ВВС England медиасынын маалыматтык журналистика боюнча кеңешчиси жана Биримингем университинин мугалими Пол Брэдшоу дата-окуяны айтып берүүнүн жети жолун сунуштайт.
1. Маселенин орчундуулугун түшүндүрүү: маселенин чоңдугун көрсөтүлүп, ага байланыштуу акыбал, контектс түшүндүрүлөт.
2. Окуянын өнүгүүсүн көрсөтүү: көрсөткүчтөр өсүп жатабы, жа түшүүдөбү.
3. Бир нерсе менен салыштыруу. Ар түрдүү убакыттагы, жерлердеги, категориядагы көрсөткүчтөр салыштырылат.
4. Айырмачылыктарын көрсөтүү, мисалы, картадагы ар башка түстөрдүн жардамы менен.
5. Интерактивди сунуштоо: тесттен өтүү, кайсы бир маалыматтарды киргизүү, чат-бот менен баарлашуу.
6. Ар түрдүү процесстердин, көрүнүштөрдүн жана маалыматтардын ортосундагы байланыштарды көрсөтүү.
7. Маалыматтарга байланыштуу маселени айтып берүү, эгерде алардын бар-жоктугу, же толуктугу, же тактыгы боюнча суроолор жаралса.
Макала толугу менен бул жерде (англис тилинде).