер оңой менен тилектеш боло беришпейт. Биздин учурда облустук радио комитети өзүнчө, облустук гезит өзүнчө, райондук гезиттер өзүнчө эле. Тигилер тигинтиптир, булар минтиптир деген аңдышмайлар анда-санда болуп эле турчу. Азыр деле ошондой көрүнүш. Тескерисинче, кийинки жаштар башкача тарбияда калыптанышып, бири-бири менен ымалага оңой менен келишпегендей сезилет”, – дейт К.Кадыров.

Мындай жүйөөгө ушул эле сайттын жаш кабарчысы Алмаз Өмүрзаков, коомдук телерадио компаниясынын “Ала Тоо 24” теле каналынын өз кабарчысы Алишер Аскарбеков кошулат.

“Бизде чындыгында биригүү жок. Ар кимибиз өз алдынча эле жүрөбүз. Ал эми жамааттары бар редакциялар деле өздөрүнчө. Бир журналист мындай болуптур, ага чогулуп жардам же колдоо көрсөтүлдү дегенди уга элекпиз”, – дейт А.Өмүрзаков.

Ал эми облустук медиа борбордун уюштуруусундагы “Теңир-Тоо” гезитинин редактору Гүлзаада Турдалиева журналист-кабарчылардын арасындагы тилектештик бар экендигин, асырэсе муну ар ким өзүнө жараша кабылдаарын белгилейт.

“Мисалы мен Нарындагы бардык журналисттер менен тилектешмин десем болот. Бирөө менен ой бөлүшөм, экинчиси менен кабарлашам, дагы бирөөнөн маалымат алмашам дегендей. Мисалы, учурда өз алдынча блогер катары жүргөн, мурда Ат-Башы райондук гезитте кабарчы болуп иштеген Элмира деген кызга өткөн жылы иттин башы салынган посылка келбеди беле. Мен дароо байланышып, ал акыбалын сурап кызыктар болдум. Ошондуктан биздин арабызда өз ара тилектештик сөзсүз болуш керек”, – дейт Г.Турдалиева.

Облустук медиа борбордун сайтынын кабарчысы Чынара Токтогулова бир шаардагы алакандай журналисттердин тилектеш болушуна шарт керек деп эсептейт.

“Чындыгында тилектеш эмеспиз. Бир учурда “naryn.kg” сайты бар кезде, кызыккан журналисттерди чакырып, баарлашуулар болуп турчу. Ар кандай маалыматтык жыйындар  өткөрүлүп, журналисттер бат баттан жолугушчу. Азыр андай пресс-борбор жана чогулуп сүйлөшкөнгө атайын зал жок. Башкалардыкын сурайлы десек акы төлөгөнгө туура келет”, – дейт Ч.Токтогулова.

Окутуулардын керек жана зарыл экендигин жалпысы бир ооздон белгилешти. Бирок көпчүлүгү он-лайн же ЗООМ аркылуу болгон сабактар пайдасыз экендигин, кулакка тыңшагычты салган менен кээси телефон чукулап, айрымдары ары-бери басып кете беришерин ачыкташты. Ошондуктан алар мүмкүнчүлүккө жараша окууларды жер-жерлерде өткөрүүнү кубатташты.

Күмөндөр Усуптегин,
“Журналисттер” КБнын Нарын облусундагы өкүлү

 

II. ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖМКлардын ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН УКУКТАРЫНЫН БУЗУЛУШУ

Жарыяланган айрым маалыматтарга байланыштуу ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча талаптар

18.01.2021

Матраимовдор менен эки ЖМКнын соту 3-февралга жылды

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдор үй-бүлөсүнүн «Клооп», «Азаттык» жана журналист Али Токтакуновго каршы доосу боюнча иш каралган жок. Буга доогер Уулкан Тургунованын фамилиясын Сулайманова кылып өзгөртүшү себеп болгон.

ЖМК жактоочулары сот жыйынын фото жана видеого тартууга уруксат сурашты, бирок Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жактоочусу буга каршы болду. Натыйжада сот отурумду тартууга тыюу салды.

«Райымбек Матраимовдун кылмыш жасоого шектелгендигин жана ал кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койгонун эске алуу менен сот муну изилдеп чыгыш керек деп эсептейбиз. Матраимов коррупцияга байланыштуу кылмыш жасоого шектелгенин эске алуу керек», – деп «Клооптун» жактоочусу Фатима Якупбаева билдирди.

Бирок доогер тараптын жактоочулары каршы чыгышты. Маселе чечилген жок. Анткени сот доогер тараптан так эместиктер бардыгын аныктаган. Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова фамилиясын Сулайманова кылып өзгөрткөн.

«Матраимовдор жашырынуу жана качып кетүү үчүн көп аракет кылышты. Биз жакында Матраимов фамилиясын өзгөрткөнүн түшүндүк, эми анын аялы дагы ошондой кылды. Менимче алар жоопкерчиликтен ушундай жол менен качууга аракет кылып жатат, бирок алар коомчулукка айдан ачык болуп калды. Мен бул айла-амал жардам бербейт деп ойлойм», – дейт журналист Али Токтакунов.

Журналисттин айтымында, сот Сулаймановго эч кандай мүлк жазылган эмес деп айтып, чечим доогер тараптын пайдасына чыгып калышы мүмкүн деген кооптонуу бар.

«Райымбек Матраимов өзүнүн коррупционер экенин мойнуна алгандан кийин бул эки эсе актуалдуу маселе болуп калды. Өзүнүн коррупционер экенин мойнуна алган киши анын коррупциялык схемаларын аныктаган журналисттерди сотко берип жатат. Бул анекдот», – деп айтты Токтакунов.

Эске салсак, Матраимовдор «Азаттык», «Клооп», 24.kg басылмасын жана журналист Али Токтакуновду 2019-жылдын орто ченинде сотко берген, алар үй-бүлөнүн аброюна, ар-намысына жана ысымына шек келтирди деп журналисттерди айыптаган. Алгач алар «Азаттыктан» 22,5 млн сом, 24.kg басылмасынан 12,5 млн сом, «Клооп» менен Токтакуновдун ар биринен 10 миллион сомдон компенсация талап кылган.

Матраимовдор ошол иликтөөгө катышпаган, бирок өз макаласын жарыялаган 24.kg басылмасы менен доосунун бир бөлүгүн чакыртып алууну макулдашкан жана сот буга макул болгон. Бирок Матраимовдор компенсация талап кылбаса дагы, 24.kg бул иште жоопкер катары кала берүүдө.

Ошентип эми Матраимовдор ЖМКдан өңдүрүүнү көздөгөн компенсациянын жалпы суммасы 45 млн сомдү түздү.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

Комментарий

Матраимовдордун өкүлдөрү сотто каралып жаткан маалыматтарды жайылтууга тыюу салуу тууралуу өтүнүчү менен кайрылышып, сот бул өтүнүчтү канааттандырбады. Доогерлердин өкүлдөрү бул чечимге арызданып жогорку соттук инстанцияга кайрылылышты. Ушуга байланыштуу шаардык сот бул арызды карап чечимин чыгармайынча райондук соттогу соттук процесс белгисиз бир мөөнөткө токтоп калды. Соттук териштирүүнүн башталганына бир жыл болуп калганда доогер тарап жогоруда айтылган өтүнүч менен кайрылуусу – бул алардын соттук процессти чоюу амалы болушу мүмкүн.

 

29.01.2021

Караколдук журналисттин иши боюнча соттошуу башталды

Ысык-Көл облустук соту Фатима Тагаеванын жеке арызы боюнча Каракол шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ал буга чейин көз карандысыз журналист Алена Хоменконун үстүнөн үч жолу доо-арыз жазган, бирок үчөөндө тең шаардык сот доогер мамлекеттик алымды төлөбөгөн үчүн арызды кароодон баш тарткан.

«Сот бизге бардыгын түшүндүрдү, биз дагы 400 сом төлөш керектигин билген эмеспиз. Мен ал журналистти сөзсүз жазага тарттырам», – деди Ф.Тагаева.

Ал жакынкы күндөрү мамлекеттик алымды төлөп, А.Хоменконун үстүнөн шаардык сотко даттанууга ниет кылып жатат.

Ф.Тагаева А.Хоменкону алдамчылыкка айыптоодо жана андан 5 млн сом өндүрүп берүүнү талап кылып келет. Сотко кайрылууга Фейсбукка жарыяланган пост себепкер болгон. Мурда А.Хоменко жер талаш боюнча соттук териштирүүнү чагылдырган жана тараптардын биринин өкүлү катары катышкан. Ф. Тагаева экинч тарап болуп эсептелет.

А.Хоменко Фейсбукка тараптардын биринин сөзү боюнча талаш-тартыщтын себептерин, сот процесси кандай өткөнүн баяндаган пост жазган. Постто ысымдар жана фамилиялар көрсөтүлгөн эмес, болгону Ф.Тагаеванын инициалы берилген. Ф.Тагаев муну жалаа деп эсептейт.

Өз кезегинде журналист дагы Ф.Тагаевага каршы ШИИБ жалаа жабуу жөнүндө арыз жазган. Бирок А.Хоменконун айтымында, анын арызы боюнча эч жыйынтык чыга элек.

«Менин арызым боюнча иш жылбай турат, ал суракка келбей жатат», – деп айтты А.Хоменко.

Нургуль Шаршембиева,
«Журналисттер» КБ
нын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү

Комментарий

Белгилей кетүүчү жагдай, журрналист соттук процессти чагылдыруу менен бирге процесстеги бир тараптын өкүлү боло албайт. Аны менен катар кайсы ушактоо тууралуу сөз болуп жатканы түшүнүксүз. Кыргызстанда “Ушактоо жана мазактоо” декриминалдаштырылган, ошондуктан жамандаган жана кемсинткен маалыматтар үчүн эч ким бул статьялар боюнча жоопкерчиликке тартыла албайт.

__________________________

Журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосунда жана «Медиа Полиси Институту» КФ менен өнөктөштүктө жүргүзүлүүдө

Окшош посттор