Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Сөз эркиндиги

Назгүл Мамытова, “Ачык саясат+” гезитинин башкы редактору, “Алиби” гезитинин экс-башкы редактору: Бакиев бийлигин “Алиби” менен “Ачык саясат” кулатты”

Назгүл Мамытова, “Ачык саясат+” гезитинин башкы редактору,  “Алиби” гезитинин экс-башкы редактору: Бакиев бийлигин “Алиби” менен “Ачык саясат” кулатты”

– “Алиби” гезитинин редакциясына кантип баш багып калдыңыз эле? 

– Ал күндү мен эч качан унутпайм. 2008-жылдын 28-октябры эле. Мен “Алиби” гезитине келгенге чейин “Кыргыз караван”, “Шоу Бум” өңдүү бир топ гезиттерде иштегем. Бирок, “Алибинин” активдүү окурманы болчумун. Ошол маалда “Алиби” гезити жабылып, ордуна “Ачык саясат” гезити чыгып калган. Анан бир күнү гезиттен “журналисттер кабыл алынат” – деген жарыяны окуп калдым.

Анан дароо гезиттин редакциясына баш багып, ошол кезде редактордун орунбасары Рыскелди Момбековго жолуктум. Рыскелди байке мени жылуу кабыл алып, макала жазып келүүмдү айтты. Ал кезде кымбатчылык элдин көкөйүнө тийип турган убак эле. Мен ошол темада макала жазып келдим. Рыскелди байке макала менен таанышып, гезитке берип, Бабырбек Субановичтин наамына ишке алуу боюнча арыз жаздырды. Анан агай менин арызымды кабыл алды. Мен “Ачык саясат” гезитинин эң кенже кабарчысы болуп калдым. Мына ошентип, саясий гезиттеги алгачкы иш күндөрүм башталды. Ал учурда Бабырбек агай түштүк тарапка командировкага көп чыгаар эле. Ошол себептен коллектив Рыскелди байке менен иш алып барчубуз. Мен иштеген күндөн тарта эле Рыскелди байке мага тапшырмаларды берип, багыт берип турду. Ал талапты катуу кое билген, ошол эле учурда коллективдин көңүлүн ала билген жетекчи.

– Сиз “Алибиге” кайсы жылдары редактор болдуңуз? 

– “Алиби” Бакиевдер тарабынан жабылгандан кийин “Ачык саясат” гезити жарыкка чыгып турду. Анан ортодо оппозицияда Алмазбек Атамбаев менен Темир Сариевдин ортосундагы атаандаштыктан улам “Ачык саясат” гезити да жарыкка чыкпай калды. Ошондой эле Башкы редактор Бабырбек агай менен редактордун орунбасары Рыскелди байке экөө эки башка позицияны тандап алышты. Ошентип, эки жетекчинин эки башка позициясынан улам “Ачык саясат” гезити жарыкка чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Мындан улам Рыскелди байке өзүнүн командасы менен “Эл сөзү” гезитин ачып кетти. Ал эми Бабырбек агай менен биз “Назар” деген гезитти жарыкка чыгардык. Мына ошол учурда биздин редакция эң оор күндөрдү башынан өткөрдү. Өзүңүздөр билесиздер, Бабырбек агайдын уулу Равшан Жээнбеков саясий куугунтуктун айынан АКШда жүргөн. Бабырбек Субанович жалгыз абдан кыйналды. Бийлик бир жагынан кысып турду. Жаш болсом да ошол учурда агайдын кыйналганын жүрөгүм менен сезип, түшүнүп турдум. Бирок, агай сынган жок, мокогон жок! Агайдын көктүгүнө ошондо тан бердим. Ал сабырдуулугу менен, оор басырыктуулугу менен, чыдамкайлыгы менен, көктүгү менен бардык кыйынчылыкты жеңди. Башын жерге салган жок. Ошол учурда иштеп жаткан журналисттер Нурбүбү Бөдөшова, Машакбай Рахманкулов, Заирбек Бактыбаев, Гүлниза Молдокулова, раматылык Таалай байке, Турат Жаманкулов, Гүлзат Шамбеталиева, Наргиза Сатылганова кыйын мезгилде редакция үчүн, Бабырбек агай үчүн бекем туруп беришти. Биз баарыбыз чогулуп, ынтымак менен иш алып барып, эки-үч айлап айлык албай, бир нанды бөлүп жеген күндөр өттү. Бабырбек байке кыйынчылыкка кандай чыдаса, коллектив да ошондой чыдап, бекем болду. Редакцияга жатып, таң атканча макала жазган күндөр болду. Бакиев бийлиги ошонусу менен биздин эсибизде калды. Мен ошол учурда кыйналып иштегенимди милдет кылбайм. Кайра ошол кыйналган, уйку көрбөй иштеген мезгил мага дем берип турчу. Кийинки эмгек жолумдун өрчүшүнө, карьерамдын өсүп-өнүшүнө зор күч-кубат берди десем болот. Мен Бабырбек агайдан чыдамкайлыкты, сабырдуулукту жана кагаз менен, далил менен иштегенди үйрөндүм. Агайдын иштеги көктүгү да менде калды. Азыр кесиптештерим “Назгүл, сен Бабырбек байкенин эле өзү болупсуң” – деп күлүп калышат. Ал эми Рыскелди байкеден эмгекчилдикти жана жоопкерчиликтүү болууну, талапты катуу кое билгенди үйрөндүм. Анан бул жерде Иляс Өмүралиевдин да эмгегин баалап кетпесем болбойт. Гезиттин нускасынын көбөйүшүнө анын да салымы бар десем болот. Ал тууралуу Бабырбек байке өзү деле айтса керек.

Сурооңуздан алыстап кеттим окшойт. “Алиби” гезити 2009-жылы Бакиевдерге бир миллион төлөп берип, сот тарабынан камактан чыгарылды. Анан алгачкы санын Нурбүбү Бөдөшова, Машакбай Рахманкулов баштаган баягы эски коллектив жарыкка чыгардык. Ошол кезде Нурбүбү эже башкы редактор, мен орунбасары болгом. Ошол эле учурда баягы эки жетекчинин эки башка позициясынан улам жарыкка чыкпай калган “Ачык саясат” гезитин кайрадан биздин редакция жарыкка чыгара баштадык. Ошону менен уюткулуу “Алиби” гезитинин редакциясынан “Алиби”, “Ачык саясат”, “Назар” аттуу үч саясий гезит жарыкка чыгып, биринен сала бири коомго чындыкты жеткирип, кыйын мезгилде карапайым эл менен бирге болду. Бабырбек агай үч гезит менен, үч гезиттин патриот журналисттери менен бирдикте кылмыштуу, кландуу бийликти кулатууга чоң салым кошту. 7-апрель окуясынан кийин, 2010-жылдын август айында, 25 жашымда “Алиби” гезитинин башкы редактору болуп дайындалдым.

– Сиз үчүн саясий гезитте редактор болуп, бир чоң коллектив менен иш алып баруу оор болгон жокпу? 

– Мен башынан бул редакцияда, ушул эле журналисттер менен иштешип келе жаткандыктан, мага оор деле болгон жок. Менин учурумда парламенттик шайлоо болду. Парламенттик шайлоодо объективтүү позицияны тандап алдык. Нурбүбү Бөдөшова мага көп акыл-насааттарын айтып, көп жардам берди. Ар тараптан колдоо көрсөтүп турду. Кээ бир маселелерди Бабырбек агай менен акылдашып, иш кылчумун. Анан, албетте, ар бир иште интрига, көралбастык деген нерсе эзели кетпейт да. Анысы кандай биздин редакцияга көптөгөн журналисттер келип иштеп кетти. Адам деген ар кандай болот эмеспи. Бардыгыбыздын эле терс жактарыбыз бар да. Бабырбек агай мени кызындай көрчү. Абдан ишенчү. Анан ортодо бузукулар болуп, пикир келишпестикти жараткан учурлар болду. Бир жолу эсимде мен “агайга келип, агай мен редактор болуп иштей албайм” дедим. Ошондо агай “Эмнеге иштей албайсың? Сенден чоң журналист чыгат. Эмне, чоң журналисттердин баары эле дароо көтөрүлүп кетиптирби? Мына сага окшоп эле көптөгөн кыйынчылыктарды басып өтүшкөн. Атын айтпай эле коеюн бир журналист эжени айтып, “Сен эмне ошондон кемсиңби. Керек болсо сен андан да бийик болосуң” деген эле. Ошондо кубанганымды айтпаңыз. “Чын эле менден чоң журналист чыгабы?” деп. Агайдын ошол сөзү менин намысыма тийген. Ошондон бери чоң журналист болоюн деп тынбай, сынбай эмгектенип келе жатам. Мен “Алиби” гезитинин эң кенжеси жана эң эркеси элем.

– Редакция менен тыгыз байланышта оппозициянын кайсыл адамдары иштешчү эле? 

– Мен иштеп баштаганда өлкөдө саясий кырдаал абдан курчуп турган учур болчу. “Алиби” гезити жабылды. Бабырбек агай камалып, кайра бошотулду. Бирок, ошондо да курчуп, мокоп калбастан, чындыкты “Ачык саясат” аркылуу коомго жеткирип турду. Менин эсимде калган маанилүү окуяларды айтсам, ошол кездеги оппозиция мүчөлөрү биздин редакциядан чыкчу эмес. Алардын бизден айырмасы саясатчы гана болгону менен, эртең менен ишке келгенсип келип, кечке чейин ушул жерде жүрүшчү. Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Туратбек Мадылбеков, Өмүрбек Текебаев, Топчубек Тургуналиев ошондой эле Роза Отунбаева да келип калчу. Алар коомго үнүн ушул “Алиби”, “Ачык саясат” гезиттери аркылуу жеткиришээр эле. Алар революцияны дал ушул “Алиби”, “Ачык саясат” гезиттери аркылуу жасады деп мен айта алам. Өкүнүчтүүсү, алар азыр ошол күндөрүн унутуп калышты. 7-апрель окуясы болуп, Убактылуу Өкмөт бийликке келди. Бирок, алар “Алиби” гезитинин редакциясына кайтып келишкен жок. Ал гана эмес гезиттин журналисттерине маек бергенден да качкан күндөрү болду. Ачыгын айтканда, Бакиев убагындагы оппозиция өздөрүнүн чыныгы жүздөрүн көрсөтүштү. Менде аларга болгон ишеним калган жок. Менде эле эмес, жалпы эл деле ишенбей калбадыбы аларга.

– Эсиңизде калган окуялардан айтып берсеңиз? 

– Бир жолу Өмүрбек Текебаев тууралуу порно диск чыгарылган. Ал кезде мен “Ата-Мекен” партиясынын позициясын, принциптерин колдогон фанат мүчөсү элем. Анан Рыскелди байке мага тапшырма берип, “ошол диск боюнча гезиттердин башкы редакторлорунун пикирин ал” деди. Ошол күн эсимден кетпейт. Буту-бутума тийбей чуркап, жети-сегиз редактордун пикирин алып материал даярдагам. Беловодскидеги Петровка окуясы. Эркин Булекбаев, Сапар Аргынбаев, Уран Рыскуловдун камакка алынышы. Бир жыл бою сот процессинин жүрүшү. 2009-жылдын март айында Аликбек Жекшенкуловдун камалышы. Аликбек агай камалаарына бир жума калганда мен интервью алып кеткем. Көпкө созулган соттук процессте Исмаил Исаковдун сот залынан камакка алынышы. Ошондо аябай ыйлагам. Анан албетте, “Ачык саясат”, “Назар” гезиттеринин Бакиевдер тарабынан жабылышы, биздин редакция кызматкерлери акыйкаттыкты талап кылып, нааразычылык акциясына чыкканбыз. Аябай чоң окуя 7-апрель менен июнь коогалаңы болду. Июнь коогалаңы болордун астында мен түштүктө болчумун. Анан 10-июнда эртең менен Бишкекке келдим. Согуш ошол түнү башталды. Бир жумадан кийин кайра түштүккө сапар тарттым. Ал күндөр менин өмүрүмдөгү эч качан унутулгус күндөр.

– Сиздин оюңузча Бакиев бийликтен кеткенден кийин өзгөрүү болдубу? Азыркы бийлик менен Бакиев бийлигинин айырмасы эмнеде?

– Айырмасы бир эле нерседе – Бакиевдер бийликте жок. Ал эми бакиевчилер мурдагысындай эле иштеп жатышат. Айрымдары депутат болуп отурушат. Бийликке келген оппозициянын таза бийлик, элдик бийлик орнотууга күчү, эрки жеткен жок. Балким бул жерде биз билбеген сыр бардыр. Эми бардыгын тарых таразалайт демекчимин.

– “Алиби” гезитине каалоо-тилегиңиз? 

– “Алиби” ар дайым чындыктын жарчысы болсун. Ишиңиздерге ийгилик. “Алибинин” кубанычы – менин кубанычым! “Алибинин” ийгилиги – менин ийгилигим! “Алибинин” жолу шыдыр болсун! Устаттарым Бабырбек агайга, Рыскелди байкеге терең ыраазычылык билдирем!

Маектешкен Болотбек Таштаналиев, Булак:http://www.presskg.com/alibi/12/0918_9.htm

Сүрөт: “Алиби”

Окшош посттор