Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Шок контентке азгырылба, маалыматты текшер: Эл аралык фактчекинг күнүнө карата кыргыз фактчекерлеринин кеңештери

Шок контентке азгырылба, маалыматты текшер: Эл аралык фактчекинг күнүнө карата кыргыз фактчекерлеринин кеңештери

Фактыларды текшерүүнүн эл аралык күнү Фактыларды текшерүү боюнча эл аралык тармагы (IFCN) жана фактыларды текшерүү менен алектенген дүйнө жүзүндөгү башка өнөк уюмдар менен биргеликте өткөрүлүп келет. IFCN кесипкөй фактчекерлер жалган маалыматтын бетин ачууда жалгыз болбошу керек деп эсептейт.

Дени сак маалыматтык экосистема ар бир адам тарабынан фактылардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга өз салымын кошуусун талап кылат, анткени “#фактынытекшерүүзарыл” жана “#фактынытекшеришкерек” – ушул жылдын лейтмотиви жана хештегдери.

IFCN орусиялык аскерлер Украинага басып кирээри менен бул өлкөдөгү согуш жөнүндө маалыматтын бурмаланышына каршы туруу үчүн дүйнө жүзүндөгү фактыларды текшерүү боюнча адистерди чогултту. Бул демилге #UkraineFacts деген кыймылдын жаралышына алып келип, анын алкагында согуштук аракеттердин биринчи айында бир нече өлкөлөрдө байкалган адамды жаӊылыштырган, чаташтырган билдирүүлөргө каршы туруу үчүн миңден ашык фактчек даярдалды. Бул аракет COVID-19 жөнүндө фактыларды текшерүүнүн маалыматтык базасында издөө жүргүзүүгө жеткиликтүү 12 миӊден ашык материалдары бар #CoronaVirusFacts альянсынын ийгилигинен кийинки алгачкы чоң масштабдагы биргелешип иштөө болуп саналат.

Фактыларды сөзсүз текшериш керек

Фактыларды текшерүү күнү – коомдук саламаттык сактоодо, журналистикада жана күнүмдүк турмушта чындыкты издөөгө чакырык. Эл аралык фактчекерлер бул күн “жеңил жана жаркын, бирок пайдалуу” болушу керек дешет.

2018-жылдан бери Кыргызстанда өлкөдөгү жалган мааламаттарды текшерүүгө адистешкен Factcheck.kg платформасы иш алып барып келет. Быйылкы жылдын башында Чекит Медиа иштей баштады – ал фактчекинг форматындагы материалдарды даярдап келген бир нече редакциялардын башын бириктирген платформа болуп саналат. Кыргызстанда 5 жылдан ашык убакыттан бери “Медиа Сабак” демилгеси иштеп келет, анын сайтынан (www.mediasabak.org) кыргызча контекстке негизделген материалдарды: окутуу курстарын, оюндарды, китептерди, макалаларды жана медиасабаттуулук боюнча видеосабактарды тапса болот.

Фактчекинг күнүнүн алдында Кыргызстанда эки уюмдун – Ololomedia жана «Медиа сабак» – REVIVE долбоорунун жана КРдеги Интерньюстун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен “Текшердим” маалыматтык кампаниясы башталды. Ал ар башка топтордун арасындагы медиа сабаттуулукту жогорулатууга, маалыматты бурмалоо жана фейктер менен күрөшүүгө, бул күрөштө кесипкөй медиалардын ролун жогорулатууга багытталган.

Биз Factcheck.kg платформасынын редактору Ярослав Тартыков жана “Чекит Медианын” жетекчиси Асель Сооронбаева менен маектешип, ар башка редакциялардагы факчекерлерге Кыргызстанда көп кезиккен фейктер, кызыктуу кейстер тууралуу суроолорубузду берип, фактыларды текшерүү үчүн эмне кылуу керек экенин аныктадык.

Фейктер жөнүндө мыйзам күчүндөбү?

Акыркы эки жылдан бери өлкөбүздө сөз эркиндигине кысым көрсөтүү тенденциясы байкалууда. Кабыл алынган фейктер жөнүндө мыйзам (“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө”) кандай иштей тургандыгын көрсөттү. Бул чала иштелген мыйзам экендигине карабастан, мамлекеттик түзүмдөр аны да бузууга жетишип, аны өз кызыкчылыгында каалагандай калчап жатышат. Буга “Азаттык Радиосун” жабууга аракеттери жакшы мисал боло алат.

Мыйзамдын кабыл алынышы менен көптөгөн редакцияларга, биринчи кезекте көз карандысыз редакцияларга, коркунучтар жаралды. Өзүн куугунтуктоодон сактап калыш үчүн алар учурда ар бир нерсени майда-чүйдөсүнө чейин текшерүүгө милдеттүү. Материал кайсы бир чоӊ кызматтагы адамга жакпай калгандыгы үчүн эле сайттарды бөгөттөп койсо болот. Ошондуктан ар бир материал тыкыр текшерилип турулушу абзел, ар бир редакцияда жеке өзүнүн редакциялык фактчекери болушу керек.

Жалган маалыматтардын ыкмаларында кандай тенденциялар бар?

Пандемия башталганга чейин өзүнчө фейктер, жалган маалыматтарды жарыялоолор, вирустук видеолор боло турган. Ал эми пандемия башталганда фактекерлер максаттуу жана чоң көлөмдөгү чабуулдар менен кезигишти. Кийинки практика айрым окуялар бүтүн бир чоң кыймылды жаратышы мүмкүн экендигин көрсөттү. Бул 5G станцияларынын зыяндуулугу, “алтын миллиард” идеясы, таажычан вирусту чачуу, зыяндуу эмдөө сыяктуу конспирологиялык теорияларга байланыштуу.

Эгер башында аудиториянын басымдуу бөлүгү «фактчек» деген эмне жана ал эмне үчүн керек экенин жакшы түшүнө албай келсе, азыр болсо ага кызыгуу бир топ өсүп, текшерилген маалыматка суроо-талап пайда болду. Колдонуучулар макаланын алдында ыраазычылыктарын билдирип, ал эмес фактчекерлерге көмөктөшө да башташты.

Аудитория кеңейип жатат, бирок бул дагы эле жетишсиз. Кеңири элге жетип, аларды кызыктыруу керек. Ошондуктан “Чекит Медиа” түзүлдү. Материалдарды социалдык түйүндөргө ылайыкташтырып, кайрадан форматтап чыгуу керек болду. Фейктер көбөйүп жаткан аянтчаларга, ошол эле  ТикТок менен Инстаграммга да, көңүл бурула баштады. Фейк маалыматтар көп кездеше турган дагы бир булак – мессенджерлер. Фейктер көп таратылган плафтормаларга барып, ал жакта да иш алып баруу керек.

Медиасабаттуулук. Эмнеден башташ керек?

Бардыгы эле, анын ичинде жаштар дагы, фактчекинг булактарын кызыгып окушпайт. Мастер-класстарды, тренингдерди өткөрүү учурунда аудиториянын толугу менен маалымдар эместигине жана медисабаттуулук көндүмдөрүн колдонбогондугуна күбө болобуз.

Ошондуктан башкы кеңештерибиз – фактчекинг булактарын окуп, ЖМКларды тандоого аӊ сезимдүү мамиле кылуу зарыл. ЖМКлар ар түрдүү болот, алар кайсы бир саясатчыларга тиешелүү болушу мүмкүн, мындайда бул саясатчылар тууралуу жаман сөз айтылбай. Баарынан жакшысы – маалыматты бир нече ЖМКлардан, булактардан алып, ага талдоо жүргүзүп кабылдоо.

Фейктер менен кантип күрөшүш керек?

Фейк-аккаунттар темасына көптөгөн журналисттик иликтөөлөр жүргүзүлгөн, алар фейк-фабрикаларга байланыштуу маселе азкыркыга чейин актуалдуу бойдон калып жаткандыгын көрсөттү.

Көз карандысыз ЖМКларга көптөгөн чабуулдар жасалды. Акыркы убактарда бул чабуулдарда мамлекеттик каналдардын кызматкерлери колдонула баштады – алар реалдуу аккаунттарды колдонуу менен буюртма постторду жарыялап келишет. Мындан сырткары басма сөз кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерин дагы бул чабуулга тартылып келет. Бул абдан коркунучтуу тенденция жана ал, муну моюнга алыш керек, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтө алды. Бул маалыматтык согушта фактчекерлер уттуруп койгон учурлар аз эмес, анткени аларда каршылаштарындай ресурстар, штат, каражат жана убакыт жок.

Маалыматтык дүйнөдө адам өзүн кантип алып жүрүүсү керек?

Эң жөнөкөй ыкма – аракеттерге чакырган эмоционалдуу тексттерге, шок контенттерге азгырылбоо. Сабырдуулукту сактоо зарыл. Факчекерлерге керек маанилүү сапат – эмоцияларды башкара билүү. Бул өтө татаал. Пропаганда өтө күчтүү иштеп жатканын моюнга алыш керек.

Маалымат фактыларга негизделе тургандыгын эч качан унутпаш керек. Эгерде текстте эмоционалдуу чакырыктар көп болсо, эмоцияларды такай таразалап туруу зарыл. Эгерде катуу тынчсыздануу жаралса, анда маалыматты башка булактардан текшерип көрүү абзел. Эгер адам өзүнүн жарылуу чегине жетип калганын сезсе, бул өтө оор болгонуна карабай колго китепти алып, социалдык түйүндөрдөн алаксыганга аракеттенүүсү керек. Жок дегенде эс алуу күндөрү эс алгыла. “Интернеттен” бул жашоого кайтып келгиле.

Алынып жаткан маалыматка, окуяларга иммунитетти калыптандыруу – туура эмес, себеби адамда бардык окуяларга, маалыматтарга кайдыгерлик пайда болушу мүмкүн. Мындай кырдаал журналисттик кесиптен сырткары адамдын эмоцияларына жана окуяларына байланыштуу көптөгөн башка кесиптерде дагы кездешет. Мындай кырдаалдарда баарынан жакшысы – тиешелүү адистерге кайрылып, эмоционалдык чарчоо боюнча сунуштарды кармануу. Мындай сунуштарды көптөгөн ачык булактардан тапса болот.

Былтыркы жылдагы окуялардан улам Украинадагы согуш боюнча чоӊ иштер жасалды. Калыстыкты карманганга аракет кылынып, орусиялык да, украиндик да фейктер төгүндөлүп жатты. Колдонуучулардын реакциясы ар кандай болду. Орусиялык фейктердин бети ачылганда, фактчекерлерди батышчылдар, «соростон жан баккандар», либералдар деп атап жатышты. Тескерисинче, украиндик фейктер төгүндөлгөндө, фактчечкерлерди “путиндин режимин” колдогондор деп күнөөлөштү.

Тилекке каршы, Орусия Украинага кол салганына бир жыл өткөндөн кийин, кыргызстандыктар үчүн Украинадагы согуш темасы адаттагыдай эле, көнүмүш тема болуп баратат. Ошол эле кезде биздин өлкө максималдуу түрдө параллелдүү импорт процессине тартылып, такай Батыштын санкцияларынын коркунучу алдында турат.

Ой-жүгүртүү менен иштөө – эӊ татаал. Бир жолку аракет менен эле адамдын көз карашын өзгөртүү дээрлик мүмкүн эмес. Өзгөчө, эгерде адам ошол эле кезде маалыматтык талаанын экинчи тарабынын таасири астында болсо. Көп нерсе адамдын дүйнө-таанымына, жашоодогу тажрыйбасына көз каранды. 

Пропагандалык булактардан сугарылып турган адамдар менен иштешүүнүн, мамиле куруунун сыйкырдуу ыкмалары жок. Майнапсыз талаш-тартыштардан качып, чагымчылдыкка алдырбай, нервти сактаган оң.

Автору: Тынымгүл Эшиева

Маектешкендери: Ярослав Тартыков, Асель Сооронбаева

Булак: https://factcheck.kg/ky/ne-poddavatsya-shok-kontentu-i-proveryat-informacziyu-glavnye-rekomendaczii-kyrgyzskih-faktchekerov-v-mezhdunarodnyj-den-faktchekinga/

Окшош посттор