Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Интересное из блогов

«Көч байланыш»

КАПТАГАЕВ Эмилбек Саламатович. Кыргыз Республикасынын Президентинин
Этностор аралык мамилелер бойунча Кеңешчиси.

         КӨҢҮЛ БУРГУЛА!
      «КӨЧ БАЙЛАНЫШ»

Кыргыз Республикасынын Президентинин  Этностор аралык мамилелер бойунча Кеңешчиси КАПТАГАЕВ Эмилбек Саламатович мырза менен өткөрө турган «КӨЧ БАЙЛАНЫШ» ишемби, жекшемби (18-19-майда) күндөрү Бишкек убактысы бойунча саат 19-00 дөн 22-00 гө чейин өтө турган болду.

Урматтуу «КӨЧМӨНДӨР», «КӨЧ БАЙЛАНЫШТЫН» кыскача эрежелери жана тартиби менен таанышып алыңыздар!.

1. Байланыштын мааниси жана негизи, олуттуу маселеге айланып турган эне тилибиздин өсүп-өнүгүшүнө, анын мамлекеттик тил катары калыптанышына, жалпы эле кыргыз баалуулуктарына жана бүгүнкү күндөгү ушул багытта жасалып жаткан кадамдардын оң жана терс көрүнүштөрүн аныктап билгенге болгон кадам, аруу тилектер жана аракет. Эмилбек мырзага дал ушундай көйгөйлөргө жана багыттарга байланышкан суроолордун берилиши кажет.

«Карындагы баланын, кан болоорун ким билет, бешиктеги баланын, бек болоорун ким билет». КР Президентинин Кеңешчиси Эмилбек КАПТАГАЕВ дин үч жаштагы кези.

2. «КЫРГЫЗ КӨЧҮ» мекенчилдер тобунун басымдуу көпчүлүк мүчөлөрү чет өлкөдө жашап жана иштеп жүргөн боордошторубуз болгондуктан алардын көкүрөгүн өйүгөн көптөгөн маселелери бар экенин жакшы билебиз. Андыктан ушул жаатта дагы сууроолорду дайардап, ыңгайлаштырып берсеңиздер болот.

3. Саясат, дин жана Эмилбек мырзанын жеке өзү менен ишмердүүлүгүнө байланышкан суроолорду берүүгө тыйуу салынат.
4. Суроолорду колдон келишинче кыска-нуска, алыңардын жетишинче аргументтештирип туруп так жана даана, түшүнүктүү кылып жазып берсеңиздер?
5. Эгерде жогорудагы тыйуу салынгандай, тартипти бузган, эрежеден тышкаркы суроолор берилип калган болсо модераторлор тарабынан токтоосуз өчүрүлөт. Ага капа болбойсуздар!.

Кадырлуу «КӨЧМӨНДӨР», Ааламтор (интернет) алкагында эң алгачкы кадам болуп жаткандыгына байланыштуу бул аракетибизде аздыр-көптүр жетишпеген, туура эмес кемчиликтер болуп калышы дагы толук мүмкүн. Ошондуктан андай кемчилик болуп кетсе аны да туура түшүнүү менен кабыл алыңыздар!?

Толугу менен

Окшош посттор