Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Сөз эркиндиги

Телеканал калыстыктан тайыганда…

НТС телеканалы “Ата Мекен” фракциясынын лидерлерин каралаган берүүлөрдү чыгарышы коомчулукта кайчы пикирлерди жаратты.

Аталган маалымат каражатынын бул кадамы “Азаттыкта” “Арай көз чарай” талкууланды.

Талкууга “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбеков жана Би-Би-Синин кыргыз кызматынын мурдагы продюсери, журналист Арслан Капай уулу катышты. НТС телеканалынын башкы директору Бакытжан Аманов тегерtк столго катышуудан баш тартты.

“Азаттык”: НТС телеканалынын өткөн жумадагы “Ата Мекен” фракциясына карата маалымат чабуулу көрүүчүлөрдүн түрдүү пикирин жаратты. Аталган телеканалга экинчи тараптын, башкача айтканда, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрүнүн да пикирин алып, көрсөтүп коюусуна эмне тоскоол болушу мүмкүн?


Орунбеков: Бул көрүнүш Кыргызстандагы журналистиканын абалын дагы бир ирет көрсөттү. Кыргызстанда журналистика маалыматтын чындыгына же калыстыкка эмес, кайсы бир саясий күчтөрдүн, саясий топтордун же болбосо акча сунган адамдардын кызыкчылыгына ойноп кеткен учурлар бар. Ошондуктан, угарман-көрөрмандар кайсы бир окуянын чоо-жайын түшүнбөй калып атат. Бул жерде калыстыктан тайган жагдай ачык көрүнүп калып жатат. НТСтин бул аракеттери журналистиканын эрежелерине, стандарттарына да сыйбайт.

“Азаттык”: Телеканалдын жетекчиси Бакытжан мырза менен телефон аркылуу байланышканыбызда ал тиешелүү редакторлор иш сапарда болгондуктан, берүү комментарийсиз кетти деген себебин билдирди. Комментариийсиз деген берүүлөр кандайча эфирге коё берилиши керек, Арслан мырза? Мисалы дүйнөлүк маалымат каражаттары деле “комментарийсиз” деп маалымат берет…


Капай уулу: Кайсы бир көрүнүштү комментарийсиз берүүнүн да өзүнчө эрежелери бар. Мисалы дүйнөлүк маалымат каражаттары кайсы бир окуяларды “комментарийсиз” чагылдырууда кызыл-жаян кан төгүүлөрдү көрсөтпөйт, ал жерден чакырык-пикирлер кетпейт, алар дагы көрүүчүлөрдүн укугун, табитин сыйлашы керек.

Ошондуктан, бул жерде НТС жетекчисинин “редакторлор жоктугунан комментарийсиз кетти” дегени куру шылтоо. Алар жок болсо дагы, телеканалдын редакциялык саясаты болушу керек эле. Демек, редакциялык саясаттын жоктугунан көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан эки-үч сааттык берүүлөрдү коё берип коюп атышпайбы. А мунун жоопкерчилигин ким алат?

“Азаттык”: Журналистикада “кыянатчылык кылба” деген эреже бар. Ага ылайык маалымат каражатынын же журналисттин жазган маалыматы эл ичинде жаатташууну козутуп, саясий кырдаалды курчутууга түрткү болуп калбашы керек. Бул жерде андай болбойбу, Бакыт мырза?

Орунбеков: Биздин алдыга умтулган коомдо бардык эрежелердин эл аралык стандарттарын үйрөнүүгө аракет жасап жатпайбызбы, ошондой эле жалпы дүйнөдө маалыматка болгон калыстык мамиленин да эл аралык эрежелерин үйрөнсөк жакшы болот эле. Угарман менен көрүүчүгө коомдук пикир түзүп, коомду туура маалыматка жетелөө – журналисттин ыйык милдети. Мисалы: ар бир окуяга карама-каршылыктуу пикир туулуп аткан соң, сөзсүз түрдө экинчи тараптын да пикирин берүү керек.

Мына мен өкмөттүк маалымат каражатында иштейм. Ошентсе да биз азыркы кырдаалды өкмөткө ыңгайлаштырып чагылдырбай, аларды сындаган пикирлерге да гезит бетинен орун берүүгө аракет кылып жүрөбүз.

“Азаттык”: Балким ушул НТС телеканалы таандык деп айтылып жүргөн өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов өзү “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрүн каралаган маалыматтык чабуул жүрүп жатканын билбестир? Бул жерде журналисттер макалдатып айтканда “артык кылам деп тыртык” кылып жиберишкен жокпу?

Капай уулу: Муну албетте Бабановдун маалымат катчыларынан сурап көрүү керек. Бирок менимче, мынчалык чоң деңгээлдеги үгүт кампаниясы өкмөттүн уруксатысыз болбойт эле…

Талкуунун толук версиясы (аудио) менен http://www.azattyk.kg/content/kyrgyzstan_media_freedom_of_speech/24683021.html шилтемесинен тааныша аласыздар.

Булак: “Азаттык” радиосу

Окшош посттор