Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное из блогов

Кыргызстандагы 12 өзбек качкыны мажбур түрдө Өзбекстанга кайтарылган

Бул тууралуу Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун шейшемби күнкү билдирүүсүндө айтылат.

“2005-жылдан бери Кыргызстандан качкын макамын сурап кайрылган Өзбекстандын 12 жараны, мажбур түрдө өз мекенине кайтарылган. Өзбек качкындарынын аты-жөнү жана даректери тууралуу маалыматтарды кыргыз бийликтери Өзбекстандын төбөлдөрүнө жеткирип турат деген шектенүүлөр бар” деп жазылган документте.

Билдирүүдө буга бир канча фактылар да белгиленген: 2006-жылы август айында качкын статусуна расмий ээ болгондугуна карабай 5 өзбекстандык өз мекенине Кыргызстан тараптан өткөрүлүп берилген. Андан 2 аптадан кийин эле саясий баанек издеген дагы 5 өзбек жараны Ош шаарында жоголуп кетишкен. Human Rights Watchтун маалыматына ылайык, алар да кыргыз укук коргоо органдары тарабынан кармалы Өзбекстанга өткөрүлүп берилген.

Мындан башка 2008-жылы 2 качкын дагы коңшу өлкөнүн колуна кыргыз бийликтери тарабынан тапшырылган.

“Диний көз карашына жана башка жагдайларга байланыштуу куугунтуктарга кабылып Өзбекстандан чыгып кеткен качкындарды жана баш паанек издегендерди коргоо жагынан Кыргызстан өтө начар репутацияга ээ. Кыргызстан өзүнүн аймагында качкындарды жана баш паанек издегендерди коргоого милдеттүү жана аны кайра өз өлкөлөрүнө кайтарбашы керек. Качкындарды өз мекенинде кыйноолор жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу күтүп турат”,- деди Human Rights Watchтун Борбор Азиядагы иликтөөчүсү Михра Риттман.

Укук коргоо уюму БУУнун качкындар боюнча башкармалыктын башкы коммиссарын өзбек жарандарына качкын статустарын берүү жана аларды үчүнчү өлкөгө чыгып кетүү жактарын тездетүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын Ханабад шаарынан 2008-жылы качып келген качкын Шухрат Мусин 18-февралда Бишкекте жоголуп кеткен. Ал арада кыргыз соттору өзбекстандык Хабибилла Сулаймановду өз өлкөсүнө кайтаруу ишин карап жатат.

Сүрөт Интернеттен алынды

Эрнис Нурматов, “Анделек” блогу

Окшош посттор