Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жалпы

Окуяларды гендердик сезгичтик жактан чагылдыруу жана медиасабаттуулук аркылуу экстремизмди жайылтууга каршы аракет көрүү боюнча колдонмо

Автор: Гүлнара Ибраева, ГүлнураТоралиева

Басма: RESEARCH, DATALAB, ПРООН

Чыккан датасы:

Китепти жүктөп алуу: pdf, fb2, mobi, epub

Китеп тууралуу:

Бул колдонмо Кыргызстандын жалпыга маалымат каражаттарынын редакторлору жана журналисттери, ошондой мамлекеттик органдардын маалымат кызматтарынын колдонуусу үчүн арналган.

Азыркы мультимедиялык байланыш доорунда мамлекеттик органдардын маалымат кызматкерлери да байланыш куруучулар (коммуникатор) болуп эсептелет жана көп жагынан журналисттер менен ЖМКнын ишине өңдөш милдеттерди аткарат, андыктан бул колдонмодо журналисттерге багытталган маалымат мамлекеттик органдардын маалымат кызматкерлерине да багышталат. Анан калса, маалымат кызматтарынын оң натыйжалуу иши журналистика менен медиа-рыноктун жанрларын мыкты түшүнө билишин болжойт.

Бул колдонмонун жардамы менен окутуунун натыйжасында журналисттер жана мамлекеттик органдардын (маалымат кызматынын) кызматкерлери маалымдоо жана окуяларды чагылдыруу аракеттерин гендердик сезгичтик менен жүргүзүү, ошондой эле гендердин жалпы концепцияларын түшүнүү боюнча билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушат. Мындан сырткары, колдонмо зомбулуктуу экстремизмдин жайылтылып жатышын аныктап таанууга жана медиа-сабаттуулук аркылуу анын таасирине каршы турууга мүмкүндүк берүүчү тактикалар жөнүндө түпкүлүктүү тушүнүктөрдү берет.

ЖМКнын башкы иш максаттарынын бири адам укуктары сыйлануучу, сакталуучу жана корголуучу коомду курууга салым кошуу болуп эсептелет. Журналистикада укук коргоочулук көз караштарды колдонуу менен, журналисттер өз ишинде адам укуктарын алдыга жылдырып, урматтап, коргоп жана сактай алат.

Журналисттер жана коомчулук менен байланыш боюнча адистер өзүлөрүнүн күндөлүк ишинде күн тартибине жана коомдук пикирге таасир кыла алат. Бул иштин олуттуулугун жана маалыматтык таасирдин күчүн толук түшүнүү коомчулук менен байланыш боюнча адистер, журналисттер жана ЖМК кызматкерлери коомдук пикирдин калыптанышына олуттуу таасир кыла ала тургандыгын айкын көрсөтөт. Алар ачык ой-пикирди калыптандырып жана гендердик белгиси боюнча кемитип-кемсинтүүчү стереопатиптерден эркин жана зомбулуктуу экстремизмге үгүттөө аракеттерине каршы тура ала турган тең укуктуу коомду өнүктүрүүгө багытталган коомдук талкууну жаратууга түрткү бере алат.

Журналисттер өзүлөрүнүн байланыш-катыш көндүмдөрүн жана ЖМКны пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн тиги же бул окуя жөнүндө маалымдоо үчүн гана эмес, аны терең талдоо үчүн да колдоно алат. Кайсы бир деңгээлде бул мамлекеттик органдардын маалымат кызматтарына жана коомчулук менен байланышуу боюнча адистерге да тиешелүү. Көйгөйлүү окуяларды бир нече көз караштан ар тараптуу талдап жана чагылдыруунун жардамы менен журналисттер жана коомчулук менен байланышуу боюнча адистер көбүрөөк маалыматка ээ коомду калыптандырууга өз салымын кошо алат; андай коомдо бир топ жогорку деңгээлдеги маалымдуулук калкы окуялар туурасында көбүрөөк кабардар жана активдүү болгон коомдун жарандык аң-сезиминин өсүшүнө түрткү берет.

Журналист жаратуучу материал болгон окуя жөнүндө кабар берүүдөн тышкары, окурманды окуяга сын ой менен кароого, эмне себептен коомдо тиги же бул окуя болуп жаткандыгын ойлонуп түшүнүүгө түрткү берүүнү көздөйт. Эң мыкты дегенде, мындай түшүнүп маани берүүнүн натыйжасы сүрөттөлгөн көйгөй боюнча адамдын жана жарандын оң өзгөрүүлөргө багытталган иш-аракети болот.

Окшош посттор