Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Мониторинг

2021-жылдын март боюнча ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг

2021-жылдын март боюнча ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг

2021-жылдын мартында 6 маалымат катталган. 3 билдирүү бул айлардагы саясий кырдаалга байланыштуу ЖМКлардын абалын көргөзөт, 1 билдирүү журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушу тууралуу кабардар кылат, ал эми 2 билдирүү журналисттерге жана ЖМКларга кол салуу жана аларды коркутуу, кылмыш ишинде айыптоо тууралуу маалымат берет.

I. ЖМКлар МЕНЕН ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН АБАЛЫН АНЫКТАГАН ӨЛКӨДӨГҮ САЯСИЙ, СОЦИАЛДЫК, АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА УКУКТУК КЫРДААЛДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

01.03.2021

Матраимовду колдоо митингинде «Азаттыктын» жана «Клооптун» журналисттерине карата чагымчылдык аракеттер болду

28-февралда Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Раимбек Матраимовду колдоо митинги учурунда «Азаттык» жана «Клооп» медиаларынын журналисттерине чагымчылдык аракеттер болду.

«Биз башка журналисттер сыяктуу эле окуяны жеринен барып көрүү, чагылдыруу үчүн барганбыз. Ал жерде биздин ишмердүүлүгүбүзгө тоскоолдуктар жаралып, бир нече кишилердин чагымчыл аракеттеринен улам окуяны таштап кетүүгө аргасыз болдук. «Милиция бизди алып кетсин, кооптуу боло баштады» деп чакыралы деп жатканда милиция кызматкерлери өздөрү эле келип калышты, ал жерден чыгып кетүүбүзгө жардам беришти. Физикалык жабыр тартпагандыгыбыз үчүн атайын арыз менен кайрылган жокпуз», – деди «Азаттык Медиасынын» Оштогу кабарчысы Дастан Үмөтбай уулу.

Ал митингди чагылдырууда этият болгула деген сыяктуу күн мурунтан чалуулар болгонун кошумчалады.

Тынчтык митинги учурунда «Клооп» интернет-басылмасынын журналисттерине да басым болгонун басылманын кыргыз редакциясынын башчысы белгиледи:

«Митингде бир адам «Азаттыктагы» Дастандын колунан катуу тартты. «Эмнеге жулкулдатып жатасыңар, кол салбагыла!» дедик. Анан биздин «Клооптон» экенибизди билишти. Толпа чагымчылдык кылды. Жулкулдатышты. Биздин журналистке түкүрүшүптүр, дагы бир журналист телефонуна видео тартып жатканда, бирөө кармап туруп съемканы өчүрүп салыптыр. Бизди Матраимовдун эле балдары курчап алышты да, «биз силерди коргойбуз» дешти. Толпа «кетсин, кетсин» деп жатышты. Анан милиционерлер жардам берип, ал жерден кетүүгө аргасыз болдук», – деди Элвира Султанмурат кызы.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы:

«Митинг учурунда анын катышуучулары тарабынан кандайдыр бир тартип, мыйзамдуулукту бузуу фактылары катталган жок. Ош шаарында коомдук-саясый кырдаал туруктуу. Кырдаал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын көзөмөлүндө турат», – деп маалымат таратты.

Чогулгандар Р.Матраимовдун боштондугун талап кылышты жана бейөкмөт уюмдардын, “Азаттык” радиосунун ишмердүүлүгүнө каршы пикирлерди айтышты.

Митингге транспаранттарды көтөргөн адамдар, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана Матраимовдор каржылаган “Мекеним Кыргызстан” партиясынын атынан 2020-жылдагы парламенттик шайлоого талапкер  болгон бир нече аткаминерлер да катышты.

Эске салсак, бажыдагы коррупцияга айыпталган Р.Матраимов УКМК тарабынан камакка алынганда тергөө менен кызматташарын айтып, мамлекетке 2 млрд сом кенемтени кайтарган. 11-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Р.Матраимовду бажыдагы коррупция боюнча айыптуу деп таап, 260 миң сомдук айып пул салып, бошоткон. 18-февралда Р.Матраимов кылмыштуу кирешени адалдаштырууга байланыштуу айыпталып, УКМКга сурак бергенден кийин 2 айга камакка алынган.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Оштогу өкүлү

 

16.03.2021

Президент саясатчыларга, журналисттерге карата саясий куугунтук болбойт дейт

Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын билдирди.

“Саясатчысы деле, саясатчы эмеси деле кыйкырып атат. Биз бирөөнү да куугунтуктаган жокпуз. Же мурдагыдай журналисттерди куугунтуктаган жокпуз. Мурда Сыргак Абдылдаевди сайып кеткен, колу-бутун бууп көп кабаттуу үйдөн ыргытып жибергендери, камалгандары бар. Азыр эч нерсе болгон жок да”, – деди Садыр Жапаров.

“Кыргыз Республикасы – демократиялык мамлекет бойдон калат”, – деп билдирген президент.

 

19.03.2021

К.Кыдыров: Нарында “өзүбүзчө” деген термин пайда болду

2020-жылдын октябрь окуясынан кийин Нарын дубанында дагы бийлик алмашып, Өкмөттүн облустагы өкүлү жана биринчи орун басары жаңы дайындалышкан. Арадан өткөн 5 ай аралыгында жаңы жетекчиликтин маалымат берүүдөгү ишмердиги тууралуу жергиликтүү журналист-кабарчылардын пикирлери бир кылка эмес.

“Азаттык” үналгысынын облустагы өз кабарчысы Бексултан Мамбетов маалымат топтоодо кыйынчылык жок экендигин белгилесе, “Турмуш” сайтынын кабарчысы Алмаз Өмүрзаков:

“Мен маалыматтарды мурункудай эле алам. Атайын “пресса коллектив” деген группабыз бар, ал аркылуу чакырылат. Болбосо Фейсбукта “Нарын облусу” деген баракча бар, ага чыккандан кийин кошумчалап, кабарларды толуктаймын”, – дейт.

Ал эми “Кут Билим” гезитинин жана “Турмуш” сайтынын өз кабарчысы Кенжебай Кыдыров төмөндөгүлөрдү билдирди:

“Чындыгында облустук маалыматтар соңку учурда ачык чагылдырылбай калды. Облус жетекчисинин, орун басарларынын өткөргөн ар кандай жыйындарына көпчүлүк учурда республикалык ЖМКлардын кабарчылары чакырылбай калуучу болду.

Экинчиден, биз кайсы бир жыйынды угуп келсек, – Бул эми “өзүбүзчө” эле жыйын дешип катыштырышпайт. Мисалы, Нарын, Кочкор райондорунун ортосундагы жайыт боюнча жыйында бизди сыртка чыгарышып, өздөрүнчө талкуулашты.

Үчүнчүдөн, облус жетекчиси Президент менен бирдикте Өзбекстанга иш сапарга кошо барып келди. Көп өтпөй 16-март күнү район акимдери, Нарын шаарынын мэри, ишкерлерден турган делегацияны жетектеп, Өзбекстандын Фергана облусуна бара тургандыгы белгилүү болду. Биз облус жетекчисинен ал жакка баруунун максаттары тууралуу алдын ала маалымат алалы дегенибизден майнап чыккан жок. Өкүлдүн басма сөз кызматынан: “Келгенден кийин толук маалымат берилет”, – деген жоопту алдык. Айтор облустук бийлик маалымат берүүдөн абдан сактанып, жабык эшик артында ишмердүүлүк кылганга ыктап алышты”.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Сабыркул Ашымбаевден жана биринчи орун басары Адыл Сапаровдон жооп алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Экөө тең иш сапар менен Өзбекстанга кетишкендиги белгилүү болду.

Күмөндөр Усуптегин,
“Журналисттер” КБнын Нарын облусундагы өкүлү

 

II. ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖМКлардын ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН УКУКТАРЫНЫН БУЗУЛУШУ

ЖМКлардын, интернет-басылмалардын жана журналисттердин процессуалдык укуктарынын бузулушу

11.03.2021

“Апрель ТВ”нын журналисти Канат Каниметовду УКМК суракка чакырды

Анын айтымында, сурак Мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси Абдиль Сегизбаевдин ишине байланыштуу болот. Журналист Канат Каниметов аталган иш боюнча күбө катары өтүүдө.

«Апрелдин» кызматкери суракка тергөөчүнүн телефон чалуусу боюнча келген. К.Каниметовго чакыруу кагазын мекемеден берүүгө убада кылышкан.

Журналист интернетке жазган өзүнүн постунда, сурак жүргүзө турган тергөөчүнүн аты Санжар Жантаев экенин билдирген.

Журналисттин кызыкчылыгын “Медиа Полис Институту” уюмунан жактоочу Нурбек Сыдыков коргомокчу.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. өкүлү

Комментарий

Сурактын алдында тергөөчү К.Каниметовдон жана анын жактоочусу Н.Сыдыковдон сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтары болуп саналган өз көрсөтмөлөрүн жайылтпоо жөнүндө катка кол койдуруп, аталган шартты бузгандыгы үчүн кылмыш жазасына тартыла тургандыктарын эскертти.

КР ЖПКнын 13-беренесине ылайык, тергөөчү зарыл болгондо тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтары болуп саналган өз көрсөтмөлөрүн жайылтпоо жөнүндө суракка алынгандан кол койдуруп алууга укуктуу. Көңүл бура турган жагдай – бул нормада «зарыл болгондо» деп жөн жеринен жазылган эмес. Башкача айтканда, тергөөчү ишке катыштыгы бар адамдардын укуктарын өзү каалагандай чектей албайт.

Бирок да тергөөчү К.Каниметовдон сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтары болуп саналган өз көрсөтмөлөрүн жайылтпоо жөнүндө катка кол койдуруунун зарылдыгына далил келтире алган эмес. Ага себеп катары К.Каниметовдун УКМКга суракка чакырылгандыгы тууралуу постту Фейсбукка жазгандыгын айткан. Анын айтымында, мындай кылбашы керек болчу. Ошол эле кезде эмне үчүн К.Каниметовдун мындай постту жазууга укугу жок экендигин түшүндүрө албады. КР Конституциясынын 33-беренесине ылайык, К.Каниметовдун суракка чакырылгандыгы тууралуу постту жарыялагандыгы – анын өз пикирин билдирүү укугун чектөөгө негиз боло албайт. Башкы мыйзамдын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.

Анан да катка суракка чейин болгон кол койдурулуп алынган. Мындай айтканда К.Каниметов жанан анын жактоочусу эмнени жайылтууга болбой тургандыгын али билишпейт эле. Ага кошумча К.Каниметовко кайсы иш боюнча чакырылганы, сотко чейинки өндүрүштүн номуру кандай экени, кайсы факт боюнча бул өндүрүш жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалыматтар берилген эмес.

 

III. КОНФЛИКТТЕР. ЖУРНАЛИСТТЕРДИ, ЖМКларды ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫ АЙЫПТОО

Журналисттерге, ЖМКлар менен интернет-басылмаларга карата коркутуулар

15.03.2021

Factcheck.kg журналисттерин Ошто өтө турган иш-чарага карата коркутуп жатышат

Factcheck.kg порталынын журналисттери менен активист Улан Үсөйүндүн дарегине коркутуулар болуп жатат. Эгерде алар Ошко келе турган болсо жазалана турганы жөнүндө пост Фейсбук соцтармагына жарыяланды.

Factcheck.kg мындан мурда Фейсбукка түштүк борбордо өтө турган иш-чара тууралуу жарыя жазган жана анда фактчекинг боюнча расмий эмес жолугушууга кайрылуу кабыл алынаары кабарланган. Аталган жолугушууга журналисттер Асель Сооронбаева жана Ярослав Тартыков, ошондой эле, активист Улан Үсөйүн катышаары пландалган.

Колдонуучу Али Абразаков (болжол менен бул фейк акккаунт болуп саналат) иш-чараны өткөрүүгө жол бербөө чакырыгы менен бөлүшкөн. Ошто боло турган расмий эмес жолугушуунун уюштуруучулары ЛГБТны жактырышат деп айыптаган. Ал комментарийлеринде журналисттерди жана аларды колдогондордун бардыгын ачык коркуткан.

ИИМ жана Оштун ИИБ бул билдирүү боюнча эч кандай пикир айта элек. Жарандык коомдун өкүлдөрү жана бир катар ЖМК жетекчилери укук коргоо органдарын коркутууларга көңүл бурууга жана журналисттер менен активисттердин коопсуздугун камсыздоого чакырууда.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. өкүлү

Комментарий

Мындай учурларда болгон коркутууларды бардыгын видеого тартып, аудиого жаздырып, сөзсүз жергиликтүү укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуу керек.

 

17.03.2021

Жарандык активистке жана журналисттерге карата коркутууларды милиция текшерип баштады

Ош шаарында фактчек (маалыматтарды текшерүү) жөнүндө тренинг өтүүнү пландап жаткан жарандык активист Улан Үсөйүнгө жана Faktcheck.kg сайтынын журналисттерине карата коркутуу мүнөзүндөгү пост боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы текшере баштады.

«Бул иш 15-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Жоруктарды жана кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрине «ээнбаштык» деп катталды. Текшерүү иштери жүрүп жатат. Али (Али Абдразаков – пост жазган жаран – ред.) Кара-Суу районунун аймагында жашаган дин өкүлү экен. Ал чакырылдыбы, жокпу, азырынча маалыматым жок», – деди Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков.

Социалдык тармактарда жарандык активист Улан Үсөйүнгө жана журналисттерге карата коркутуулар болуп жатканын, буга тезинен көңүл буруу керектигин журналисттер айтып чыгышкан.

«Биз, басма сөз кызматы, «журналисттер ушундай пост жазып, адам өмүрүнө коркунуч келтирди деп жатышат. Резонанс жараткандыктан, териштирүү зарыл деп эсептейм» деп жазып, жетекчиликке рапорт менен кайрылганбыз», – деди Замир Сыдыков.

Фактчек боюнча пландалган тренинг Ош шаарында кайсы күнү өтөрү такталып жатат.

«Корко турган эч нерсе жок. Милиция өз ишин кылып жатат. Мен ойлойм, милиция өз ишин так кылат деп. Биздин иш-чара болот. Барабыз. Уюштуруучулар тактап, так датасын айтышы керек. Мен барам», – деди жарандык активист Улан Үсөйүн.

Маалыматтарды текшерүү боюнча окутуулар өлкөнүн башка аймактарында да өтөт.

«Кооптонуу болбой койбойт. Себеби, пост жазган киши ачык коркутууга чакырып жаткандай. Анын артында комментарийде чакырыктар бар. Биз коопсуздук маселесин караштырып, баары бир тренинг өтөбүз деп пландаштырып жатабыз. Себеби, биздин максатыбыз – фактчекингди бардык региондорго жайылтуу, сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандыруу. Жалган маалымат, манипуляция менен күрөшүүнү ири шаарларда гана эмес, региондорго да жеткирүүнү максат кылып жатабыз», – деди Faktcheck.kg сайтынын кабарчысы Асель Сооронбаева.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Ош облусундагы өкүлү

Комментарий

Кызыгы – укук коргоо органдары «окуя коомдо катуу талкуулана баштаганда» гана иштей башташат. Бул жерде көңүл бура турган нерсе – кайсы бир журналистке карата гана коркутуулар болбостон, белгилүү бир социалдык топко каршы аракеттерди кылууга башка топко чакырык кылынган. Укук коргоо органдарынын өкүлүнүн маалыматы боюнча, чакырык кылган адам дин өкүлү жана Кара-Суу районунун тургуну. Бул өтө кооптуу көрүнүш болуп эсептелет.

 

__________________________

Журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосунда жана «Медиа Полиси Институту» КФ менен өнөктөштүктө жүргүзүлүүдө. 

Окшош посттор