Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Кызыктуу жана пайдалуу

Дистанциялык интервьюну кантип жаздырат – журналисттер үчүн 9 кеңеш

Дистанциялык интервьюну кантип жаздырат – журналисттер үчүн 9 кеңеш

Пандемия доорунда көпчүлүгүбүз кадыресе иштерди жаңыча ыкмалар менен жасоого көндүк. Үйдөн иштөө жана кызматкерлери ар кайсыл жакта жайгашкан редакциялар – бул көптөгөн журналистерге жаңы ченем болуп калды. Өзгөрүүлөр биз жасап жүргөн көнүмүш иштерге гана эмес, аларды аткарууга дагы таасирин тийгизет.

Көпчүлүк журналистика мектептери студенттерге интервьюну жеке жүргүзүүнүн канчалык зарыл экенин айтып келет, бирок азырынча бул мүмкүн эмес жана мындай кырдаал дагы бир топко созулушу ыктымал.

Бир макаламда мен сапаттуу интервью жаздырыш үчүн колдонууга керектүү 12 тиркеме жөнүндө айтып берген элем. Бирок атүгүл эң мыкты тиркемелер дагы жумуштун жарымын гана жасайт. Бизге, журналисттерге аларды канчалык натыйжалуу пайдалануу керектигин билүү зарыл, бул демек бизге ылайыктуу тиркемелерди тандоодон тышкары жаздыруунун практикалык өңүттөрүн дагы эске алуу керек дегенди билдирет.

Эгерде сиздерге дистанциялык интервью жүргүзүү керек болсо, анда журналисттерге кандай ЖМКда иштегенине карабастан керек боло турган тогуз ыкманы сунуштайм.

1. Колдонгула, сынагыла жана дагы бир жолу кайталап көргүлө

Биз коронавирус тесттери жөнүндө айткан жокпуз, бирок баштан өткөн тажрыйбадан жакшы кеңеш айтабыз: тиркемени ишке колдонгонго чейин иштетип, сынап көргүлө.

Маанилүү интервью алуудан мурда кантип жаздырууну жана андан кийин файлдарды кантип табууну түшүнүп алуу үчүн апаңызга, досуңузга же кесиптештерге чалыңыз.

2. Сизге үзгүлтүксүз иштеген интернет жеткиликтүү экенин текшериңиз

Ушул сериянын биринчи макаласында мен сунуштаган көпчүлүк тиркемелер интернет боюнча үндөрдү жеткирүү протоколун пайдаланат (VoIP), бул телефон линияларынын ордуна интернет аркылуу чалып сүйлөшүүгө мүмкүндүк берет.

Көпчүлүк учурларда бул тиркемелер жазылган файлдарды булут сактагычына сактайт, ошентсе дагы сиздин жабдууда жазуу функцияларын тандоо мүмкүнчүлүгү берилген.

Андыктан интернеттин жакшы сапаты, маалыматтарды жеткирүү үчүн абдан маанилүү. Начар интернет баарлашуунун сапатына гана эмес, видеону жаздырууга дагы терс таасирин тийгизет. Сөзсүз түрдө алдын ала байланыштын сапатын текшериңиз.

3. Интервьюну камераны колдонуп же анысы жок жаздырууну чечкиле

Дистанциялык интервью убагында маектешти көрүп турган жакшыбы же камераны өчүрүп койгон оңбу? Бул суроого бирдиктүү жооп жок, бирок интервьюга чейин кандай жолду тандайсыз жана коногуңуз эмнеге даярданышы керектигин чечип алуу керек.

Жакында Вашингтондо болгон иш-чара убагында Улуттук медиаклубдун Журналистика мектебинин өкүлдөрү Улуттук коомдук радионун алып баруучусу Терии Гросс жана The New York Times гезитинин The Daily подкастынын алып баруучусу Майкл Барбаро менен ушул тууралуу маектешкен.

Жазылып алынган тасмадан көрүнүп тургандай, алар баарлашып жаткан маектешти интервью убагында көрүп туруу керекпи деген суроого ар башкача жооп айтышкан.

Терри Гросс: Көпчүлүк интервьюну мен аралыктан алам… Анда эки катышуучу тең сүйлөшүүнү абдан жакшы угушу керек, анткени биз бири бирибизди көрбөйбүз, жаңдоолор менен ымдоолорду жана башка ыкмаларды колдоно албайбыз. Бирок бул формат мага артыкчылык берет – мен айрым сөздөрдү белгилеп жазып, күндөлүктөн же китептерден керектүү үзүндүлөрдү издей алам – ошол эле учурда маектеш менен көз караш байланышын жоготуп алам деп кыжаалат болбойм.

 

Майкл Барбаро: Сиз маектешти көрүп турган интервьюнун таасири күчтүү болушу мүмкүн. Бирок бул мен үчүн чечилип сүйлөшө турган тажрыйба, анткени мени эч ким алаксытпайт, алдымда мен баарлашып жаткан кишиден бөлөк эч ким жок. Мен тулку бой кыймылына байкоо салганды жактырам, мындай интервьюда мага кокустук элементи жагат.

4. Жаздырууга макулдук алгыла

Силер интервью ала турган адамга ал баарлашуу жаздырыла турганын сөзсүз түрдө айткыла. Аны менен бирге жазылган материал силерге эмне үчүн зарыл экенин дагы түшүндүрүш керек. Ал жаман максаттар үчүн пайдаланылбай турганын, интервьюда айтылган сөздөрдү туура берүү үчүн колдонулаарын айтып бергиле.

Негизи интервью жаздырыла турганын адамга маекти уюштуруунун жүрүшүндө айткан туура, анан баарлашууну жаздырып баштаганда кайталап эске салуу керек.

Көпчүлүк мамлекеттерде жаздыруу үчүн уруксат алууну мыйзам талап кылат. Атүгүл мыйзам жок болсо дагы ушундай кылган эң туура болот. Интервью берүүчү силерге айтып берген сөздөрдүн жазылып алынганы жакшы жана сүйлөшүп жаткан кишилер силерге ишениши үчүн аларга сый-урмат менен кайрылгыла, бул абдан маанилүү.

5. Тынч орун тапкыла

Атүгүл сиз интервьюнун жазуусун жарыялоону пландабасаңыз дагы маектеш менен сиз бири бириңерди жакшы уга алгыдай орун табыңыз. Материалдын үстүндө иштөөдө же аудиону кагазга түшүрүп жазууда ашыкча керексиз үндөрдүн жоктугу кандай маанилүү экенин баалайсыз.

6. Кулакчын жабдуусун пайдалангыла

Австралиялык журналист, подкастинг боюнча PodSchool онлайн-курсунун негиздөөчүсү Рейчел Корбеттин ушул материалын окугула, анда эмне үчүн «кулакчын – подкаст жазуусу үчүн эң маанилүү жабдуу» экени айтылган. Рейчел белгилегендей, кулакчындар сизге интервьюну жакшы жүргүзүүгө жардам берет, аны менен кошумча үндөр оңой табылат жана өчүрүлөт, үндүн бийиктиги жана коноктордун сүйлөгөнү азыраак оңдолот.

Атүгүл силер аудиону подкаст үчүн колдонууну пландабасаңар дагы анын сунуштамаларын эске алып койгон жакшы, алар жазууну оңойлотууга жардам берет.

7. Файлдардын камдык көчүрмөлөрүн сактагыла

Лэптоп сынып калышы мүмкүн, тиркеме иштебей калышы ыктымал, ошондуктан өзүңөрдүн файлдарды бир нече жерге сактагыла.

8. Аудиону кагазга түшүрүү үчүн аспаптарга көңүл бургула

Мындай аспаптар интервьюда айтылгандарды кагаз бетине түшүрүүгө жардам берет. Бул силер азыр үстүндө иштеп жаткан материалдар үчүн гана эмес, болочок долбоорлор үчүн дагы кереги тиет.

Чикагодогу Иллинойс университетинин журналистика профессору Майкл Рейли түзгөн жана дайыма жаңылап турган журналисттер үчүн аспаптар топтому (Journalist’s Toolbox) аудиону транскрипциялоо процессин тездетүүгө жардам берген акысыз аспаптар жана акы төлөнүүчү сервистердин пайдалуу тизмесин камтыйт. Көпчүлүк журналисттер бул жумушту анча жактырышпайт (андан жаман иш салыкты эсептөө гана болушу мүмкүн).

9. Үнгө визуалдык бөлүктү кошкула

Атүгүл сиз эгерде интервьюну текст жазуу үчүн колдонсоңуз дагы сиздин эмгекти коомдук медиада илгерилетүү үчүн аудиоклиптерди жасоого болот.

Ал үчүн мыкты аспаптардын бири – Headliner. Анын жардамы менен аудиону визуалдаштырууга болот, алар өзгөчө твиттер менен инстаграмда жакшы иштейт.

Anchor аспабы дагы аудиону сиз бөлүшүүнү каалаган коомдук платформага жараша ар түрдүү форматтагы кыска видеого айландырууга жардам берет,

Дагы кеңеш керекпи? Анда ушул ресурстарга көңүл бургула.

PBS NewsHour Student Reporting Labs – “Виртуалдык интервью жүргүзүү” (Conducting Virtual Interviews)

Damian Radcliffe/Journalism.co.uk – “Радио жана подкаст үчүн жакшы интервьюну кантип жаздырат – ал үчүн алты кеңеш». (Six tips to improve your radio and podcast interviews)

Кэти Мингл, 99%Invisible/Transom-дун улук продюсери – “Жакшы аудиону кантип жаздырат” (Get Good Tape (Sync))

NPR – Аудиону жөнөтүү боюнча NPR нускама +үйдөн даярдалган репортаждар: NPR корреспонденттери аны кандай даярдайт

IJNet – Мультимедиалык журналистика үчүн аспаптар топтому

 

Макаланын автору Дамиан Рэдклифф:

Орегон университетинин журналистика профессору, Колумбия университетинин алдындагы Тоу Санариптик журналистика борборунун кызматкери, Кардифф университетинин алдындагы Журналистика, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана маданий изилдөөлөр мектебинин ардактуу илимий кызматкери жана Королдук көркөм өнөрдү, мануфактураны жана сооданы колдоо коомунун мүчөсү (RSA). Ал алдыңкы журналисттер жана медиа жаатында адистешкен илимпоздор менен интервью жүргүзгөн Demystifying Media подкастын дагы алып барат.

IJNet, макаланын түп нускасы бул жерде.

Окшош посттор