Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное из блогов

Сыртка чыкпаган ойлор…

Негизи мени дайыма ойлор курчап турат. Ар кандай ойлор. Мисалы: көчөдөн, окуудан, жумуштанбы, терс же жагымдуубу, иши кылып кандай окуяларга туш болсом, дайыма туурабы, туура эмеспи, жакшы көрөбү жаман көрөбү өз оюмду айтканга машмын.

Айталбаган учур болсо, ичимден «менин оюмча мындай …» деп калам. Ошол менин тентек ойлорумдун айынан ар кандай кырдаалга туш болом. Кээбирлер жаман көрүшөт, анан уруша кеткен учуларымда болот. Негизи адам өз эрки менен баардык иш аракеттерин башкара алат эмеспи. Мисалга: «колуң» бейтааныш адамдын сааттын кармагын келип жатса тыя аласың. «бутка» деле ошол мисал, «көздүкү» башкачараак, көргүн келбесе көздү жумуп алсан болот, «оозунду» да тыйып койо аласын, тамагын ооруп жатса суусап турсанда муздак суу ичпейсин, Ал эми «тилинди» тыйыш кыйыныраак болсо дагы, айрым учурларда айтчү сөздү айтпай койо аласын. Ал эми мен кеп кылып жаткан  ойлорумду эч тыя албайм, ойлобойун, алаксыйын десемда мээмди ээлеп алган ойлор  койо бербейт десең. «Жана минтип койсом болмок экен, эми минтип айтыш керек, тигиники тура эмес, ай ошондо жаңылган экенмин же тура эле кылдымбы» ушул сыяктуу ойлорду жаза берсек кагаз бетине батпайт. Ушул ойлор өмүр өткөнчө ээрчип жүрүп, көз жумаар алдында минтип ойлонсок керек «мен кандай жашап өттүм???» Бул сурроого ар кимдин ою аркандай…

Эми мен өз ойлорума кайтып келсем, башта жазгандай ойлорумдун көбү сыртка чыкпай калат кээде, бирок мээнин ичинде демократия, каалагандай ойлоном , ал ойлорума кайра каршы ойлорду издейм…

Эртен менен көздү ачаар менен ойлорум кошо ойгонот «турсамбы? же кичине жата турсамбы?» эми булар «дүжүрный» эмеспи.

Тайэнем 80дин кырына келседа, эски кишилер эмеспи баскан турганы тың, таң эрте турат, айтышынча өзунөн улуу кара мешке от жагуу менен алек болот. Ал киши көп “айтат эмки балдар, эмки тамак аш, эмки кийим кече,  иши кылып эмкинин баарына нааразы, анан озунукун баштайт мурда мындай эле тигиндей эле” деп. “Ой мыдайда”-деп талашпайм, макул болгондой түр көрсөтүп унчукпайм, бирок ичимден жооп ойлорум белен. Укканыма караганда ата энеме алардын ата энесида айтчу экен, биздин заман жомогун. Бул тээ жер каймактагандан, заман, муундар алмашкандар бери айтылса керек, ар муун өз заманына көнгөн, жакшы көрөт, азыркы муун бармак же болбосо манжалар анан мээнин заманындай, копүтер, уюлдук телефонду баскылап, мээни иштетип жумуш бүтүрсө болот. Сыналгынын башкаргычын баскандан коркон тейнеме эмки заман жакпаса керекда.

Эми менин эртең мененки ойлорума кайтып келейин, туруп сын алгынын иштетсең “Замана” берүүсү,  бул берүүнү да ойлорум жөн койо береби. Ойлоном. Бир күнү орусча бир күнү кыргызча, жанагы кыргыз тили деп кыйкыргандан көрө тилди таң эрте ушул заманадан башташ керекго. Сөз баккан, кыргыз тилин мыкты билген алып баруучулардан таап, кып кыргызча эле берүүлөрдү даярдаса болотта. Баамымда берүүнү айылдагы карапайым калк көбүнчө көрсө керек. Орус тилдүүлөрдүн көрөөрүнө козум жетпейт. Деп ойлонуп жумушка жөнөйм. Азыр кыш эшиктин суугун тайэнем минтип баалайт. «Ии бүгүн сууктун атасы өлгөндөй» Анан ошол суукта «маршрүткө» күтмөй. Кашайып эрте келегойобу ал дагы. Мен күтүп турган жерде “баннер” деп аталган жарнак илинчүү темир орнотулган. Шайлоодон кийин бош калган ал темирге кыштын чилдесинде Муздак чай деген бир суусундуктун жарнамасын илинип турат. Бир чети күлкүнү келтирсе бир чети таң каласың.  – 40 градус суукта жер тамдагылар короосундагы, көчөөлөрдөгү тонуп калган суу түтүктөрдү жылытып,  араң суу алышат. Кабат үйдө бөлмөну араң жылытып жатышат. Анан муздак суусундук ичип  ысылаган киши аз болсо керек. Бул бизди шылдындаган жарнактай сезилет, булда эч нерсе эмес Нарында -30-40 градус суук болуп жатса, кээде бизге бору ооруйбу? же кандай сыналгыдан -17градус деп койот уялбай.

Ушул суукта жашаштын өзү эрдик деген ойго жетеленип, келип калган унаадагы элге кошулуп, ойлор коштогон иш күнүм башталат.

Бул жазгандарымды окуп ойлонуп жатaсыңар “ушинтип кантип жазсын”. Эх ойлоор түгөнбөгөн ойлор…

2008-жыл. Нарын.

Теңир-Тоо

Окшош посттор